Перейти к содержимому


жергиликтүү эли, айыл өкмөтү жана компаниялар менен өз ара кызматашуусу

айыл өкмөтү жана компанияла Ала – Бука районунун Көк – Та

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 21

#21 Nazik

Nazik

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 221 сообщений

Отправлено 17 Декабрь 2014 - 14:55

Ала - Бука районундагы КТАДды жайылтуу коомдук кабылдамасы Сорос Фонду каржылаган проект боюнча 20 декабрда 2014 - жылы коомдук угууну откоруудо. Коомдук угууда тоо кен тармагынын кызыктар тараптардын арасындагы келишим каралат.Бул Келишимдин проекти талкулдоого чыгарылды.Сиздердин сунуш - пикирлеринизди болушууго чакырабыз.

Прикрепленные файлы



#22 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 02 Июнь 2017 - 23:37

  • Элдик байлыктын эсеби болсун.
    Кандай мамлекет болбосун анын социалдык экономикалык онугуу денгээли жана калкынын
    бакубат жашоосу аймагындагы болгон табигий ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга
    байланыштуу .Биздин доорду «кара алтындын» доору катары сыпатташат анткени нефттинин
    баасы осуп, нефть ондургон мамлекеттерде экономикалык осуу ыкчам болгон. Кийинки
    кылым таза суунун кылымы деп атышат. Тилеке каршы нефтиси коп мамлекеттердин баары
    эле онугууго жетишкен жери жок, анткени байлыгынын эсебин таппай баш аламан
    башкарылып, акыры журуп пайдалуу кен байлык бир ууч адамдардын , кландардын
    менчигине отуп карапайым калк байлыктан пайда корбой ,талаш- тартышка барып анан
    жарандык согуштар чыккан мамлекеттер коп болуп жатат мындай корунущту «Кен байлыктын
    каргышы» деп аташып журушот . Ошондуктан мамлекеттердин онугуусу ал мамлекеттин
    аймагындагы пайдалуу кендердин коп же аздыгында эмес анын эсебин таап туура
    пайдалангандыгында, башкысы кен байлыты башкарууда ачык айкындуулуктун камсыз болуп ,
    кенден алынып жаткан пайда калктын жыргалчылыгына жумшалышында жана калктын кен
    байлыктарын башкарууга катышуусунун камсыз болгон же болбогондугунда .
    Биздин мамлекет аймагында нефть курлары аз болгону менен алтын , жез, комур жана башка
    минералдык ресурстарга бай. Башкы маселе жергебизде болгон пайдалуу кендин так эсебин
    алып натыйжалуу ачык айкын пайдаланууну уюштурууда. Кийинки убакыттарда
    республикабыздын жетекчилиги тарабынан кен байлыктарды натыйжалуу пайдалануу боюнча
    бир топ жакшы мыйзамдар кабыл алынды. Улуттук денгээлде ирии кен чыккан жерлер
    жонундогу маалымат копчулуко жеткиликту боло баштады. Бирок жергиликтуу денгээлде эсеп
    учет жургузуу, кен байлыктарды сактап натыйжалуу иштетуу боюнча иш журбой келет.
    Райондун аймагында алтындын,жездин,кумуштун, сурьманын,темирдин, цинктин, коргошумдун
    ошондой эле баалуу таштардын курулуш жасалгалоочу таштардын, жер семитркичке-курулушка
    пайдалануучу топурактын турлору, жер астындагы ичуучу суулардын корлору арбын.Бул кендер
    мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик жер аянттарда кездешет. Айрым ирии жана
    орто коломдогу пайдалуу кен чыккан жерлер иштетилип же чалгындалып жатат.
    Мамлекеттин балансында жок кичинекей кен чыккан жерлер аябай эле коп, иштетилип
    буткон жер аянттары да бар.
    Сорос Кыргызстан фондусунун колдоосу менен биздин коомдук бирикме жергиликтуу оз
    адынча башкаруу органдарынын жана жергиликтуу коомчулуктун окулдоруно
    маалыматтык окутуу иш чараларды окторуп келет. Бул окууларда жергиликтуу экономика
    учун кен байлыктарды натыйжалуу пайдалануунун мааниси , айыл аймактардагы кен
    байлыктарды башкарууга жергиликтуу калктын катышуу жолдору жана мумкунчулкторун
    пайдалануу боюнча тушундуруу берип келебиз.
    Жергиликтуу бийлик тарабынан пайдалуу кен аянттар кандай шартта , учетко ким
    тарабынан эсепке алынып жатат, алардын келечеги кандай - бул боюнча эсеп жургузуучу тарап
    аныкталбай келуудо .Ошондуктан жергиликтуу бийлик тараптан аймагындагы пайдалуу
    кендердин эсебин алынышы эн зарыл маселелерден болуп турат. Айыл окмот башчыларына
    кен байлыктарды башкарууга катышууга мыйзамдык негиздер бар. Кыргыз Республикасынын
    Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары жонундо мыйзамда айыл окмотторунун
    пайдалуу кендер менен иш алып баруу укугу каралган. Ал эми Жер казынасы жонундогу
    мыйзамында кен чыккан жерлерде откорулучу конкурс - аукциондук комиссиялардын
    курамына жергиликтуу бийлик окулдору катышуусу, жер аянтын кен пайдаланууга болуп
    бериши, иштетилген жер аянттарды рекультивациялоону уюштуруу айыл аймак башчыларына
    бекитилген. Айыл аймак жетекчилиги кен иштетууго келген тарап менен биргеликте
    мамлекеттик экологиялык экспертизаны уюштурууга же коз карандысыз экологиялык
    экспертиза уюштуруп коомдук угууну откорууго укуктуу.Муниципалдык жерлердеги кенди

  • башкарууга айыл окмоттору туздон туз катыша алат. Ал эми жергиликтуу калкка керектуу
    курулушка пайдалануучу таш, кум, топурак карьерлерин уюштуруу жергиликтуу башкаруу
    органдарынын компетенциясына кирет.Учурда коп эле жерде оз алдынча кумдан алтын
    казуучулар кездешуудо , мыйзам боюнча оз алдынча уруксатсыз кен пайдаланууга тыюу
    салуу айыл окмотторунун милдети, тилеке каршы уруксатсыз оз башынча казуучулар кен
    байлыкты эбегейсиз ысырапчылыка учуратып экологияга чон зыян келтиришуудо. Ушул эле
    тургундарды уюштуруп мыйзамдуу уруксат алып экологиялык техникалык талаптарды сактап
    келишим менен иштетууну жергиликтуу бийлик колго алса элдик байлык болгон алтыныбыз
    кооромжуга учурабай экология сакталып мыйзам сакталган болот эле. Ошондуктан озубуздун
    жергебиздеги кен байлыктын эсебин алып минералдык ресурстардын кадастрын жургузуп
    натыйжалуу пайдаланууга мезгил келди. Жер жерлерде пайдалуу кендерди иштетууго
    кудуреттуу ишкерлерибиз бар аларды уюштуруучу жетекчилер жок болууда.Адылбек Алымов





Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик