Перейти к содержимому


Жеруй

Jeruy

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 6

#1 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 20 Май 2013 - 22:45


20 май 2013, 13:52


Баракелде - «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү шарттарды жакында кайрадан караштырабыз. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин кезектеги отурумунда билдирди.
Премьер-министр өкмөттүн 2012-жылдагы аткарган иши боюнча отчет берип жатып билдиргендей, ал «Жерүйдү» аукционго коюудагы баштапкы баасын 100 млн доллардан баштайлы деп айткан. «Бирок, эми 300 млн доллар деген баа айтылып калды деп ошол бойдон токтогонбуз. Эгерде бул баанын шарты өзгөртүлүп кетсе, өкмөткө ар кандай кинелер айтылмак», - деди ал.
Анын ою боюнча, бардык эле кендер элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына ылайык келсе иштеши керек. Ал үчүн элде түшүндүрүү болушу керек. «Биз «Жерүйдү» иштетибиз керек, Кудай буюрса, бул боюнча жаңы шарттарды караштырып жатабыз, жакында киргизебиз. Ал эми таптакыр эле болбой баратса, анда өзүбүз иштеткенге аракет кылабыз», - деп билдирди Ж.Сатыбалдиев.


#2 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 05 Ноябрь 2013 - 19:30

04 ноябрь 2013, 17:10


Баракелде - Эртең, 5-ноябрда саат 09:30да биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Эл аралык каржы тобунун делегациясы менен жолугат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Манас» аба майданын реконструкциялоо боюнча долбоору жана Жерүй кен байлыгын иштетүүгө ачык айкын тендер өткөрүү маселелери талкууланат.

#3 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 14 Февраль 2014 - 17:38

Өкмөт жакында Жерүй алтын кенине лицензия сатуу процедурасын баштайт


11 февраль 2014, 15:44

Изображение
Баракелде - Эми Кумтөр маселеси чечилгенден кийин, жакында өкмөт Талас облусундагы Жерүй алтын кенине лицензия сатуу процедурасын баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Tazabek'ке вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
Ал эми аукцион качан өтөт, деген суроого вице-премьер, жакында болорун айтып, жооп берди.
Мурдараак, 2013-жылдын 24-декабрында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, Кумтөр маселеси жөнгө салынмайынча, Жерүй кени сатыкка коюлбасын билдирген.
Эске салсак, Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги 2013-жылдын 5-апрелинде баштапкы баасы 300 млн доллар менен Жерүй алтын кенин иштетүүгө укук алууга конкурс жарыялаган. Бирок бир гана өтүнмө түшкөндүктөн, мыйзамга ылайык 16-майда конкурстук комиссия конкурсту өткөн жок деп тааныган. Кийин 29-майда премьер Ж.Сатыбалдиев конкурсту өткөрүүгө жаңы шарттар менен жаңы конкурс жарыяланарын билдирген.


#4 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 23 Июль 2014 - 17:34

23 июль 2014, 12:32



Баракелде - Жерүй боюнча доо арыз бар, биз соттук процесстин алкагында турабыз. Жакында Энергетика жана өнөр жай министрлиги тараптан Жерүйгө конкурс жарыялоо жөнүндө сунуш түшөт жана 3 айдын ичинде биз техникалык тапшырманы аныктай алабыз, деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 23-июлда өкмөттүн 100 күндүк отчету тууралуу маалымат жыйында.
Ошондой эле, анын айтымында, өкмөт конкурска олуттуу компаниялардын катышуусуна үмүр артат.
«Жергиликтүү коомдоштуктар менен маселелер бар, бирок бул жерде аларды тендерге тартуу менен жергиликтүүлөр бул долбоорду колдошот деп ойлойбуз», - деп кошумчалады ал.
Тема боюнча: Өкмөт жакында Жерүй алтын кенине лицензия сатуу процедурасын баштайт
Жерүй боюнча иштер күздөн калбай башталат, - биринчи вице-премьер Т.Сарпашев
Жерүй боюнча өкмөттүн кандайдыр менен буйруктары жок, бирок конкурс өткөрүүгө даярбыз, - Мамгеология

Булак : Баракелде



#5 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 603 сообщений

Отправлено 16 Октябрь 2014 - 19:28

Өкмөт Жерүй алтын кенин иштетүү укугуна кайрадан конкурс өткөрүүгө конкурстук комиссия түздү (курам)

14 октябрь 2014, 12:55



Баракелде - Өкмөт ушул жылдын 9-октябрындагы токтому менен Жерүй алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык изилдөө максатында кендерди пайдалануу укугуна кайрадан конкурс өткөрүүгө конкурстук комиссия түздү.
Анын курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алындча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирди. Бул тууралуу тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.
КРнын мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшенбек Зилалиев мекемелер аралык конкурстук комиссиянын төрагасы болуп, ал эми КРнын экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Комиссиянын курамына киргендер:
- Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Игорь Гусаров (макулдашуу боюнча);
- Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынан депутат Улан Чолпонбаев (макулдашуу боюнча);
- Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутат Райкан Төлөгөнов (макулдашуу боюнча);
- Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев (макулдашуу боюнча);
- Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев (макулдашуу боюнча);
- КР өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Жунушалиев;
- юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева;
- Каржы министрлигинин кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жетекчиси Бекболот Алиев;
- Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев;
- Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев;
- Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов;
- Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов;
- Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директорунун орун басары Расул Артыкбаев;
- Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамов;
- Мамгеологиянын алдындагы мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматтын директору Анатолий Катанаев;
- КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева;
- мамлекеттик администрациянын башчысы — Талас облусунун Талас районунун акими Райкан Өзүбеков;
- Талас облусунун Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Чойбеков (макулдашуу боюнча);
- Талас облусунун Талас районундагы Бекмолдо айылдык кеңешинин төрагасы Н.Иманалиев (макулдашуу боюнча);
- Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстарынын саясаты башкармалыгынын жетекчиси Адилет Акматалиев;
- Мамгеологиянын өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын жетекчиси Ильдар Гильфанов;
- Мамгеологиянын маалыматтык ресурстар башкармалыгынын жетекчиси Азиз Сапаралиев;
- Мамгеологиянын лицензиялоо башкармалыгынын жетекчиси, комиссиянын катчысы Руслан Курумшиев.

Булак : Баракелде



#6 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 11 Февраль 2015 - 19:05

Жер-Үй» алтын кенин иштетүүгө президент же өкмөт башчы экологиялык кепилдик бере алса гана макул болобуз, - жергиликтүү тургун (фото) Turmush - «Жер-Үй» алтын кенин экологиялык жактан коопсуз иштетүүгө президент же өкмөт башчы, же геология агенттиги кепилдик бере аласыңарбы, биз ошого ишенгендей бололу, биз ошондо гана макул болобуз, деп билдирди «Жер-Үй» алтын кени жайгашкан Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын жашоочусу Бакыт Жумабек уулу геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директорунун орун басары Улан Рыскуловго жана Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Токтогул Абдыкадыровго.
Айыл жашоочусунун айтымында, «Кумтөр кени айыл элинен 100 чакырымдан ашуун алыс жайгашкан, ал жерде экологиялык кырсык болгон, бирок ошол экологиялык кырсыктын жана мөңгүлөрдүн бузулушу боюнча канадалык компания ушул убакка чейин коюлган доону төлөбөй жатат.
«Биздин Жер-Үй айылдан 20 чакырымдай эле алыс, ал эми курула турган фабрикасы менен уу сакталуучу жайы 5-6 эле чакырым жерде курулганы жатат. Демек биз үчүн кооптуулугу жогору», - деди Бакыт Жумабек уулу.
Эске сала кетсек, инвесторлору өз ара соттошуп жаткан Жер-Үй кенинин алтын ылгоочу фабрикасын «Талас Голд Майнинг» компаниясы 2000-жылы куруп баштаган, азыр фабриканы кайра бузуп жатышат. Административдик имараттар болсо «Жерүй» жабык акционердик коомуна таандык.

#7 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 17 Февраль 2015 - 18:11

17 февраль 2015, 13:28

Изображение
Баракелде - Кечээ, 16-февралда премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Жерүй» алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык иликтөө максатында кен пайдалануу укугуна сынак жеңүүчүсүн аныктоонун талаптарын жана өткөрүү шартын, тартибин бекитүү жөнүндө» КР өкмөтүнүн буйругуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөттүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 450 буйругу аркылуу түзүлгөн Ведомство аралык сынактык комиссиянын буйругуна ылайык, «Жерүй» алтын кенин иштетүү жана Жерүй аянтын геологиялык иликтөө максатында кен пайдалануу укугуна сынакты тийиштүү тартипте өткөрүү тапшырылган.
Кенди иштетүү боюнча сынак процесси ачык-айкын, КР мыйзамдарына жана мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык өткөрүлөт. Аталган сынак кенди комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында өткөрүлөт.
«Жерүй» кени жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен-байлыктардын тизмесине кирет, аларды иштетүүчүлөр сынактык негизде аныкталат.





Темы с аналогичным тегами Jeruy

Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик