Перейти к содержимому


Кен казып алуу тармагынын лицензиялардын ачыктыгы

лицензиялар Кен казып алуу

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 6

#1 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 31 Январь 2013 - 12:11

Кен казып алуу тармагынын лицензиялардын ачыктыгы

#2 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 01 Февраль 2013 - 19:05

23.01.13 Өкмөттө алтын кендерин иштетүүдөгү техникалык мыйзам бузуулар боюнча маселе каралат. Экология жана техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, анда Кумтөр алтын кенинен тартып, Жерүй, Апрель, Иштамберди ж.б. алтын кендерин иштетип жаткан ишканалар тарабынан техникалык жана экологиялык мыйзамдардын бузулуп жатышы, Кыргызстандын экономикасына келтирилген чыгашалар тууралуу сөз болот. Андан тышкары аталган инспекциянын айрым чет элдик ишканаларды кен иштетүүгө берилген лицензияларынан ажыратуу сунушу да каралмакчы.
Кечээ парламенттин жылуулук-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитети Кыргызстандагы алтын кендерин иштетип жаткан бир катар чет өлкөлүк компанияларга байланыштуу маселелерди караган. Натыйжада кен иштетүүчүлөр тарабынан лицензиялык келишимдердин так аткарылышы, жаратылышка мамилеси, кендерди сарамжал пайдаланышы, ошондой эле уу калдыктар төгүлгөн жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү Экология жана техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясына тапшырылды.
Парламент мында өзгөчө Full Gold Mining Company, "Кумтөр Голд Компани", "Алтынкен" жана "Андаш Майнинг компани" ишканаларына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. (ZKo)
Азаттык

#3 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 30 Октябрь 2013 - 18:03

30 октябрь 2013, 15:48


Баракелде - Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жерди казууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиясы бүгүн, 30-октябрда Алай районундагы Гүлчин көмүр кенинин 70 га жерин чалгындоого «RM Group» ЖЧКнын арызын кароону кийинкиге жылдырды.
Ведомствонун берген маалыматы боюнча, компаниянын түзүүчүлөрү болуп, А.Ырчиева (50%) жана А.Сабирова (50%) эсептелет.
Комиссия, кошумча изилдөө үчүн Мамгеологиянын жер казынасын сактоо боюнча башкармалыгына корутунду даярдоо тапшырмасын берди.
Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, «RM Group» ЖЧК түзүүчүлөрү болуп Ырчиева Асылкан Сейитказиевна жана Сабирова Айжамал Медербековна эсептелет. Ишмердиктин түрү - таш көмүр табуу.

#4 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 21 Ноябрь 2013 - 09:39

20 ноябрь 2013, 17:46


Баракелде - Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин лицензиялоо боюнча комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Алтын Эмгекчил» ЖЧКнын Көк-Мойноктун 21 чарчы метр аянтында алтын издөө ишине өтүнмөсүнөн баш тартты. Объект Нарын облусунун Нарын районунуа караштуу Эмгекчил айыл өкмөтүндө жайгашкан.
Билдирүү КР өкмөтүнүн ушул жылдын 13-июнундагы №350 токтомуна ылайык 5-августта жиберилген, дареги туура эмес көрсөтүлгөндүктөн кайтарылган, муну менен компания документти жаңырткан.
Мамгеологиянын укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Эльдияр Муканов билдиргендей, устав боюнча башкаруу схемасында директордун орун басары каралган эмес, ал эми билдирүүнү Муратов (директордун орун басары) берген. Ошондой эле Муратовдо ишеним кат жок экендигин билдирди.
Комиссиянын мүчөлөрү билдирүү, ыгарым укуктуу эмес адам тарабынан берилгендиктен андан баш тартуу чечимин кабыл алышты.
Адилет министрлигинин берген маалыматы боюнча, «Алтын Эмгекчил» ЖЧКнын түзүүчүлөрү болуп Жу Жон Жун жана Бердибек Дайыров саналат.

#5 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 11 Апрель 2014 - 19:17

Баракелде - Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги 2013-жылы 1 миң 70 лицензия берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелдк КСДП фракциясынын жыйынында Мамгеологиянын жетекчисинин орун басары Уланбек Рыскулов билдирди.
Анын айтымында, бардык кен пайдалануучулар жыл үчүн аралык жана акыркы отчетторду беришет.
«Лицензиялар тизмеги бизде бар, бул жашыруун маалыматтар эмес. Бизде сайтта бар, биз силерге жөнөтөбүз», - деди ал.
У.Рыскулов билдиргендей, бүгүнкү күндө канча лицензия мөөнөтүнөн өтүп кетти деген маалымат жок. «Биз тактайбыз» деди ал.

#6 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 01 Июль 2014 - 17:23

Мамгеология үч компаниянын лицензиясын жокко чыгарды

01 июль 2014, 15:41


Баракелде - Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин кен пайдаланууну лицензиялоо боюнча комиссиясы кечээ, 30-июнда мыйзам бузууларын жойбогон үч компаниянын лицензиясын жаңыртуудан баш тартты жана лицензияларын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Мамгеологиянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда, төмөнкү үч компаниянын лицензиялары жокко чыгарылды:
1. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Сары-Таш айылындагы Батыш тилкесинде акиташ өндүрүүчү «ЗемКомпани» ЖЧКнын;
2. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Сары-Таш айылындагы Чыгыш-Батыш тилкесинде акиташ өндүрүүчү «Сман 007» ЖЧКнын;
3. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Сары-Таш айылындагы түштүк-чыгыш тилкесинде акиташ өндүрүүчү «ИРЭЛ» ЖЧКнын.

#7 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 16 Сентябрь 2014 - 21:29

Мамгеологиянын кен пайдалануу боюнча комиссиясы таза суу чыгарууга 7 компаниянын өтүнмөлөрүн канааттандырды (тизме)


16 сентябрь 2014, 11:27

Изображение
Баракелде - Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин кен пайдалануу боюнча комиссиясы кечээ, 15-сентябрда жыйын жүрүшүндө «Бишкек Алко-Пром», «Артезиан» ЖЧКларынын, «Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы» мекемесинин, «Кыргызалтын» ААКтын, «Ачык-Асман», Golden Sun ЖЧКларынын жана «Аламүдүн тажрыйбалуу оңдоп-түзөө механикалык заводу» ААКтын таза суу чыгарууга өтүнмөлөрүн канааттандырды.
«Бишкек Алко-Пром» ЖЧК - №3441 15.01.14-15.01.15 лицензиясы;
«Артезиан» ЖЧК - №3413 23.12.13-23.12.18 лицензиясы;
«Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы» мекемеси - №3381 22.11.13-22.11.18 лицензиясы;
«Кыргызалтын» ААК -№3491 04.03.14-04.03.19 лицензиясы;
«Кыргызалтын» ААК («Кыргызское взморье» санаторийи) - №3518 26.03.14-26.03.19 лицензиясы;
«Кыргызалтын» ААК («Кыргызское взморье» санаторийи) - №3519 26.03.14-26.03.19 лицензиясы;
«Ачык-Асман» ЖЧК - №3378 20.11.13-20.11.18 лицензиясы;
Golden Sun ЖЧК - №3475 28.02.14-28.02.19 лицензиясы;
«Аламүдүн тажрыйбалуу оңдоп-түзөө механикалык заводу» ААК - №3610 08.05.14-08.05.19 лицензиясы.
Комиссия ичүүчү сууну чыгарууга «Элнур Дан» ЖЧКнын жана Кадыралиева Ж.Б жеке компаниясынын өтүнмөлөрүн тийиштүү документтердин жоктугуна байланыштуу канаатандырган жок.
«Шоро» ЖАКтын курамды алмаштыруу жөнүндө өтүнмөсү канааттандырылды.
КРнын укук министрлигинин маалыматы боюнча:
«Артезиан» ЖЧКнын түзүүчүсү болуп Абдыкеримова Ырысбүбү жана Исаева Айгүл Абдыкеримовна саналат, жетекчиси — Жапаров Ырысбек Турдаалиевич.
«Кыргызалтын» ААКтын түзүүчүсү — КРнын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча комитети, жетекчиси - Мамытов Токтокүчүк Болотбекович.
«АЧЫК АСМАН» ЖЧКнын түзүүчүсү - Береналиев Надырбек Адылбекович жана Адылбекова Самара Адылбековна, жетекчиси — Береналиев Адылбек Жумабекович.
Golden Sun ЖЧКнын түзүүчүсү - 404 катышуучу, жетекчиси - Тезекбаев Дөөлөткелди Шамшибекович.
«Аламүдүн тажрыйбалуу оңдоп-түзөө механикалык заводу» ААКтын түзүүчүлөрү эмгек жамаат, жетекчиси - Баймлер Владимир Михайлович.
«Элнур Дан» түзүүчүсү - Сарбашев Эркенбай Маманович, жетекчиси - Абдрахманова Ботогөз Асыпбековна.
«Шоро» ЖАК түзүчүсү - 6 акционер, жетекчиси - Эгембердиев Жумадил Бердигулович.





Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик