Перейти к содержимому


Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесине тииштүү мыйзамдар

Кен казып алуу тармагы? мыйзамдар

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В теме одно сообщение

#1 ecodos

ecodos

    Новичок

  • Пользователи
  • Pip
  • 4 сообщений

Отправлено 31 Январь 2013 - 02:30


Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесине тииштүү мыйзамдар


#2 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 14 Июнь 2013 - 18:36

Өкмөт өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө багытталган токтомду кубаттады

14 июнь 2013, 09:38


Баракелде - Мындай чечим кечээ, 13-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы алдында өткөн өкмөттүн отурумунда кабыл алынды, деп маалымдайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Өкмөттүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Ишенбай Чунуев тоо кен казуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө баяндама жасады.
Ишенбай Чунуев өз сөзүндө, Кыргызстан тоо кен тармагын өнүктүрүүдө көп мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин белгиледи. «Бүгүнкү күнгө карата 429 тоннанын тегерегинде алтын эсепке алынган, ал эми болжолдорго караганда 2,5 миң тонна алтын бар. Алтын запастарынын жалпы баасы 17-20 млрд долларга барабар. Бардыгы болуп, алтын казып алуу үчүн 16 ишкана лицензия алышкан, алардын алтоосу алтын казуу иштерин башташты. Калган 10 ишкана бул ишти баштоонун алдында турушат. 2012-жылы 9,8 тонна алтын казылып алынган, болжол боюнча, 2013- жылы бул көрсөткүч 19 тоннага жетет. 2017-жылы, эгерде бардык алтын кени чыккан жерлерде иш убагында баштала турган болсо, Кыргызстанда жыл сайын 30 тонна алтын өндүрүлө баштайт», - деди ал.
Тоо кен казуу тармагындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылып, Ишенбай Чунуев алар четинен чечилип жатканын белгиледи. «Маселен, лицензия берүү ишиндеги ачык-айкындуулуктун жоктугу, кен чыккан аймактардагы жергиликтүү калк менен болгон талаш-тартыштар, геологдордун эмгек акысынын төмөндүгү сыяктуу маселелер бар», — деди баяндамачы.
Өз баяндамасында Ишенбай Чунуев экономиканын мунайгаз жана көмүр тармактарын өнүктүрүү перспективаларына да токтолду. «Быйыл биз 85 миң тоннанын тегерегинде мунай жана 1 млн тонна көмүр өндүрүү болжолдонууда», — деди баяндамачы.
Өз баяндамасын жыйынтыктоо менен Ишенбай Чунуев тоо-кен казуу тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттин, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алган механизмдерди ишке киргизүүнүн зарылчылыгын белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча өкмөттүн отурумунда тоо кен казуу тармагынын туруктуу өнүгүүсүн, тоо кен тармагынан түшкөн кирешени көбөйтүүнү, ыңгайлуу инвестициялык шарттарды түзүүнү камсыз кылууга багытталган комплекстүү чаралар камтылган токтом кабыл алынды.

Булак : Баракелде






Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик