Перейти к содержимому


жергиликтүү эли, айыл өкмөтү жана компаниялар менен өз ара кызматашуусу

айыл өкмөтү жана компанияла Ала – Бука районунун Көк – Та

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 21

#1 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 05 Ноябрь 2012 - 21:17

Ала – Бука районунун Көк – Таш айылдык аймагынын жергиликтүү эли жана айыл өкмөтү менен «Казакмыс Голд Кыргызстан» компаниясынын өз ара кызматашуусу
16 август 2012 жылы Консорциумдун жыйынында, катышуучубуз Көк – Таш айылынын башчысы Алымов Адылбек, Ала – Бука районунун Көк – Таш айылдык аймагынын жергиликтүү эли жана айыл өкмөтү менен «Казакмыс Голд Кыргызстан» компаниясынын өз ара кызматашуу маселеси боюнча чон маалымат айтып берди.
Акимдин айтуусу боюнча, айылдык аймактын «Бозумчак» участкасында 2006 жылдан баштап кең чалгындоо, 2008 жылдан бери кең казуу иштерин жүргүзүп келген «Казах Мыс Голд Кыргызстан» жоопкергичилиги чектелген коому 260,4 га жер аянтын пайдаланып келет.
Өкмөт башчысы маалымдагандай, жергиликтүү калк менен компаниянын ортосундагы кызматташуу туруктуу өнүгүп келет. Өз ара кызматташууда көп учурда түшүнүшү менен маселелер чечилип келгендиктен, акыркы эки жылдан ашык мезгил аралыгында жергиликтүү калк санкцияланбаган митинг чыгып же наразычылык менен комбинаттын ишине тоскоолдук болгон аракеттерге барган эмес. Жергиликтүү калктын талабы менен компания калдыктар көмүлүүчү хвостохранилищанын жайгашкан орду башка жака которулду. Проекте хвостохранилище суу кетүүчү сайга булактардын үстүнө пландаштырылып калган. Иштин башталышы менен калк каршы туруп, бүткөрүлгөн проектке өзгөртүү сунушу киргизилди. Ошондой эле жергиликтү элдин суранычы менен 2011 жылдын 21 октябрь айында компаниянын кең казууда «Курчап турган чөйрөгө таасирин баалоо» боюнча коомдук угуу уюштурулду. Жыйынды «Казах Мыс Голд Кыргызстан» компаниясынын бир канча өкүлдөрү Е.А.Альпиев, В.А. Марышев, К.Т.Асанов, В.Т. Осмонкулова жана башкалар келишип, айыл өкмөтү айыл аксакалдары, айылдык кенештин депутаттары, мектеп директорлору жана башка айыл тургундары катышышты. Чогулуш мезгилинде айыл тургундарынан берген суроолоруна «Казах Мыс Голд Кыргызстан» компаниясынын жетекчилери жооп беришип бардык маселелер мыйзам чегинде туура жана так чечилип , чогулуш айыл аксакалдарынын батасы менен аяктады.
Азыркы күндө «Казах Мыс Голд Кыргызстан» компаниясы тарабынан демөөрчүлүк жана экономикалык жактан көптөгөн жардам берилип жатканын, өкмөт башчысы белгилеп кетти.Мисалы: Көк – Таш айылдык аймак Ала – Бука районунан 100 км алыстыкта жайгашкан. Жолдун өтө начардыгынан автобус каттамы жок, электр энергиясы Өзбек Республикасынан алгандыгынан кыш мезгилинде суткасында 1-2 саат гана электр энергиясы сарпталат. Айылдык аймак Өзбек республикасы менен 110км аралыкта чектешкен. «Казах Мыс Голд Кыргызстан» компаниясы өз учурунда бул татаал иште өздөрүнүн чоң салымын кошушту, 110кв чон чыналуудагы линия курушту, Ала – Бука, Аксы, жана Чаткал райондорун электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртууга шарт түзүштү. Көк – Таш айылы үчүн өтүүгө кыйынчылык туудурган жерге 10 км убактылуу жол куруп беришти жана Көк – Ташка Кыргызстан аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Ошондой эле От – Сай Булак – Башы жана Кок – Таш айылдары үчүн узундугу 28 км жаны автобус каттамы жүручүү жолду « Грант Старт» ЖЧК компаниясы бүтүрүү мезгилинде турат. Жана дагы «Казах Мыс Голд Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Бозумчак» кенин иштетүүдөгү ишмердүлүүгү боюнча айылга маалымат борбору ачылган. Анда айыл жаштары менен компаниянын ортосундагы маалыматы элдерге толугу менен жеткизүүсү жөнундө маалымат доскасы да илинген. Маалымат борборунда азыркы учурда 178 адам иш менен камсыз болуп, жумушсуз 98 айыл тургундары каттоодо турат. Калктын билим денгээлин жогорулатуу максатында айылдан 8 жаш муун балдарды Геологикалык адистиктер боюнча окутуп жатышат. Келечекте компания аймактын көптөгөн экономикалык көйгөйлөрүн чечүү үчүн салым жана төлөм түрүндө кошумча киреше алуу, Бозумчак айылындагы тургундарга экономикалык жактан жардам берилүүсүн уланта берерин, Көк- Таш айылынын өкмөт башчысы Алымов Адылбек, айтып кети.

www.eiti.org,kg

#2 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 04 Февраль 2013 - 18:23

Ала-Бука ИПДО боюнча коомдук кабылдаманын иш аракети боюнча маалымат
Ала-Бука районунда тоо-кен тармагында 8 фирма иштеп жатат. Олкобуздун башка аймактарындай эле кен казуу фирмалар менен жергиликтуу бийлик менен мамиле бул тармактагы иштин ийгилигинин башкы фактору болуп калды.
Жергиликтуу калк, жергиликтуу бийлик жана кен казуу тармагында иштеп жаткан фирмалар ортосунда оз ара кызматташуну жакшыртууда.
Кен казуу тармагынын (ИПДО) КТААД айкындуулугун камсыз кылуунун мааниси ото чон.Ошондуктан Ала-Бука айылында тоо-кен тармагынын айкындулугун камсыз кылуу боюнча Ала-Бука коомдук кабылдама иштей баштады
Коомдук кабылдама эн башкысы айкын маалыматты камсыз кылып, эл менен коомдук угууларды откоргондон кийин элибиз алтын казуу учун фабрика куруп жаткан компанияга туз коз карашын билдирип жатышат. Натыйжада алардын айыл аймагына кошкон салымы 4 эсеге жогорулаган. Кок- Таш (Булак-Башыда) айылында суу маселеси чичилген. Таштанды сактоочу жайды элдин талабы менен башка жакка кочургон, 570 уй-булого ун алып келип беришти. 6миллион сомдук жол ондолуп, районго келуу женилдеди. Жакынкы айлдарга электр мамычалары тартылды. Откон жылы тоо-кен окуу жайындагы 8 студенттин контрагын толоп беришкен. Айылдыктар дыйканчылыктан ондургон азыгын кооператив аркылуу базар баада "Казахмыс Голд Кыргызстан" компаниясына сата алат.
Айыл аймагы алтын казууга даярданып жаткан компания менен мурда тузулгон келишимди айылдык жыйында жокко чыгарган. Жергиликтуу кожоюндардын пикири эске алынып, келишим озгортулуп, айылдык бюджетке тушуучу каражат 4-5 эсе кобойгон. Айыл аймагы кичине болгону менен жасай турган иштер коп. Маселен чек ара, алтын казуучу компания менен ьир пикирге келуунун озу чон жумуш. Эн башкысы калкты маалымат менен камсыз кылдык, откон жылы "Казахмыстын" жетекчилерин баарын катыштырып коомдук угуу откордук. Натыйжада элибиз жаны жумуш орун тузулорун, социалдык турмушубузду аларсыз ондой албашыбызды тушунду. Анан кооперативтерди уюштуруп, калк ондургон азыгын сатууга мумкунчулук тузулду, буйруса буткоруучу коп иштер бар. Пилоттук аймактардын катарында долбоорлорду даярдап жатабыз.

#3 Гость_Абдылда Чон-Алай_*

Гость_Абдылда Чон-Алай_*
  • Гости

Отправлено 05 Февраль 2013 - 10:22

Саламатсынбы Айгул. Чон-Алай районундагы ОсОО "Кайди" ишканасынын ишмердуулугун мамлекеттик комиссия тарабынан 3 айга токтоткондугу маалым.
Экологиялык кокунучту жана техникалык мучулуштуктору учун деп жазылган. ОсОО "Кайди" ишканасынын ишмердуулугун токтотуу боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан конкретно жазылган корутундусун кайдан билсек болот. Айгул мумкунчулук болсо тааныштырып койсон. Анткени эртен эле токтотуу мооноту буткондон кийин кандай замечаниялар аткарылды, кайсынысы болгон жок деген бутмду коомчулук талап кылат да.

#4 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 129 сообщений

Отправлено 05 Февраль 2013 - 10:43

Кылым аферасына айланган «Кумтөрдүн» ыры менен чыры

04 февраль 2013, 15:12


Баракелде - «Focus.kg» сайтында жазылгандай, «Кумтөр» алтын кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын отчету коомчулукта түрдүү пикир жаратты.
Айрым экспертчалыштар: «Мамлекеттик комиссия от менен ойноп атат, эгер инвесторлор эл аралык сотко кайрылса шорубуз шорподой кайнайт» деп кокуйласа, көпчүлүгү корутундуну колдоорун, ал Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгын коргорун билдиришүүдө. Мына ушундай талаш-тартыш пикирлерден улам «Focus.kg» сайты «Кумтөрдүн» таржымалын иликтеп, мамкомиссиянын сунуштарын жиликтеп баштады...
Мамлекеттик комиссиянын отчетунда «чү» дегенде эле «Кумтөр» кылым аферасына айланганын, канадалык инвесторлор Кыргызстандын ар-намысын, укугун көз көрүнөө тебелеп, алтынын каалагандай калчаганын баса белгиленет. Жакшылап үӊүлүп карасаң, мамкомиссиянын мындай дооматында негиз жетиштүү. Буга толук кандуу жооп бериш үчүн «Кумтөрдүн» ишке кирүү тарыхына кенен токтололу. Өмүрү алтын кенин казып көрбөгөн, болгону уран иштеткен канадалык «Камеко» аталыштагы компания 1992-жылы «Кумтөрдү» иштетмекчимин деп Кыргызстандын босогосун аттаган. Ал кездеги президент Аскар Акаевдин бийлиги менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Кумтөр» боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлуп, «Кумтөр Алтын» (мындан ары «КА») аталыштагы биргелешкен компания түптөлөт. Келишимдин негизинде Кыргызстандын «КАдагы» үлүшү 67%, ал эми «Камеко» 33% үлүшкө ээ болмок.
Албетте, «Камеко» кенди ишке киргизүү үчүн сарпталчу каражатты табуу милдетин өз мойнуна алган. Канадалык «Килборд вестерн» компаниясынын эсептөөсүнө ылайык, «Кумтөр» долбоорун жүзөгө ашырууга 276,6 млн. доллар сарпталмак. Кийинчерээк алымча-кошумчалар киргизилген соӊ бул ири долбоордун баасы 452,2 млн. долларды түзөрү тастыкталган. Чыгымдардын көбөйүшүнүн себебин алтын кенин казуудагы техниканын санынын артышы, техникалык транспорт жана курулушчулардын санынын көбөйүшү менен түшүндүрүлгөн. Ага ишенейин десеӊ, чыгашаларды эсептеп берип койгону үчүн эле «Килборн вестерн» 5,5 млн. долларга маарыса, финансылоону уюштуруу үчүн 37,4 млн. доллар, юридикалык кызмат көрсөтүүгө 7,4 млн. доллар, консультант, кеӊешчилерге 5 млн. долларлык акы төлөө сыяктуу кызмат көрсөтүүлөргө миллиондогон долларлар самандай сапырылган. «Камеко» бардык чыгымды көтөрүү милдетин алган соӊ, неге чыгымдарды ашыкча көрсөтүп атыр?» деген суроо жаралары турган иш. Мунун эки себеби бар.
Биринчиден, «Камеко» кенди иштетүүгө кетет делген 452,2 млн. доллардын 15 млн. долларын гана өз чөнтөгүнөн төлөгөн, калганын карызга алган. Ал эми бул карызды, тактап айтканда, 437,2 млн. долларды «Кумтөр Алтын» биргелешкен компаниясы төлөгөн. Демек, карыздын 67%ын Кыргызстан жапкан. А келишимде кенди иштетүүгө кетчү каражатты табуу милдети «Камекого» жүктөлгөнүн дагы бир жолу кайталап өтөлү. Анан «Камеко» чыгашаларды жасалма түрдө көбөйтүп, ар-намысы жок, акча дегенде жантыгынан жата калган кыргыз чиновниктеринин мээсин тегеретбегенде кимдин мээсин тегеретмек?
Экинчиден, пайданы бөлүштүрүү «Кумтөрдөн» өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнөн эмес, бардык чыгымдарды жапкандан кийин калган каражаттын эсебинен бөлүнмөк болгон. Тактап айтканда, «Камеко» канча берсе, ошого ыраазы болуп жүрө бермекбиз. Чындыгында эле ошондой болгонун турмуш өзү ырастабадыбы.
«Кенди өзүбүз иштетебиз, силер сокур тыйын төлөбөйсүӊөр» деп убаданы дүӊүнөн берген канадалыктар бизге бир катар талаптарды коюшкан. Алар 1992—1997-жылдар аралыгында кошумча нарк салыгы, транспорт салыгы, жер салыгы сыяктуу салыктардан бошотууну кабыргасынан коюшкан. Кыргыз бийлиги «ляппай» деп «Камеконун» бул талабын канааттандырышкан.
«Кумтөр» ишке кирген күндөн тартып аферанын очогуна айланганын, ага ошол кездеги кыргыз бийлиги жол бергенин карап отуруп мамлекеттик комиссиянын: «Канадалыктар биз койгон талапка моюн сунбаса, келишимди бир тараптуу бузабыз. Себеби, «Кумтөр» — мамлекетин, элдин байлыгы. Ал экономикабыздын өнүгүшү, элибиздин жыргалчылыгы үчүн кызмат өтөшү керек» деп бекеринен чырылдабаганын түшүнөсүн. Канадалык инвесторлор «чү» дегенде эле ээрге кыйшык отуруп, келишимдин шарттарын аткарбай, кенди ишке киргизүүгө сарпталган чыгымдын 15 млн. долларын гана төлөп, калган 437,2 млн. долларды Кыргызстандын эсебинен төлөткөнү далилденип отурат. Бул дагы бир жолу кайталайлы, канадалык инвесторлордун келишимди аткарбаганынын айкын далили. «Центерра Голд Инк.» мамкомиссиянын жыйынтыгын тааныбайбыз, укугубузду эл аралык сотто коргойбуз деп чамынган күндө деле, башынан эле келишимдин шарттарын аткарбаганына ынанган эл аралык сот канадалыктардын эмес, кыргыз тараптын таламын талашары шексиз. Анткени, эл аралык сот деле канадалыктар 20 жылдан бери «Кумтөрдү» сүлүк курттай соруп, алтын кенин каалагандай майкандаганын конкреттүү фактылардын негизинде түшүнгөн соӊ акыйкаттуу чечим чыгарар. Муну алдын ала сезген «Центерра Голд Инк.» эл аралык сотко жеткирбей эле мамкомиссиянын сунуштарына моюн сунуп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аргасыз болор…

#5 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 06 Февраль 2013 - 11:30

Просмотр сообщенияАбдылда Чон-Алай (05 Февраль 2013 - 10:22) писал:

Саламатсынбы Айгул. Чон-Алай районундагы ОсОО "Кайди" ишканасынын ишмердуулугун мамлекеттик комиссия тарабынан 3 айга токтоткондугу маалым.
Экологиялык кокунучту жана техникалык мучулуштуктору учун деп жазылган. ОсОО "Кайди" ишканасынын ишмердуулугун токтотуу боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан конкретно жазылган корутундусун кайдан билсек болот. Айгул мумкунчулук болсо тааныштырып койсон. Анткени эртен эле токтотуу мооноту буткондон кийин кандай замечаниялар аткарылды, кайсынысы болгон жок деген бутмду коомчулук талап кылат да.

Запрос можно отправить по данной ссылкеhttp://www.geti.kg/index.php/feed-back
Материалы которые есть по Кайди отправлю на вашу почту

#6 Гость_Абдылда Чон-Алай_*

Гость_Абдылда Чон-Алай_*
  • Гости

Отправлено 08 Февраль 2013 - 13:16

Айгул большое спасибо! Я жду необходимые материалы ОсОО "Кайди" по месторождению Караказык Чон-Алайского района

#7 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 14 Февраль 2013 - 18:26

Урматтуу коллегалар! чындыгында жаны ачылган коомдук кабылдамалар бул жаатта тажрыйбалары аз болгондуктан Сиздердин тажрыйбаныздарды болушот деп кутобуз.

#8 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 18 Февраль 2013 - 12:29

Баракелде - Бишкекте «Парк Отель Бишкек» мейманканасында 18-февралда «Тоо-кен өндүрүүчү тармагы: геология, экономика, укуктук жөнгө салуу жана өнүгүү келечеги» атуу семинар өтөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы малымдайт.
Анда Кыргызстандагы кен запастары, анын наркын баалоо ыкмалары, тоо-кен өндүрүү тармагынын мүмкүндүктөрү жана коркунучтары, анын экономикалык мүмикүнчүлүктөрү жана башка маселелер талкууланат.
Семинар ЮСАИДдин көмөгүнүн астында Тоо-кен өндүрүү тармагын өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча «Реформа» долборунун алкагында өтүүдө.

#9 sedep

sedep

    Новичок

  • Пользователи
  • Pip
  • 4 сообщений

Отправлено 12 Март 2013 - 19:36

Тогуз-Торо районунда «Седеп» коомдук бирикмесинин 2013-жылдын 1-мартында райондук жетекчилер үчүн кен тармактарынын ачыктыгы демилгеси боюнча ѳткѳргѳн тематикалык-маалымат жыйынын жыйынтыгынын негизинде 2013-жылдын 12-мартында Тогуз-Торо районунда айылдык кеңештердин депуттаттары акимдин бир жылдын ишинин отчетун угуу үчүн райондук сессия ѳтүшүп, андан кийин жалпы коомчулук менен бирге Тогуз-Торо районундагы кен тармактары ишканаларынын отчетторун жана алардын кандай социалдык пакеттери сунушташаарын угууга карата коомдук угуу уюштурушту. Коомдук угуу Казарман айылындагы Макмал орто мектебинин актовый залына уюштурулуп, жалпы 200гѳ жакын адам катышты. Коомдук угууга «Панд-Шер» кѳмүр казуучу ишканасы, «Макмалалтын» кен комбинатынын администрациясы, "Кыргызалтын" АККсынын вице-президенти Абдырахманов Сагынбек, «Макмалалтын» комбинатына дамбаны куруу боюнча Чуй областынын Жайыл районуна караштуу «ЛОИ» жоопкерчилиги чектелген коомунун ѳкүлдѳрү катышты. Коомдук угууда кѳмүр кенин казуучу, дамба куруучу ишканалардан коомчулук ушул кезге чейин эмнеге коомчулук алдына келип лицензиясынын ачыктабагандыгын, мыйзам чегинде иш алып барууларын талап кылышты.Жергиликтуу аймактын ѳнүгүүсүнѳ, жергиликтүү калктын кызыкчылыгына карата
жана «Жер казынасы» жѳнүндѳ мыйзамынын негизинде кандай социалдык пакеттери бардыгын сурашып, бардык ишканалардан канааттандыраарлык жооп ала албагандыктан, апрель айына отчетторун жана социалдык пакеттерин, кетирген кемчиликтреи боюнча ондоого карата иш-чараларынын планын даярдап келүүгѳ тапшырма беришип, эгерде тийешелүү мыйзам чегиндеги деңгээлде жооп беришпесе, мыйзам чегинде коомчулук кѳмүр кенинин жана дамба куруучулардын иштерин токтоорун айтышты.

#10 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 20 Март 2013 - 20:15

Нарында 10 негизги себеп митинг, акцияларды уюштурууга шарт түзүүдө
13 март 2013, 17:28

Баракелде - Бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында бир катар таасир этүүчү, чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелер айрым саясий күчтөрдүн жана кыймылдардын ар кандай маанидеги митингдерди, акцияларды уюштурууга шарт түзүүдө Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн бөлүм башчысы Өмүрсултан Мамаев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин.

Анын айтымында, жер-жерлерде төмөндөгүдөй орчундуу жагдайлар бар. Маселен Нарын суусунун булганып агышына «Кумтөр» компаниясынын тиешеси барбы? деген нааразычылык менен катар шаардагы «Он-Арча» базар айланасында дагы чырларга чекит коюла элек. Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында жер басып алуу аракеттер болсо, Бишкек-Торугарт жолунан өткөн оор салмактагы унаалардан жаңы салынган жол бузулуп жатат деген көйгөйлөр бар.

Жумгал районундагы Эпкин айылынын тургундары көмүр салмагын аныктоочу таразага терс маанайда болушса, Нарын районунун Жерге-Тал, Миң-Булак айыл аймактарынын элдери Кум-Бел, Солтон-Сары кен байлыктары боюнча бир пикирде эмес. Ал эми ушул эле райондун Эмгекчил айылынын тургундары ЖК депутаты Нариман Түлеевге карата эртерээк сот өкүмүн чыгарууну талап кылышууда. Кочкор районунда болсо атактуу «Туз» шахтасында жаатташуулар токтобой жатса, Кочкор айылында жер басып алуу аракеттери бар.
Булак : Баракелде

#11 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 26 Март 2013 - 23:01

Мин-Булак айыл аймагынын депутаттарынын билдируусуно караганда 2013-жылдын 23-мартында геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору И.Чунуев аталган айылга келип эл менен Бучук участкасынын маселеси боюнча жолуга тургандыгын билдирген. Бирок белгисиз себептер менен жолугушуу болгон жок.

#12 sedep

sedep

    Новичок

  • Пользователи
  • Pip
  • 4 сообщений

Отправлено 01 Апрель 2013 - 20:42

Тогуз-Торо районунда "Седеп" коомдук бирикмеси райондогу эмгек синирген коомдук ишмерлер, район жетекчилери,активисттер жана таасирдуу атуулдар учун "Кумтор" кени боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын откоргон. Бул жыйында легендарлуу парламенттин депутаты, ошол учурдагы "Алтын комиссиянын мучосу Абибилла Мойдунов озунун озгочо ой-пикирин билдирип жана сунуштарын жазган. Коомдук бирикме форумга да жарыялоону туура коруп жатабыз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин «Легендарлуу парламентинин» депутаты, 1992-жылдын август айында откон Жогорку Кнештин 12-сессиясында тузулгон алтын боюнча комиссиянын мучосу, Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек синирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын алдында озгочо эмгек синирген пенсионер Мойдунов Абийбилладан .

«Мамлекеттик комиссиянын «Кумтор Оперейтинг Компаниясынын» текшерип, чыгарылган жыйынтыгына байланыштуу озгочо ой- пикирлерим жана сунуштарым».


Адеп 1992-жылдын август айында 12-сессияда тузулгон алтын боюнча комиссия, Республикадагы алтын казуу ондурушунун ал-абалын жана перспективасын иликтеп чыгып, парламент алдында маалымат беруу мудосу менен атайын комиссия тузгон эле.
Ошол кезде алтын казуу республикада бир кана Макмал комбинатында жургузулуп жаткан. Ал комиссиянын курамы тогуз кишиден тузулуп, анын жетекчиси болуп Мамбетов Шергазы дайындалган. 12-сессиянын экинчи этабында атайын фактылар менен маалыматтар талдоого алынып, жалпыланып, Кыргызстанда алтын казып чыгарууну мындан ары онуктуруу боюнча ар тараптан негизделип, таразаланган конкреттуу сунуштар даярдалып, Жогорку Кенештин сессиясынын кун тартибине алынып чыккан эле. Депутаттык комиссиянын ишинде ошол эле кезде чет олколук «Комеко» жана башка фирмалар менен контракт тузуудо
кыргызстандын Мыйзамдары (жер казнасы жонундо, чет олколук инвестициялар жонундо)
одоно турдо бузулгандыгы айгинелген. Бул жонундо 1993-жылдын 2-июнунда жиберилген комиссиянын катында Жогорку Кенештин Президиуму менен Окмотуно маалымдаганбыз. Катта, жогоруда айтылган фирмалар менен тузулгон контрактардын натыйжасында, Республиканын чон байлыгын тузгон алтын кени ото шектуу «Сиабеко» компаниясынын кланын колуна тушуп калганын оз убагында билдиргенбиз. Бирок тилекке каршы, бул материалдарга карата Жогорку Кенештин Президиуму тарабынан да,Окмот тарабынан да эч кандай жооп богон жок. Ушундан кийин, алтын боюнча комиссия жардам жана колдоо корсотуу отунучу менен республиканын калайык калкына кайрылууга жана анын материалдарын жарыкка чыгарууга аргасыз болгонбуз. Ким мамлекеттин кызыкчылыгын коздоп жатканын, ал эми айрым «иштермандар» менен астыртан макулдашылып алып, жеке байып-туюнуу амалына отушкон ошол кездеги жетекчилер А.Акаев, Т.Чынгышев, Улуттук банктын торагасы К.Нанаев , ошол кездеги Макмал алтын -комбинатынын директору К. Кыдыров, кийинчерээк Д.Сарыгулов, Жумагулов ж.б оз ара суйлошуп алып, бирин-бири колдоп, укмуштай пара алуу менен Швейцариядагы банктарга счетторду ачтырып, акча котортуп, жалган оздорунун кызыкчылыгы учун Кумтор кени боюнча тузулгон келишимди инветерлердин кызыкчылыгына ылайык тузуп,кол коюп беришкен. Ал эми бирин-бири колдогон мисал катарында Акаевдин озунун банктагы эсеби бар фондусуна 1991-жылдын 27-сентябрында Макмал комбинатынын счетунан, анын директору К.Кыдыров 100мин доллар которуп берген, буга окшогон мисалдар ондоп саналат.
Ошол учурда алтын комиссия «Кумтор» кенин иштетуу боюнча канадалык «Комеко» корпороциясы менен генералдык келишим тура эмес тузулгонун, 21-пунктун кайра тузууну корсотуп, аны алтын боюнча депутаттык комиссиянын мучолорун катыштыруу менен кайрадан карап чыгып, андай келишимди жаныдан тузуу жонундо Окмотко сунуш киргизгенгенбиз. Бул маселе боюнча Премьер-министир Т. Ченгышевдин колу коюлуп, 1993-жылдын 4 –августунда кабыл алынган Окмоттун №348 токтомунда парламенттик комиссиянын мындай жуйолуу киргизилген сунушка макулдук берилген болучу. Бирок Чынгышев отставкага кетери менен Президент А.Акаев озу баш болуп «Кыргыз элинин бактысына, осушуно парламентте тузулгон «алтын комиссия» жолто болуп жатат, бизди иштетпей жатат» деген сыяктуу адам ишенбес айыптарды тагып, радиодон, телекорсотуудон, бийликти жактап суйлогон гезит беттеринен кайра-кайра ачык эле жар салынып, депутаттарды шайланган моонотунон мурда таркатуунун аракетин тынымсыз коруу менен депутаттынк комиссиянын мучолорун ар кандай сунуштар менен кызматтарды беришип, комиссияны таркатуунун амалын корушту. Ошонун негизинде комиссиянын мучолору А.Н. Ежов, Ж. Ташыбекова, А. Осмоновдор комиссияны таштап кетишти. Ал эми бийлик башындагылар жер жерлердеги акимдерине, Губернаторлоруна жана туз эле депутаттарын кезектеги сессияга жибербегиле деп буйрук берилгендиктен, 1994-жылдын сентябрь айында кезектеги сессияга келген депутаттардын кворум болбогондуктан таркап кетууго (моонотунон мурда) аргасыз кылышты.
Ал эми легендарлуу парламенттен кийин шайланган депутаттардын учурундагы А.Акаев, К. Бакиев президенттин учурундагы мамлекеттин кызыкчылыгын коздобой, жеке гана оздорунун кызыкчылыгына ылайык тузулушко генералдык келишимдер кылмыштуулук жагдайда тузулгондугун далилдуу фактылар менен аныктаган «Кумтор Оперейтинг» ишин мамлекеттик комиссиянын аныктамасына менин кошумча сунуш пикирлерим томондокучо:
1) Азыркы учурдагы «Кумтор Оперейтинг» комиссиясы менен суйлошуп жаткан Окмоттун комиссиясы тез арада бир пикирге келишалбаса, суйлошууну токтотуу менен келишимди жокко чыгарып, озубузго алуу керек, аны озубуз иштешибиз керек. Ал эми «Алар сотко кайрылат , алар утбайт» дегендер ошол кумторду жактоочулары, мурда пара алгандар, ошолордун туугандары,балдары, иштеп жаткандардын созу.
Биз эч качан уткузбайбыз, Канадалык афиристтердин тузгон келишими кылмыштуу келишим экенин дуйнолук коомчулук , биздин пайдабызга чечет. Себеби Кумтор Кыргыз элинин менчиги, бактысына жаралган кен- биздин элибизге кызмат кылышы керек.
2) Кумторду иштетуу учурундагы экологиялык жана экономикалык жактан келтирилген зыянды акчалай турдо эсептеп чыгып, аны тиешелуу эл аралык органдарга берип да болсо ондуруу керек.
3) Мурдагы тузулгон келишим учурундагы кечип койгон налогду кайрадан убагында туура эмес чыгарылган чечимдерди жана фактыларды далилдуу турдо негиздеп,«Кумтор Оперейтинг» компаниясынан убагында алынбай калган налогду кайрадан толотуп алуу керек. Ошол кезде иштеген налог ээлерин жана куноолуу жетекчилердин устунон иш козгоо керек.
4) Убагында Канадалыктарга 40 жылдан ашык убакытка чечим чыгарып берген Президент менен чогуу жешкен анын жан жоокорлоруно , мурдагы Жогорку Кенештин торагасынын, конституциялык соттун торайымы Басковалардын жана башкалардын устунон кылмыш ишин козгоп, жоопко тартуу керек, уй-мулкун конфискациялоо керек.
5) Азырынча комиссиялардын оз ара суйлошуулору журуп жаткан учурдун чечилип бутконго чейинки убакыт аралыгында алынып жаткан алтынды Кыргызстандын территориясынан Канадага алып чыгып кеткенге тыюу салып, токтотуп туруу керек, ал эми алтын алуу иштетиле берилсин.
6) Кумтор кенин иштетуудогу кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды: А.Акаев, К.Бакиев, А. Жумагулов, Т. Чынгышев, Д. Сарыгулов, А.Сарыгулов, Нанаев, Усаков, Чудинов, К.Кыдыров, А.Жакыпов ж.б толуп жаткан тиешелуу адамдарды устунон иш козголуп, уйлорун (ж.б материалдык чыгымдарын эсептеп)ж.б негизги каражаттарын конфискациялап мамлекеттин эсебине алуу керек.
7) 1992-жылы алтын кенин казуу Республикада бир гана Макмал Алтын Кен Комбинатында жургузулгонун, ошол учурдагы кылмыш иши жазалып, убагында биринчи алтын комиссия менен аныкталган жеп ичуулор, ал жонундогу материалдар Жогорку Кенешке тапшырылган. Шаардагы оздоруно комбинаттын эсебинен курулган тамдар ,ж.б чыгымдардын негизинде ошол кезде иштеген Макмал алтын кен комбинатынын жетекчилеринин устунон иш козгош керек жана чыгымдарды оордуна коюу керек.
8) Азыркы убакка чейин тоо кендерин ж.б кендерди (комурду ) иштетуу учун берилген лицензияларды жараксыз деп таап, аны азыркыдай комиссия тузуп, ага тендер жарыялап, кайрадан тез аранын ичинде келишим тузу керек. Жетекчилик башкаруу Кыргызстандыктардын колуна берилуусу керек.
9) Кумтор кенинде жеке эле алтын гана алынганжок да, аны менен кошо комплект катарында казылып алынган кумуш,вольфрам , теллур, кукурт алынды да ошону да Канадалыктар ушуга чейин казып алган 270 тонна алтынга кошумча тиешелуу санын эсептеп, аны акчалай ондуруу керек.
10) Алтын иштеткен компаниялар менен келишим тузгондо, алынган кенден 50% ти накта алтын турундо (натуралай) алуу керек, эритилип алынган нак алтын Кыргызстандын банкында 2-3 кун сакталып туруу керек. Эгер Кыргыз Окмоту 2-3 кундо акчалай толоп бере албаса, компания алтынды оз олкосуно алып кеткенге руксат беру керек. Бул деген Кыргызстанды запас алтын валюта фондун тузгонго шарт тузот. Компания эгер сверх жагын алса, анда 60% налог алуу керек.
11) ОАО «Кыргыз алтынды» туп тамырынан бери кайра тузуп чыгуу керек. Алардын аркасынан буткул алтын казууга лицензия алып, иштетип жаткан компаниялардын устунон контрольдой турган укукка ээ кылуу керек. Ал эми ушул кезге чейин формалдуу иштетип келген директорлор советин тез арада жоюу керек. Алардын ушул убакытка чейин алган маяна-акысын кайрадан толотуп алып, мамлекеттин эсебине чегеруу керек. Ушул убакытка чейин тузулуп, жашап келген алтын коцерн (20-жылдан ашык), булардын кучу менен бирдагы кен ачылып, чалгындалган жок.
12) Макмал алтын кен комбинатынын эсебинен жашаган «Кыргыз алтынды» жойуп, Макмал алтын комбинатына мыйзамда каралган оз алдынча иш каналык укукка ээ кылуу керек да, концернди жоюу керек.
13) Кыргыз Республикасынын Окмоту азыр иштеп жаткан Иштемберди, Бозымчак, Чаарат, Жамгыр, Ункур-Таш ж.б кендерден лицензиялар кайрадан карап чыгып, Окмот озунун улушун беришсин деп келишимди тез арада корсотуу менен жаны келишим тузуу керек.

#13 sedep

sedep

    Новичок

  • Пользователи
  • Pip
  • 4 сообщений

Отправлено 13 Май 2013 - 13:07

«Седеп» аялдар коомдук бирикмеси Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл округунда Дүйнөлүк Банктын «Кыргыз Республикасында КТАД процессине граждандык коомдун тартылуусун жана маалымдуулугун жогорулатуу» программасын ишке ашырууга карата «Борбордук Азиядагы Евразия Фондусу каржылаган «Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы жергиликтүү калктын деңгээлинде кызыктар тараптар арасында КТАД боюнча талкуу аянтын түзүү» долбоорун ишке ащыра баштады.
13-18-май күндөрү Каргалык айыл округунун Чет-Булак айылынын тургундары жана Каргалык айылдык Кеңеши жана айыл округ кызматчылары, жарандык коому үчүн 3 тематикалык маалымат жыйынын өткөрмөкчү. 21-22-май күндөрү Борбордук Азиядагы Евразия Фондусу менен биргелекте КТАД боюнча 25 адамдан турган 2 топко тренинг семинар өткөрөт.

#14 Tomas

Tomas

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 01 Июнь 2013 - 19:33

Силерге ырахмат, седепчилер! Айрыкча Мойдунов Абийбилланын маалыматы учун. Ушундай нерселерди алып чыкса болот экен го.. Бу Консорциумдун мучолору, силер да окуп чыгып, сунуштарынарды берсенер боло? Бул нерсе, мен ойлойм, силерге (жана бизге) баары бир болбош керек. Анда эмесе, пикиринерди жазгыла!!!

#15 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 01 Июнь 2013 - 21:16

2013-жылдын 30-мартында Нарын районуна караштуу Мин-Булак айылында 2033-жылга чейин "Джонг джи майнинг компани" тарабынан Солтон-Сары кенинин "Бучук участкасында" иш жургузуусуно каршылык корсотуу боюнча жыйын болуп отту. Жыйында копчулук калк аталган кампаниянын ишмердуулугуно каршы экендигин билдируу менен келип иш жургузо турган болсо агрессивдуу чараларга бара тургандыктарын айтышты. Бул жерде аталган кампаниянын иш жургузуусуно кызыктар болгон адамдар алардын келип ишттосунон пайда гана боло тургандыгын айтышкан менен жергиликтуу калк кытай кампаниясынан башка инвесторлор менен иштеше тургандыктарын билдиришти.

Ошону менен бирге "Манас Ресурсес" кампаниясы лицензия алгандыгы тууралуу так эмес маалыматтар билдирилди. жогорудагы маалыматты кайсыл булактан алсак боло тургандыгын билдирип коюнуздарды отуном.

#16 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 02 Июнь 2013 - 16:19

Просмотр сообщенияKurmanbek (01 Июнь 2013 - 21:16) писал:

2013-жылдын 30-мартында Нарын районуна караштуу Мин-Булак айылында 2033-жылга чейин "Джонг джи майнинг компани" тарабынан Солтон-Сары кенинин "Бучук участкасында" иш жургузуусуно каршылык корсотуу боюнча жыйын болуп отту. Жыйында копчулук калк аталган кампаниянын ишмердуулугуно каршы экендигин билдируу менен келип иш жургузо турган болсо агрессивдуу чараларга бара тургандыктарын айтышты. Бул жерде аталган кампаниянын иш жургузуусуно кызыктар болгон адамдар алардын келип ишттосунон пайда гана боло тургандыгын айтышкан менен жергиликтуу калк кытай кампаниясынан башка инвесторлор менен иштеше тургандыктарын билдиришти.

Ошону менен бирге "Манас Ресурсес" кампаниясы лицензия алгандыгы тууралуу так эмес маалыматтар билдирилди. жогорудагы маалыматты кайсыл булактан алсак боло тургандыгын билдирип коюнуздарды отуном.
Бул ббулакта болушу мумкун http://geology.kg/licensing/data
http://geology.kg/licensing/data

#17 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 129 сообщений

Отправлено 17 Июнь 2013 - 19:53

Консорциум Кайрылуу катына жооп


17.06.2013 19:32
Консорциум Кайрылуу катЧыг.№ 1/89 “01” апрель 2013 жыл
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиевге
Көчүрмө: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик Агенттигинин директору И.К.Чунуевгеhttp://eiti.org.kg/index.php/ru/home

Жооп 30 майда берилген

#18 Gulzar

Gulzar

    Новичок

  • Пользователи
  • Pip
  • 3 сообщений

Отправлено 10 Февраль 2014 - 16:55

Ала-Бука району бюонча Консорциумдун Коомдук Кабылдамасынын маалыматы

Ала-Бука районундагы тоо-кен тармагында иштеп жаткан фирмалар кыштын суук мезгилине байланыштуу иштерин токтотушкан .Балтагулов айыл аймагынын Баймак участогунда кумдан алтын ээлеп ондуруучу "Долина кассан" фирмасы кум ээлоо укугун ушулжылдын сентябрь айында "ТерроГолд" фирмасына подрядка келишим менен откоруп берген. ТерроГолд"" Кытайлык фирмасы жергиликтуу калк менен жакшы мамиле тузо албай келген, Коомдук кабылдама катары абалды жакшыртууга биз тараптан аракеттер болгон. Келишим менен иштоого уку калган " ТерроГолд" фирмасы айыл аймак менен социалдык пакетти тузгону менен мурда иштетилген жерлерди рекультивациялоо иштерин жургузбостон элдин нааразычылыгын пайда кылып келген - Фирма суук мезгилине байланыштуу ишин токтотуп техникаларды токтотуда жергиликтуу калкка билдирбей туруп башка жайга токтотуу учурунда жергиликтуу бийлик аймактын гаражына токтотуп акт менен оз жоопкерчилигине алган.Ошонтип фирманын техникалары айыл окмо тбашчысы тарабынан убакты оз жоопкерчилигине алынып токтотулган. Фирма март айында келгенде эки тараптуу келишим менен маселе чечилет.

Адылбек Алымов

#19 Nazik

Nazik

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 221 сообщений

Отправлено 04 Июнь 2014 - 16:46

Кок-Таш –Кок-Серек айыл аймактары менен «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясы кызматташтыгы улгулуу.Кыргыз Окмотунун Премерь-Министри Ж. Оторбаев 17-май куну Ала-Бука районунун Кок-таш айыл аймагында жез-алтын ондуруу тармагында иштеп жаткан «Казахмысголд Кыргызстан» компаниясында иш сапары менен болуп, кен иштетунун журушу менен таанышты, Кен иштетуудогу жагы технологиялар менен таанышып жогору баасвн берди. Долбоор башталагандаг берт жалпысынан 30 млн доллр инвнстиция сарпталып 15 млн доллар салык толонгондугун башкы директор И.Тулекеев баяндады. Окмот башчы Кок-Таш жана Кок-серек айыл аймак башчыларынынкомпания менен оз ара кызматташуусу боюнча баяндамасын угул компания менен жергиликтуу калктын мамилеси улгулуу экендигин белгилеп, мындай кызматташууну башка аймактарга таратуу зарылдыгын айтып тийешелу жооптуу адамдарга тапшырма берген. Окмот башчысынын бул тапшырмасын аткаруу алкагында мамлекеттик геология миниралдык ресурстар агенттиги тарабынан 28-май куну компанияга Республиканын кен ондурушу бар проблемалуу райондордун акимдери айыл аймактардын жетекчилери менен семинар уюштурулду.Семинардын катышуучуларына компаниянын кен иштетуу технологиясын озгочолуктору менен таныштырылды. Башка компаниялардан айрымаланып фабрикадан иштеп чыгылган калдыктарды 14 пайызга чейин нымдуулукту томондотуу менен сактоочу жайга жайгашкандыкта.Компания жумушчуларга жогорку денгээлде шарт тузгондугуно ыраазы болушту, жатак болмолодо торттон жашашат, медициналык козомол жургузучу шарты бар болмолор, жуунучу жай , ыссык-муздак суусу дайым камсыз бологон. Бош убакытта каалочулар учун тренажор залы, кино корсотучу залдары менен танышты.Компания менен Кок-Таш жана Кок-Серек айыл аймагынын жергиликтуу калкы менен оз ара стабильдуу кызматташуусунун шарттары семинар катышуучуларын озгочо кызыктырды.. Компания айыл аймактарда маалымат борборунды уюштуруп алар аркылуужумушка жайгаштыруу жана башка маалыматтарды калкка жеткирип , оз кезегинде калктын суроо талаптарын компанияга маалымдап, жообун берет. жергиликтуу ишкерлер аркылуу айыл чарба продукцияларын сатып алышат. Кок-Таш айыл аймагындагы «Кок-Таш голд сервис» «Бозумчак голд сервис» жана «Кок-Таш экотазаширеси» кооперативдери компанияга айыл чарба продукцияларын, варенье, момо-жемиштерин, ондуруш учун керектуу тигилуучу продукцияларын жеткирип туру боюнча кооператив жетекчилери семинар катышуучуларына маалымат беришти. Семинардын жыйынтыктоочу болугундо компаниянын жекчилиси И Тулекеев, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы А.Кулуев,айыл аймак башчылары А.Алымов, К.Исраиловтор компания менен жергиликтуу жамааттар ортосундагы социалдык - экологиялык багытта кыщматташуусу жонундо маалымат беришти . Семинар катышуучусу Панфилов , Кемин Жети-Огуз , Чаткал, Кадамжай райондорунун акимдери оздорунун ой-пикирлери сунуштары менен болушуп компаниянын иш аракети мактоого татыктуу экендигин белгилешип ыраазычылыктарын билдиришти.


Ала-Бука коомдук кабылдама жетекчиси А.Алымов

#20 Nazik

Nazik

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 221 сообщений

Отправлено 25 Август 2014 - 10:49



Чаткалдыктар фирманын фабрика куруучу жерине каршы чыгышууда
Ишемби , 23 Баш Оона 2014






11 август күнү Чаткал районунда геологиялык чалгындоо ишин алып барып жаткан “Кичи Чаарат” фирмасы Каныш-Кыя айыл аймагынын Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарынын калкы менен жолугушту.
Жолугуу алгач Башкы-Терек айылында болуп, жолугушуунун алдында район акими Канжарбек Эшалиев фирмалар тарабынан район аймагында турмушка ашкан иш чаралар тууралуу токтолуп, районго келип жаткан ар бир фирма менен тыгыз кызматташып, алардан көрүнүктүү пайда алып калуу керектиги тууралуу өз пикирин айтты.
Андан соң, “Кичи Чаарат” фирмасынын өкүлдөрү фирманын 2017-жылдан баштап кен өндүрүү ишин колго алчу мезгилге карата коюлган иш пландары, аткара турган негизги жумуштары, кен казылуучу аймак, кен ылгоочу фабрика жайгашчу жерлер тууралуу маалыматтарды слайд шоу аркылуу элге түшүндүрмө беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө, фирманын өкүлү У. Сяоган айыл калкынын суроолоруна жооп берди.
Жолугушуунун соңунда, Башкы-Терек айылынын тургундары фирманын өкүлдөрүнө айылга ичүүчү таза суу жеткирип берүү талабын коюшуп, фирма өкүлдөрү айыл тургундарынын талабына макул экендиктерин билдиришти.
Андан соң, жолугушуу Чакмак-Суу айылында болуп, анда да фирма өкүлдөрү айыл тургундарына слайд шоу аркылуу алдыдагы иш пландары менен тааныштырышты.
Слайд шоу көрсөтүлгөн соң, кызуу талаш-тартыштар башталып, айыл тургундары –ичүүчү таза суубуз булганат-деген жүйөнү бетке кармап, кен ылгоочу фабрика курулуучу жерге таптакыр каршы чыгышты. Айыл тургундарынын айтымында, фирманын өкүлдөрү мындан эки айдай мурда калк менен жолугушууда Көк Дөбө деп аталчу, фабриканын азыр курулчу жайынан алысыраак жерди көрсөтүшкөндүктөрүн айтышып, азыркы көрсөтүлгөн жерге фабрика курулчу болсо, айыл тургундары пайдаланып жаткан суу булганып, айылдыктар ар кандай ооруларга чалдыгышы мүмкүн экендигин айтышып,фабриканы, мурда көрсөткөндөй, Көк Дөбөгө курушун талап кылышты. Төрт сааттан ашуун убакыт талаш-тартыштан соң, район акими Канжарбек Эшалиевдин сунушу менен, фирма өкүлдөрү Башкы-Терек жана Чакмак-Суу айылдарынын тургундарынан турган өкүлдөр тобун бир жуманын аралыгында “Кыргызалтын” мамконцернинин Терек-Сай бөлүмүндөгү жана коңшулаш Ала-Бука районунун Бозумчак кенинде иштеп жаткан “КазакмысголдКыргызстан” компаниясындагы иштер жана андагы экологияны сактоо маселелери менен тааныштырып келүүнү моюндарына алышты. Чакмак-Суу айылынын тургундары жогоруда аталган кен аймактарына барып келген сон, бир пикирге келишээрин, бирок, ал жактагы болуп жаткан иштер билким, булардын пикирин оң жагына өзгөртпөстүгүн айтышып, район акиминин сунушуна макулдугун билдиришип, таркашты.
Мухамедалы Эшназаров, Miningnews.kg





Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик