Перейти к содержимому

Региондогу КТАД жанылыктар

жанылыктар КТАД

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 15

#1 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 31 Январь 2013 - 01:37

Региондогу КТАД жанылыктар

#2 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 04 Февраль 2013 - 11:47

КК Чон-Алай

Урматтуу коллегалар,

Биздин райондо Консорциумдун коомдук кабыл алуусунун ачылгандыгын, жарыялагандан кийин коомчулук менен жакшы жолугуушулар болду.
Январь айында райондогу билим беруу тармагынын кызматкерлери менен жолугушуп, коомдук кабыл алуунун милдеттери, иштоо тартиби жана 5-7-декабрда, 23-24-январда откон тренингдердин материалдары, максаттары менен таанышышты. Чон-Алай айылдык кенешинин депутаттарынын чакыруусу менен алардын заседаниясына катышып ИПДО боюнча милдеттерди баяндап бергенден кийин, жакшы талкуу болду. Жергиликтуу кенештин заседаниясына Кашка-Суу, Жекенди айылдык кенешинин торагалары да катышышты. Жакында боло турган район боюнча жергиликтуу кенештердин депутаттарынын кошмо заседаниясына келип ИПДО жана коомдук кабыл алуунун жумуштары боюнча маалымат угууну суранышты. Дароот-Коргон, Чак айылдарынын тургундары менен да ушундай мааниде жолугушуу отту. Компаниялар боюнча озунор форумдан окугандай ОсОО "Кайди" компаниясынын иши 3 айга ведомоствонун техинспекция тарабынан токтотулган. Алар азыр иштей элек.

#3 eelmira

eelmira

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 19 сообщений

Отправлено 12 Февраль 2013 - 19:34

Таластагы алтын кендеринин тагдырын чиновниктер эмес, жергиликтүү эл чечет, - Талас облусунун тургундары
12 февраль 2013, 13:27
Баракелде - Таластагы алтын кендеринин тагдырын чиновниктер эмес, жергиликтүү эл чечет, деп билдиришти Талас облусунун жергиликтүү тургундары Зарылбек Анарбаев, Серен Шейшенов, Малик Тайгожоевдер бүгүн, 12-февралда АКИpress маалымат агенттигинде өткөн жыйында.
С.Шейшеновдун айтымында, 8-февралда Манас Ордо комплексинде республиканын 7 дубанынын өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өткөн. Анда алтын кендерине байланышкан бир нече чечимдер кабыл алынган.
1.Кыргыз Республикасынын негизин жана каада-салтын түзгөн нарк-насылын колдонуу менен бирге башка улуттар арасында ынтымакты, өкмөт тарабынан экологиялык тазалыкты сактоого чакырабыз.
2.Талас облусунун алтын кени чыккан жерлерге 50 жылга мораторий жарыялоо.
3.Кыргызстанда жашаган кыргыздардын жана башка улуттардын Улуттук улуу жыйынынын комитети түзүлсүн.
4.Жыйында кабыл алынган резолюция президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жөнөтүлсүн.
«Мына ушундай чечимдерди кабыл алдык. Бүгүнкү күндө Талас облусундагы Жерүй, Талды-Булак, Андаш алтын кени чыга турган жерлерде мыйзамсыз иштер жүрүүдө. Аларга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көмөктөшүп жатат. Эл менен эсептешкен эч ким жок. Ошондуктан, биз кен өндүрүүгө каршыбыз. Былтыр июнь айында ЖК депутаттары «Жер казынасы» боюнча мыйзамды кабыл алышкан. Ал жерде 53 берене болсо, анын 23ү кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келет. Мындай мыйзамдын кабыл алынышына жергиликтүү эл нааразы», - дейт ал.
Ал эми З.Анарбаевдин айтымында, Талас облусунда жогоруда аталган үч кен чыга турган жерден башка «Жамгыр» кен чыга турган жер бар. Ал бүгүнкү күндө иштетилип жатат. Алар алтынды өндүрүп, андан чыккан уулуу заттарды ачык эле талаага төгүп жатышат. Ал ошол аймактык аккан суу аркылуу кайра айылга келүүдө. Анын кесепетинен айыл тургундары ар кандай оорулар менен ооруп, экология бузулуп жатат.
«Таласта алтын казуунун кажети жок. Алтын өндүрүүдө колдонулган цианид элди тукум курут кылат. Эгерде алтынды алабыз дешсе, илгери эле орустар алышпайт беле. Алар бул жерлер жергиликтүү эл үчүн кооптуу экенин билишкен. Ошого байланыштуу алтын өндүрүшкөн эмес», - дейт ал.
Талас облусунун тургундары кошумчалагандай, кен чыга турган жерлердин тагдырын чиновниктер эмес, жергиликтүү эл чечет. Эл менен эсептешүү керек. Кен өндүрүүгө эл каршы. Март айында республиканын бардык аймактарынан өкүлдөр чакыртылып, Улуттук улуу жыйындын чогулушу өткөрүлөт. Ал жактан бардык маселелер чечилет.

#4 admin

admin

    Администратор

  • Администраторы
  • 22 сообщений

Отправлено 19 Февраль 2013 - 18:08

Сообщение от Alymova Abdirashida
19/02/13
Ушул жылдын 30-январь куну Булак-Башы айылында таза суу менен камсыздоо тармагынын курулушу башталып, анын пайдубалына атайын капсула салынды.
Салтанаттуу окуяга "Казакмыс Голд Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору И.Тулекеев, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Рыскулов, Кок-таш айыл аймагынын башчысы А.Алымов, Ала-Бука райондук ардагерлер кенешинин торагасы Д.Шабдановдор катышты. Алар "Булак-Башы айылына ичуучу таза суу жеткируу" долбоору башталгандыгын жарыялап, курулуштун пайдубалына атайын капсуланы салышты. Учурда республикабыздын аймагында кайсы жерге барайлы, таза сууга болгон муктаждык, таза суу койгойу кадыресе конумуш, чечилиши татаал социалдык маселе. Айрым статистикалык маалыматтарга таянчу болсок, олкобуздогу айылдардын 60 пайызы ичуучу таза суу менен камсыз болгон эмес.Ушундай оор шартта Булак-Башы айылынын эли таза суу маселесин чечуунун жолун табышып, кубанычтары коюндарына батпай турган кездери. Кок-Таш айыл аймагы тарабынан "Булак-Башы айылынына ичуучу таза суу жеткируу" долбоорун даярдалып, долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин стимулдаштыруучу гранттары тарабынан каржыланууга откон. Ошентип долбоор негизинен олконунун Финансы министрлиги тарабынан каржылана турган болду. Ал эми, "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясы да долбоордун ишке ашышына оз салымын кошууда.Белгилей кетчуу нерсе, Булак-Башы айылында курулушу башталган таза суу менен камсыздоо Кок-Таш айыл аймагынын тарыхындагы эн алгачкы долбоор.

#5 Akmat Min-bulak

Akmat Min-bulak

    Новичок

  • Пользователи
  • Pip
  • 1 сообщений

Отправлено 20 Февраль 2013 - 17:41

мен ушу форумга жаны кирдим баарынарга ийгилик жпнылыктарды коп берип жазып тургула

#6 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 20 Февраль 2013 - 21:20

Нарын облусунда «+мър дарагы» Адамды +нъктъръъ Борбору тарабынан 2013-жылдын 19-20-февралында семинар-тренинг =тк=рълдъ. Бул семинар-тренингдин журушундо Кен казуучу тармактардын ачыктыгы демилгеси (КТАД), эффективдъъ коммуникацияларды тъзъъ, айлана-ч=йр=г= таасир беръънъ баалоо жана башка маселелер боюнча окутууну Молдогазиева Калия Сартбаевна, Нурлан Жолдошев жана Перизат Топоевалар =тк=ръштъ.
Аталган тренинг Нарын районунун Мищ-Булак, Жерге-Тал жана Эмгекчил айылдары ъчън =тк=рълдъ. Тренингге аталган айылдардын жана Нарын шаарынын жергиликтъъ бийлик органдарынын, жергиликтъъ бей=км=т уюмдардын =кълд=ръ жана кызыктар айыл тургундары катышышты. Катышуучулар тренинг абдан жемиштъъ болуп керектъъ маалыматтарды алгандыгын жана ушул сыяктуу тренингдер к=п болсо жакшы болот эле деген ойду айтышты.
Аталган тренинг «Жергиликтъъ ачыктык жана кызматташуу демилгеси» долбоорунун алкагында Борбордук Азия Евразия Фонду менен =н=кт=штъкт= АКШнын эл аралык =нъктъръъ агенствосунун USAID колдоосунда =тк=рълдъ.
КТААД боюнча концорциумдун Нарын району боюнча коомдук кабылдамасы жана тренингдин катышуучулары тренерлерге ыраазычылык билдиръъ менен мындай тренингдерди жайылтууну сунуштайбыз.

#7 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 13 Март 2013 - 09:58

2013-жылдын 11-13-мартында "Омур Дарагы" АОБу тарабынан ФЕЦА менен партнердукта ЮСАИДдин колдоосу менен откорулгон консорциумдун жолугушуусу абдан пайдалуу болуп, коомдук кабылдамалар учун, Консорциумдун мучолору учун керектуу материалдар берилди.
Коомдук кабылдамалардын ишин жакшыртуу учун ушуга окшогон тренингдерди, жолугушууларды коп коп откорсок жакшы болоор эле.
Мындан ары мындай жолугушууларга эксперттерден, адистерден, мамлекеттик структуралардан окулдорду катыштырсаныздар жакшы болоор эле.
Ошону менен бирге уюштуруу тобуна, катышуучуларга жана эксперттердин ишине ийгилик каалайм!

#8 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 28 Март 2013 - 17:54

28 март 2013, 14:40

Баракелде - Ош облусундагы Чоң-Алай районунда жергиликтүү жашоочулар окутуудан өткөрүлүп, андан соң “ГИК Кайди” ЖЧКсы тоо-кен иштетүү ишканасына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдады “Баракелденин” түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Маалым болгондой, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин алдындагы көп тармактуу окуу борбору жана “ГИК Кайди” ЖЧКсы Чоң-Алай районунун жергиликтүү жашоочуларын окутуу жана инженердик-техникалык жумушчуларды, тейлөө кызматкерлерин кайра даярдоо жөнүндө келишим түздү.
Аталган келишим жарандардын арасынан жумушчуларды окутуу жана кайра даярдоо жолу аркылуу жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосундагы мамилени жөнгө салууга шарт түзөт.

#9 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 13 Май 2013 - 17:46

13 май 2013, 17:21

Баракелде - Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында бүгүн, 13-майдан баштап «Айкын бюджет үчүн» кен казып алуу тармактарынын айкындуулук демилгелеринин процесстери боюнча сапаттуу окуу семинары өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев билдирди.
Аталган семинар Жумгал районунун Чаек айылындагы мамлекеттик мейманканасынынын жыйындар залында өтүп жатат. Окуу тренингте кен казып алуу тармактарынын ишмердиктеринен түшкөн кирешенин кыргыз экономикасына тийгизген таасири жана анын айкындуулугу, механизмдери, кен казуудагы талаш-тартыш жараткан укуктук методдор менен экологиялык коопсуздугу туурасында кеңири баарлашуу болууда.
Район боюнча ар бир айыл өкмөттөрдөн жана мекеме ишканалардан, ошондой эле коомдук бирикмелерден жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү окуу семинарына активдүү катышууда.
Эске салсак, бул долбоорлук окуу семинарын «Сорос-Кыргызстан» фондунун «Бюджеттин айкындуулук жана отчеттуулук» программасынын өкүлдөрү өткөрүүдө.

#10 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 129 сообщений

Отправлено 28 Май 2013 - 18:07

27 май 2013, 15:49

Баракелде - Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Мыйзам демилгечиси депутат Исхак Пирматовдун айтымында, алтын кендерин иштетүүдө табылган пайданын 2%ын кен жайгашкан аймакта калтыруу максатында, жергиликтүү өнүктүрүү фонддорду түзүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Бирок, топтолгон фонд каражаттарын бөлүштүрүү механизми жок болгондуктан, ал мыйзам иштебей турат.
Ошондон улам, алтын кору 50 тоннадан жогору болгон кендерден түшкөн 2% каражаттын 50%ын облустук фонд аркылуу жалпы облус аймагын өнүктүрүү багытында бөлүү сунушталып жатат. Ал эми калган 50% каражат кен жайгашкан аймактын өзүндө калтырылат. Ал үчүн бир катар мыйзамдарга түзөтүү киргизүү милдети турат.
Каржы министри Ольга Лаврова фонд каражатынын мыйдай бөлүштүрүлүшүнө каршы эмес экенин, бирок ал бюджет каражаты катары мамлекеттик казыналык аркылуу өтүшү керектигин баса белгиледи. Анткени, мыйзамда ушундай каралган. Буга «Кумтөр» кенинин каражаты түшүп жаткан «Ысык-Көл» өнүктүрүү фондунун иши жакшы мисал болот.

Булак : Баракелде

#11 Tomas

Tomas

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 30 Май 2013 - 18:41

Осен ге жооп. Бизде доходдун 50 % нын 2% гана тушуп жатат деп маселе коюшту. Ушул маселе жакынжа жолугушуу учурунда коюлду. Мындан ары карай тыкыс байланышта иштешсек жакшы болот эле.
Урматтоо менен

#12 Абдылда Чон-Алай

Абдылда Чон-Алай

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 11 сообщений

Отправлено 03 Июнь 2013 - 20:24

Чон-Алай районунда КТАДдын критерийлерин, Маалыматка жеткиликтуулуктун кепилдигин, Тоо-кен ишканаларын жана интернет сайттарын чагылдырган "Чон-Алай жанырыгы" газетасынын атайын чыгарылышынын 1-саны 31-май куну жарык корду. Газета "КТАДды колдоо программасы" долбоору тарабынан чыгарылды. Газета 2013-жылдын октябрь айына чейин чыгарылат. Тиражы 1250 даана.

#13 Абдылда Чон-Алай

Абдылда Чон-Алай

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 11 сообщений

Отправлено 14 Июнь 2013 - 17:18

Чон-Алай районунда КТАД боюнча тренингдер башталды. 13-14-июнь кундору 2 тренинг болду. Тренингдеги катышуучулардын пикири боюнча элге кампаниянын иштери туралуу так маалымат берилбегендигин айтышты. Катышуучулар тренингде ото кызуугу менен талкуу жургузуп жатышат. эртен 15- июнда акыркы тренинг болот. Тренингдер буткондон кийин бийлик органдарынын, компаниянын окулдорунун катышуусу менен тогорок стол откоруу пландаштырылган

#14 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 129 сообщений

Отправлено 25 Июль 2013 - 15:11

25 июль 2013, 12:05

Баракелде - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен казып иштеген «Альянс» компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Маалыматка таянсак, кечээ, 24-июлда «Алъянс» компаниясынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда жаңжал чыккан.
Анын себеби, жергиликтүү жашоочулар «таза сууну булгап жатасыңар» деп компаниянын дарегине нааразычылык билдиришкен.
Натыйжада эки тараптын ортосунда чыр-чатак чыгып кеткен.
Аты аталган фирманын иши азырынча убактылуу токтотулуп турат.

#15 Абдылда Чон-Алай

Абдылда Чон-Алай

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 11 сообщений

Отправлено 11 Февраль 2014 - 14:31

«Бюджеттик айкындуулук жана жоопкерчилик»

тоо-кен тармагында

2004-жылдан бери Чон-Алай районунун аймагында тоо-кен тармактарынын ондуруштук ишканалары иштей баштады. Алар комур, алтын, кумуш, жез ондуруу менен ушул кунго чейин бир топ иштерди аткарышты.. Бирок алардын жургузгон иштерине эл тараптан нааразычылыктар кобуроок боло баштаганы ачык чыкты. Ал эми ал ишканалар оздорунун ишмердуулугун, ала турган пайда зыяндардын эсебин ачыка чыгарбай, жашыруун иштешкендеринин натыйжасында жарандык коом менен компаниянын ортосунда конфликтер курчуй баштады. Жарандык коомго тоо-кен ишканаларынан тушкон кирешелер жана социалдык пакеттер боюнча тушундуруунун механизми жок болгондуктан, «Марендан» коомдук фонду тарабынан Сорос Кыргызстан Фондусунун «Бюджеттик айкындуулук жана жоопкерчилик» долбоорун жарандык коом учун тартуу максатка ылайык болду.
Долбоордун негизги максаты; Райондогу тоо-кен ишканаларынан тушкон кирешелердин структуралык болунушу боюнча жарандык коомго тренингдерди отуу менен тушкон кирешелерди жергиликтуу бийликтин жоопкерчиликтуу пайдаланышы жана райондун социалдык-экономикалык потенциалын жогорулатуу.
Долбоорду баштоодо райондогу 17 айылдан катышуучуларды (ар бир айылдан 25 катышуучу) жергиликтуу кенештин депутаттары, айылдын активистери жана жергиликтуу бийликтин окулдорунун жардамы менен аныкталды. Айылдын шартына жараша тренингдерди откоруу графиктерин тузуу менен айылдарга кабарлар берилди. Ош шаарынан, тоо-кен тармагында тренингдерди отуп жургон тажрыйбалуу тренерлер менен келишим тузулду. Ошондой эле отулуучу тренингдер программалары, таркатылуучу материалдар жана орг техникалар менен камсыздалды. Тренинге чейин тоо-кен ишканаларынан тушо турган киреше булактарын камтыган тустуу буклеттер долбоордун бюджетинде коргозулгондой чыгарылып, катышуучуларга таркатылды. Долбоорго катышуучулар ото кызугуу жана ынануу менен катышып, оздорунун ой-пикирлерин ортого салышты. Тоо-кен ишканаларынан тушкон кирешелерди роялти, бонус, жер салыгы, мулктук салык ж.б салыктардын турлорунун айылга канча пайызы, республикалык бюджетке канча пайызы чегеруулорун жана анын максатту иштетуудо жарандык коомдун, жергиликтуу бийликтин жоопкерчиликтерин билуу абдан кызыктуу болду. Тренингдин катышуучулары бул темадагы тренингдерди эки жыл мурда откондо абдан жакшы болоор эле-деген ойлорун ортого салышты. Жергиликтуу жана республикалык бюджетке тушкон кирешелерди жана чыгашаларды интернеттен «Тунук бюджет» сайты аркылуу таап алууну, «Маалымат кепилдиги» мыйзамына ылайыктуу жергиликтуу органдардан жана компаниялардан маалыматтарды алуунун жолдорун уйронушту.
Натыйжада тренингдин катышуучулары алган билимдери учун Тренингди каржылаган Сорос Фондуна жана тренерлерге ыраазычылык билдиришти. Бул тренингден алган билимдерин жарандык коомдун терен катмарына жеткирууну жана райондун социалдык-экономикалык онугуусуно салымдарын кошуу менен келечекте районго стабилдуу инвестициялык климатты тузуунун оболгосу болуп калды – деген жыйынтык менен тренингдер оз максатына жетти.

Долбоордун жетекчиси: А.Темирбердиев

«Чон-Алай жанырыгы» газетасынан алынды

2014-жылдын февраль айында 3 айыл округунда ушул темада тогорок столдор отулот жана 19-февралда райондун аймагында бюджеттик угуу болот

#16 Абдылда Чон-Алай

Абдылда Чон-Алай

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 11 сообщений

Отправлено 12 Февраль 2014 - 15:35

Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик