Перейти к содержимому


Тоо кен компаниялар

компаниятоо кен

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 21

#21 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 02 Май 2014 - 18:44

Акционерлер «Кыргызалтындын» каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчетун бекитпөө чечимин кабыл алышты


02 май 2014, 10:25


Баракелде - «Кыргызалтын» ААКтын акционерлери ушул жылдын 29-апрелинде жылдык жалпы чогулуш өткөрүштү.
Акционерлер «Кыргызалтын» ААКтын 2013-жылдагы каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчетун бекитпөө чечимин кабыл алышты.
Акционерлер ошондой эле, 2013-жылга каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүү жыйынтыгы боюнча «Джон Эшворт» ЖЧКнын көз карандысыз аудиторунун отчетун эске алып, бекитүү токтомун кабыл алышты.
Акционерлер «Кыргызалтын» ААКтын 2013-жылга каржы-чарбалык текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү комиссиясынын бүтүмүн бекитишти. Андан тышкары, коомдун каржы-чарбалык ишмердүүлүгүндөгү тартип бузууларды четтетүү боюнча кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча белгиленген тартипте чараларды көрүүнү жана бир айлык мөөнөттө кабыл алынган чаралар жөнүндө акционерге маалымат берүүнү башкармалыкка сунуш кылышты.
Акционерлер ошондой эле «Кыргызалтын» ААКтын 2013-жылга текшерүү комиссиясынын жана директорлор кеңешин кармоого сметалык чыгымдардын аткарылышын бекитишти.
Акционерлер «Кыргызалтын» ААКтын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана компаниянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча андан аркы чараларды көрүп, башкаруу органдарына сунуштоо менен 2013-жылга коомдун бюджетин аткаруу жөнүндөгү башкармалыктын отчетун бетишти.
Акционерлер жылдык балансты, киреше эсебин, «Кыргызалтын» ААКтын 2013-жылга чыгашаларын бекитишти.
Эске салсак, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун атынан мамлекет «Кыргызалтын» ААКтын 100% пакет акциясына ээ.


#22 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 13 Июнь 2014 - 17:01

Депутат К.Бокоев Талас элине облустагы кен байлыктарды иштетүүчү «Вертекс Голд» ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча толук маалымат берет


13 июнь 2014, 15:08


Баракелде - Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеӊештин «Республика» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Талас облусундагы Кара-Буура районунун административдик борбору Кызыл-Адырга Таластын жашоочуларынын талабы менен кен байлыктарды иштетүүчү «Вертекс Голд» ишканасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу иш сапары менен барды, деп билдирди «Республика» фракциясынын катчылыгы.
Иш сапардын жүрүшүнө КР өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттиктин, Салык кызматынын, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча маминспекциянын өкүлдөрү катышууда.
Жолугушууда, депутат К.Бокоев кен байлыктарды иштетип жаткан ишканалар, анын ичинде «Вертекс Голд» ЖЧКнын ишмердүүлүгү боюнча жашоочулардын суроолоруна жооп берип, алар тууралуу толук маалымат бермекчи.
Айта кетсек, буга чейин Кара-Буура районунун жашоочулары экология зыян алып келип жатат деген талабы менен аталган «Вертеск Голд» ишканасынын ишин токтотууну жана бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөрүшкөн.





Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик