Перейти к содержимому


Кумтор

кумтор

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 62

#1 Gera

Gera

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 27 сообщений

Отправлено 21 Февраль 2013 - 18:30

Министр Т.Сариев: «Кумтөр» алтын кенин иштетүү 2042-жылга чейин мыйзамсыз узартылган

20 февраль 2013, 12:17


Баракелде - Жогорку Кеңеш жыйынында «Кумтөр» алтын кенин иштеткен «Кумтөр оперейтинг компани» жабык акционердик коомунун ишин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, экономика министри Темир Сариевдин иликтөө жыйынтыгы боюнча баяндамасы угулду.
ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, КР премьер-министри баш болгон мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, «Кумтөр» алтын кенин иштетип жаткан «Centerra Gold» компаниясынын жетекчилиги менен директорлор кеңешинин мүчөлөрү, тоо-кен тармагы боюнча адистер, жарандык коом өкүлдөрү катышып жатат.
Темир Сариев берген маалыматына караганда, 1992-жылдан 2009-жылга чейин жалпысынан 3 келишим түзүлгөн. Келишимдердин баары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, жеке кызыкчылыктарга басым жасалган. «Кумтөр» алтын кенинде 716 тонна такталган, жалпысынан 953 тонна алтын бар.
Кенди иштетүү милдети тендер менен конкурсу жок алтын иштетүү тажрыйбасы жок, уран иштетип келген «Камеко» компаниясына берилген. Анын негизинде экспертиза, долбоору жок алтын иштетүү фабрикасы салынган. Фабрика салынып бүткөнгө чейин ишкана баардык салыктардан бошотулган жана ишке киргенден кийин дагы 5 жыл салык төлөбөстүгү белгиленген.
Экинчи келишим 2003-2004-жылы түзүлүп, алтын кендеги биздин акциябыз 33 пайызы, «Камеконун» акциясы 52 пайызды түзүп калган. Ал эми бул жылы башкаруу кыргыз тарапка өтөт деген келишим башкарууга кесипкөй адистер даяр эмес деген негизде жокко чыгарылган. 1997-2011-жылга чейин жалпы өндүрүлгөн 260 тонна алтындан Кыргызстан 4 миллиарддан ашуун чыгымга учураган.
2009-жылы үчүнчү келишим түзүлгөн. Анда «алтын кенине баардык мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары чектелет» деп жазылып калган. Ал парламентте мыйзам бузуу менен ратификацияланып, Конституциялык сот тарабынан бекемделип берилген. Алтын кенин иштетүү 2042 жылга чейин узартылган.
Баяндамачы мамлекеттик комиссия мүчөлөрү «Centerra Gold» компаниясы кенди иштетүүнү улантса, улуттук мыйзамдардын негизинде гана иш алпарсын деген чечимге келгендигин, башкаруу бир компанияга өтүүсү, анын башына кыргыз жараны келүүсү, Директорлор кеңешинде кыргыз тараптан 4 жаран болуусу сындуу бир катар талаптар коюлуп жаткандыгын белгиледи.
Ага болбосо 3 айлык мөөнөт берип, андан кийин келишимди бир тараптуу бузууга (денонсациялоого) барса болорун кошумчалады. Мамлекеттик комиссия өз сунуштамалары менен жогоруда белгиленген 3 келишимге кол койгон кыргыз бийлигинде иштеп келген аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу маселесин койгон.

#2 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 21 Февраль 2013 - 18:34

Министр А.Шыкмаматов: «Кумтөр» келишимин жокко чыгарууга мыйзам жол берет 20 февраль 2013, 15:59


Баракелде - Өкмөт «Кумтөр» боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишимди денонсациялоону сунуштап жатат. Эгер келишимди жокко чыгарбасак, 2042-жылга чейин ушул абалда жашай беребиз деген кеп, деп билдирди юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов.
Министр мындай пикирди бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун кароо учурунда айтты. Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө келишимди жокко чыгарууга мыйзам толугу менен жол берет.
Эске салсак, мамлекеттик комиссиянын төрагасы - экономика министри Темир Сариев 2009-жылы үчүнчү келишим түзүлүп, анда «алтын кенине баардык мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары чектелет» деп жазылып калганын билдирген. Айтымында, ал парламентте мыйзам бузуу менен ратификацияланып, Конституциялык сот тарабынан бекемделип берилген жана алтын кенин иштетүү 2042-жылга чейин мыйзамсыз узартылган.

#3 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 603 сообщений

Отправлено 23 Февраль 2013 - 23:22

«Кумтөрдүн» курулуш иштерин жүргүзүүдө 107 млн. долларлык зыян келтирилип, 180 млн. долларлык суу ресурстары жок кылынган

20 февраль 2013, 13:56

Баракелде - Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Осмонбек Артыкбаев парламенттин 20-февралдагы жыйынында ушундай пикирин билдирди.
Анын айтымында, «Кумтөрдү» иштеткен компания экологияга олуттуу зыян келтирген. «Кумтөрдө» курулуш иштерин жүргүзүүдө 7 млрд. 797 млн. чарчы метр жер бузулган. Ал 107 миллион доллардан ашык зыянга алып келген. Ошондой эле 180 миллион долларга суу ресурстары жок кылынган» дейт ал. О.Артыкбаев ошондой эле канадалыктар экологияга олуттуу зыян келтирип, бирок, ага карата чара колдонбогонуна токтолду.

#4 eelmira

eelmira

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 19 сообщений

Отправлено 26 Февраль 2013 - 17:37

26 февраль 2013


Баракелде - «Кумтөрдү» токтотуп коюу мүмкүн эмес, аны иштетиш керек, деп билдирди Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин байкоочу кеңешинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев бүгүн, 26-февралда АКИpress маалымат агенттигинде өткөн жыйында.
Анын айтымында, «Кумтөрдүн» республиканын экономикасына кошкон салымы чоң. Маалым болгондой, «Кумтөрдөн» түшкөн салык өлкөнүн ички дүң продукциясынын 15-20%ын түзөт. Эгерде «Кумтөрдөгү» Өндүрүш токтосо, анда ички дүң продукциясынын көлөмү 15-20%га, өнөр жай өндүрүшүндө товардык продукция 50-60%га төмөндөйт.
«Өлкөдө ар кандай күчтөр пайда болуп, жалпы кыргыз элинин тоо кен өндүрүшүнүн өсүшүнө каршы чыгып жатышат. Мисалы, 3-октябрда өткөн митингде кээ бир саясатчылар айтты: «Кумтөр чыгарган алтындын 1,4 тоннасы гана Кыргызстанда калып, калганын канадалыктар алып кетиптир», деп. Кумтөр чыгарган алтын 100% «Кыргызалтын» акционердик коомунда тазаланып, аны толугу менен кыргыз мамлекети саткандыгын депутаттардын билбегендиги түшүнүксүз», - дейт ал.
Ал кошумчалагандай, 1997-2011-жылдардын ичинде алтынды сатуудан 4 млрд 860 млн доллар түшкөн, анын 2 млрд 600 млн сому түздөн-түз Кыргызстандын экономикасына кызмат кылган. Калгандары чет мамлекеттерден шаймандарды, техника сатып алууга жумшалган.
«Кумтөрдү» токтотуп коюу мүмкүн эмес, аны иштетиш керек. Чечилбей келген көйгөйлөрдү өкмөт жергиликтүү эл менен бирге чечиши керек. Акыркы убактары кен чыга турган жерлерде жергиликтүү тургундар каршы чыгууда. Ушул көйгөйлөрдү чечиш керек, деп кошумчалады ал.
Анын айтымында, «Кумтөр» ишке киргенден кийин 7 жыл аралыгында жыл сайын бюджетке 11 млн доллардан түшүп келген. Акыркы 4 жылда бюджетке түшүп келген 31 млн доллар 100 млн долларга өскөн.

#5 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 26 Февраль 2013 - 23:59

Баракелде - 22-февраль күнү КР акыйкатчысы Турсунбек Акун 2012-жылы Нарын облусу боюнча атайын өткөрүлгөн «Мыкты айыл өкмөт-2012» кароо-сынагында баш байгеге ээ болгон Нарын районундагы Дөбөлү айыл аймагына барып, ал жерден айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушту.
Дөбөлү айылынан депутат Назгүл Кадырова элге Кум-Төр боюнча дискеттер таратылгандыгын, андан кенди казууда укмуштуудай жаратылыш бузулуп жаткандыгын көрүшүп, балдардан бери жүрөктөрү ооруй баштагандыктарын билдирип, Нарын суусуна атайын лаборатория куруу керектигин кеп кылды.
«Негизи мен Кум-Төргө 3 жолу бардым. Ал жерде 3 фильтр турат. Үчүнчү фильтринен кийин суу да ичкенбиз. Эми Кум-Төргө карата аяр кеп кылсак деймин. Учурунда мен аны каздырбоо тууралуу ачкачылыкка дагы чыккам. Бирок анда колубуздан келген эмес. Акаевдик бийлик ушундай жолго барган. Ал эми таратылган дискеттер атайын элди дүрбөтчү каражат болууда. Башкысы ошол диск менен азыркы бийликти кулатуу саясаты болуп жатат. Биз ушинте эле берсек, анда кандай мамлекет болобуз. Атамбаев шайландыбы мөөнөтү бүткүчө 2017-жылга чейин, Акыйкатчы шайландыбы ал дагы 2018-жылга чейин иштеши керек да. Туура суроо берилди, чынында Нарын суусуна лаборатория салыш керек экен. Ошондо акыйкаттык болот, ушундай ар кандай сөздөр тыйылат. Мен лаборатория боюнча сөссүз маселе коём», - деп жооп кылды Т.Акун.

#6 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 27 Февраль 2013 - 00:43

Нарын дарыясынын кир абалда агышы жергиликтүү калкты дүрбөлөңгө салды
15 январь 2013, 09:41
Баракелде - 13-январь күнү бир катар Нарын шаарынын тургундары Нарын суусунун өтө кир абалда аккандыгын, ошол эле учурда тоңуп турган суу жээгиндеги муздар жарылып, үйөр жүрүп кеткендигин билдирип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин билдирди.
Алардын айрымдары суу жээгинен булганган абалдагы муз калдыгын акыйкатчынын Нарын облустук өклчүлүгүнө алып келгендиктери да белгилүү болду.
Эки Нарын сууларынын кошулган жериндеги метрологиялык жайды үйөр алып кеткендиги маалымат сайттарга жарыяланды.
«Бул пост Чоң Нарын суусунун деңгээлинен 3 метр бийиктикте орун алган. 1990-жылдарда бир жолу муз сыныктары постко чейин жетип, иштен чыгарган. Бирок анда көпүрөгө муз жеткен эмес. Бул сапар муз көпүрөгө чейин жетиптир»,-дейт Нарын метрология борборунун жетекчиси Анвар Ыйманбаев.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Болот Аманбаев ал жерде эч кандай өзгөчө кырдаал катталбагандыгын, жерине барып адистер аныктап келгендигин жооп кылды.
Экотехникалык инспекциянын аймактык башчысы Жаныбек Турдукеев суунун ылайланып кир абалда аккандыгы топтолгон муздардын жээктерди жырып кеткендигине дагы байланыштуу болоорун, ошого карабастан экологдор кир суудан ала келишип, санитардык көзөмөл кызматына тапшыргандыктарын билдирди.
Нарын райондук санитардык эпидиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Сыяпат Сырдыбаева билдиргендей, алынып келген суу Бишкекке атайын лабораторияга жиберилген. Жыйынтыгы бир апта аралыгында чыгат. Ал эми бир катар улуу муундагы жарандар да эч качан кыштын чыкылдаган чилдесинде Нарын суусунда муздар эрип топтолуп, үйөр жүрбөгөндүгүн, мындай жагдай март айларында болоорлугун билдиришти.
Окуя боюнча 14-январь күнү Нарын облустук телерадио компаниясы маалымат таратып, чоң жана кичи Нарын сууларынын кошулуш жеринен тасма көрсөттү. Анда чоң Нарын суусу агып келген өрөөндө муздар сынып, үйөр жүргөндүгү, ал эми кичи Нарын суусундагы муздар кадимкидей эле тоңуп тургандыгы чагылдырылган. Мындай кубулушту тасма аркылуу жергиликтүү эколог Рудбек Абдраев, Нарын шаардык кеңештин депутаты Улан Жаанбаевдер Кумтөрдүн анык таасири деп белгилешти.

#7 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 27 Февраль 2013 - 00:45

Ж.Оторбаев: Тоо-кен тармагындагы долбоорлорду натыйжалуу иштетсек, бюджеттин киреше жагы да өсөт
04 декабрь 2012, 12:23

Баракелде - Тоо-кен тармагын айтсак, «Кумтөр» жалпы салыктын киреше көлөмүнүн 4,5 млрд сомун түзөт, дейт биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Эркин Тоо» гезитинин 4-ноябрда чыккан санына берген маегинде.

Анын айтымында, жалпы мамлекеттик бюджеттин киреше жагы 80 млрд сомдун тегерегинде болсо, анын 5-6%ын «Кумтөр» жабат. Ошондуктан, тоо-кен тармагындагы долбоорлорду натыйжалуу иштетсек, бюджеттин киреше жагы да өсөт. Эгер киреше жагы дагы өсүп калса, чыгашаны да көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк болот. Ошол эле мугалимдердин, дарыгерлердин дегеле бюджеттик кызматкерлердин айлыктарын көтөрүүгө шарт түзүлөт.

«Эмдиги жылдагы негизги приоритеттүү багытыбыз - тоо-кен тармагын натыйжалу иштетүүнү колго алуу. Эл да түшүнүү менен мамиле кылышы керек. Жер-жерлердеги кендер ишке кире турган болсо, жергиликтүү элге да жумуш орундары түзүлүп, экономикабыздын киреше бөлүгү да жогорулайт», - дейт Оторбаев.

#8 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 28 Февраль 2013 - 19:59

Tazabek - Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев считает правильным решение Генеральной прокуратуры КР возбудить уголовное дело по фактам коррупции при заключении соглашений по проекту «Кумтор». Свое мнение он выразил 28 февраля в Киото, отвечая на вопрос АКИpress по поводу дискуссий вокруг соглашений с компанией Centerra Gold Inc.

«Я не хотел бы сейчас в это вмешиваться, чтобы это не расценивалось как давление. Истина рождается в споре. Но я смотрю материалы комиссии [госкомиссии по Кумтору] и знаю как настроено правительство. Но вы видели и реакцию руководства «Центерры» — реакция сдержанная. Я думаю, мы идем правильно», - сказал глава государства.

По его словам, необходимо аккуратно проводить переговоры, «без крика и шума». «Не надо вести себя как дикари — бежать с дубинкой на кого-то. Это стыдно… Надо делать аккуратно и через убеждение. Надо всегда находить такие аргументы, против которых ни у кого не будет контраргументов, в том числе у той же «Центерры», - заявил он.

А.Атамбаев считает, что можно прийти к мирному соглашению, но только «в интересах Кыргызстана». «Было принято правильное решение о том, чтобы возбудить уголовное дело. Причем мы видим, что некоторые, которые больше всего кричали, сами, как оказалось, замешаны в этих неблаговидных делах, если поднять материалы 2003, 2004, 2009 годов и так далее. Обычно, как говорят, «на воре и шапка горит», - сказал президент.

Вчера, 27 февраля, Генеральная прокуратура сообщила о возбуждении уголовного дела по признакам преступлений, предусмотренных статьями 303 (Коррупция), 304 (Злоупотребление должностным положением), 305 (Превышение должностных полномочий) и 306 (Заключение контракта, осуществление государственной закупки вопреки интересам Кыргызской Республики) Уголовного кодекса КР по факту коррупции между должностными лицами государственных органов с отдельными лицами при предоставлении преимуществ иностранным юридическим лицам и заключении на протяжении длительного периода времени с 1992 по 2009 года заведомо невыгодных для Кыргызской Республики соглашений с корпорацией Cameco («Камеко») и проектными компаниями по проекту «Кумтор».

#9 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 06 Март 2013 - 14:04

Бугун Нарын шаарынын борбордук аянтында болжол менен 150 адам катышкан митинг болуп отту митингдин негизги максаты Кум-Тор маселелери. Анын Нарын дарыясы аркылуу Нарындагы жергиликтуу калкка, келечек муунга тийгизген таасири болду.

#10 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 603 сообщений

Отправлено 28 Март 2013 - 17:56

28 март 2013, 11:18

Баракелде - «Республика» фракциясынын депутаты Максат Сабиров бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Кумтөр» долбоору боюнча парламенттин сунуштарынын аткарылышы боюнча өкмөттүн маалыматын угуу керектигин билдирди.
Анын айтымында, парламенттин 21-февралда кабыл алган токтомуна ылайык, иштин жүрүшү боюнча өкмөт ай сайын отчет бериши керек.
«Бүгүн 28-март болду. Биз дагы деле маалыматын уга элекбиз. Жакынкы аралыкта эмне жумуш аткарылып жаткандыгы боюнча маалымат алышыбыз керек. Ал жерде биздин сунуштар дагы болгон, алардын аткарылып жаткандыгын билишибиз зарыл», - ал.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Аширбек Темирбаев билдиргендей, өкмөт бул боюнча маалыматарды даярдап жатат, кийинки жумада депутаттарга отчет берилет.

#11 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 603 сообщений

Отправлено 25 Апрель 2013 - 20:47

23 апрель 2013, 12:19

Баракелде - ЖК басма сөз кызматы маалымдагандай, учурда коомчулукта «Кумтөр» долбоорунун айланасында талкуулар жүрүп жатат. Бул тууралуу ЖК депутаты, «Ата мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев төмөнкүдөй оюн билдирди.
«Кумтөр» долбоору - бул Кыргызстандын тарыхындагы эң чоң афера. Өзгөчө 2003-жылы «Центтерра» кошулганы кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген чечим болгон. Бул маселе ошол кездеги парламент тарабынан бир нече ирет козголуп, чечим кабыл алган.
Ал эми Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы «Центтерра» жөнүндө эки жолу чечим кабыл алып, экөөсүндө тең 2009-жылкы, 2003-жылкы келишимдер жокко чыгышы керек же Кыргызстандын пайдасы үчүн өзгөрүшү керек деген чечим кабыл алынды. Ошондуктан, бул чечимди, ушул талапты көпчүлүк эл колдоп жаткандыгы табигый иш. Ошондон улам дагы биздин жарандар бул маселе радикалдуу тез чечилсин, тез аранын ичинде «Центерра» боюнча келишим жокко чыгып, «Кумтөр» Кыргызстанга өтсүн деген талаптарды коюп жатат, муну мен табигый маселе катары карайм.
«Ата мекен» социалисттик партиясы февраль айында 2009-жылкы «Центерра» боюнча кошумча жаңы келишимди жана 2003-жылкы «Центтерраны» түзүү келишимин жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун киргизгенбиз. Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек. Азыр мамлекеттик комиссиянын чечими бар, Жогорку Кеңеш да үч ай убакыттын ичинде «Центерранын» акционерлери менен сүйлөшүүлөр жүрсүн деген чечим кабыл алган. Андан бери эки айга жакын убакыт өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн максаты - алар кетирген катачылыкты моюнга алып, Кыргызстандын пайдасына өздөрүнүн үлүшүнөн баш тартсын. Эгерде, үч айдын ичинде сүйлөшүүлөр максатына жетпесе, кыргыз өкмөтү аталган келишимдерди жокко чыгарып, сунушун киргизсин деп Жогорку Кеңеш чечим кабыл алган.
24-апрелде митингге чыга турган адамдардын «Кумтөр» боюнча ой-пикирин бөлүшүп, колдогонум менен, мөөнөтү боюнча оюм башка. «24-апрелде каралсын, болбосо парламент тарасын» деген чечим коюп жатпайбы. Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча өз ой-пикирин айткан, сүйлөшүүлөргө үч ай мөөнөт берген. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын пайдасына чечилген эмес деп эсептей турган болсок, июнь айында бул маселеле парламентте каралат.

#12 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 603 сообщений

Отправлено 26 Апрель 2013 - 09:17

Баракелде - Кыргызстандын өкмөтү «Centerra Gold Inc.» курамынан чыгып, Кумтөрдү өз алдынча башкаруусу керек, деп билдирди коомдук ишмер Кубанычбек Исабеков бүгүн, 23-апрелде өткөн маалымат жыйында.
Ал «мамлекеттик комиссия жана өкмөт билбеген фактыларды» айтты. «Сenterra Gold Inc.түзүүдө 2003-жылдын 31-декабрында өкмөттүн отруму өткөн эмес, экс-премьер-министр НиколайТанаев түзүү тууралуу бул документке өз алдынча кол коюп койгон. Ал бул документке кечинде кол койгон, ал эми 2004-жылдын 9-январда 67% акциянын ордуна Кыргызстандын өкмөтү болгону 32,7% алган. Андан кийин биржа аркылуу Торонтого акцияларды (17%) сатууну жүргүзүшкөн», - деди ал.
Анын айтымында, кен чыгуучу жана жер ресурстары тууралуу ар кандай документ ратификациядан өтүшү керек болсо дагы аталган макулдашуу ратификациядан өткөн эмес. «Кумтөрдүн запастары совет мезгилиндеги иликтөө иштери боюнча 716 тоннаны түзгөн, андан кийин дагы 10 тоннаны табышкан. Ал эми Бороо (Монголия) запасы болгону 43 тонна. Бул 43 тоннадан керек болсо 43 тыйын мамлекеттин бюджетине түшкөн эмес, ал эми Гаацурт (Монголия) кен казуучу жер иштебейт. Рен кен чыгуучу жер – өкмөттө жок жана бул кен чыгуучу жердин Техника-экономикалык негниздемеси болгон эмес. «Центерранын» өзүн түзүү - бул алдамчылык, башынан бери алдамчылык болгон.«Центерранын» түзүүчүлөрүнүн бири – «Камеко» компаниясы 2010-жылы чыгып кеткен. Азыр «Центерра» чындыгында Кумтөрдүн эсебинен жашап жатат», - деди коомдук ишмер.
Ошондой эле ал белгилегендей, Кумтөрдөн алынган бардык алтын канадалыктарга эмес эле, «Кыргызалтын» ААКга сатылып жатат. «Аны менен Кумтөр боюнча эч бир комиссия, алтындан башка күмүш жана жез бар экендигин иликтешкен эмес. 62 тонна күмүштү «Кыргызалтынга» саткан жана күмүш менен жезди сатуудан алынган акча бюджетке түшкөн эмес. «Кыргызалтын» алтынды кыргыз банктары аркылуу эмес, орусиялык «Номос» банкы аркылуу сатат. Бул маселеде мүлктү басып алуу кызыкчылыгы бар экендиги белгилүү болуп жатат», - деди К.Исабеков.
Анын пикиринде, Кыргызстандын бир тараптуу негизде Кумтөр макулдашуусунан чыгып кетүүгө жана кен чыгуучу жерге кожоюндук кылууга укугу бар.

#13 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 30 Апрель 2013 - 00:01

29 апрель 2013, 16:24


Баракелде - Акыркы 17 жыл коррупция үчүн эң сонун мезгил болду жана мурунку эки президенттин мезгилинде тең Кумтөр боюнча келишимди кайрадан кароолор болгот, деди вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 29-апрелде Борбордук Азия өлкөлөрүнө иш сапарлар алкагында Кыргызстанга келген Швейцария Конфедерациясынын мамлекеттик катчысы Ив Россье башында турган швейцария делегациясы менен жолугушуунун жүрүшүндө.
«Ошодуктан, биз бүгүн бул Кумтөр менен акыйкатсыз келишим болгон деп айтуудабыз. «Кумтөр» макулдашуусун кайрадан кароо боюнча эл тараптан да, парламент тараптан да катуу талаптар болууда. Бирок бир жагынан алып караганда, бул Кумтөр менен болгон кырдаал мамлекеттин инвестицияларды тартуучу өлкө катары имиджин начарлатат», - деди ал.
Ж.Оторбаев кошумчалагандай, элдер бул маселеге эмоционалдуу мамиле кылып жатышат. «Албетте, инвестициялык тартуулар жагынан жана экономикалык көз караштан алып караганда өлкөбүзгө зыян алып келбөө үчүн кабыл алынган эл аралык практикага ылайык чечүүбүз керек. Ошол эле учурда, биз, бул көйгөй эл аралык арбитражда чечилишин каалабайт элек. Бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечкибиз келет. Биздин көз караштарда бирдиктүүлүк жок болгондуктан, бул оор маселе болууда. Биздин юристтер бул көйгөдүн үстүнөн иштеп жатышат», - деди министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары.

#14 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 603 сообщений

Отправлено 03 Май 2013 - 23:26

Кечээ, 2-майда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен Кумтөр кениндеги металл аралашпаган породанын катмарынын жылышына байланыштуу жагдайды талкуулады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.
Өкмөт тарабынан түздөн-түз Кумтөр кенине атайын комиссия түзүп, жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Атайын комиссия тез арада кен иштетүүчү жердеги жагдайды изилдеп, металл аралашпаган породанын катмарынын жылышынын экологиялык жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген таасиринин деңгээлин аныктап, бул проблеманы чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды киргизмекчи.
Президент комиссия ошону менен бирге, металл аралашпаган породанын катмарынын жылышына байланыштуу Centerra Gold компаниясынын менежментинин аракеттерине дагы баа берүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.
03 май 2013, 12:16Баракелде - «Кумтөр» долбоору боюнча Мамлекетик комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева КР өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү менен бирге «Давыдов» мөңгүсүнүн абалы менен «Кумтөр» кенине барып келди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш жыйынынын «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө «Давыдов» мөңгүсүндө түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.
Депутат Э.Иманкожоеванын пикиринде, «Давыдов» мөңгүсүнүн бош кыртышы менен кошо жылуу ылдамдыгы тездегени байкала баштады. «Давыдов» мөңгүсүнүн жылышы анын үстүнө бош кыртыштын жыйылышынан улам болууда. Ал эми мөңгү ташталган бош кыртыштын сыйгаланып жылышын шарттаган», - дейт депутат.
Андан сырткары, мөңгүнүн жылышы суткасына 5 метрди түзүп, гараждын бир бөлүгү бузулган, «Кумтөр» компаниясынын административдик имараты менен турак жайларына, анын ичинде трансформатор чордону менен жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларына коркунуч туудуруп жатканын айтты.
«Кумтор Оперейтинг Компанинин вице-президенти» Родни Ступариктин берген маалыматына караганда, административдик корпусту башка жерге көчүрүү иштери жүрүп жатат. Компания өкүлдөрүнүн бул маселеге кайдыгерлигинен улам, административдик корпус менен турак жайларды көчүрүү иштерине көп каражат (эксперттердин эсептөөсүндө 70 млн АКШ доллары) жумшалат. Айлана-чөйрөгө да көптөгөн зыян келтирилүүдө», - дейт депутат Э.Иманкожоева.
Депутаттын айтымында, алтын кенин иштеткен компания 2010-2013-жылдары «Давыдов» мөңгүсүнүн жылуусуна мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргызстандын жаратылыш шарты менен тааныштыгы жок канадалык «BGCConsulting» компаниясы чакырылган. «Компания тарабынан мөңгүнүн ылдый карай жылышын токтотуу үчүн эч кандай чаралар көрүлгөн эмес», - деп эсептейт депутат.
Ошондой эле, Э.Иманкожоева экологиялык коркунучка себепкер болгон бош кыртышты мөңгүнүн үстүнө таштоого улуксаат берген «Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү менен кыргыз аткаминерлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселе коюу зарыл экенин баса белгиледи.

#15 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 07 Май 2013 - 18:53

07 май 2013, 13:19


Баракелде - Төгүндүлөрдү мөңгүлөрдө жайгаштырууга башынан эле жол берилген эмес, деп билдирет өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Осмонбек Артыкбаев 7-майда маалымат жыйында.
«Кумтөр» кениндеги төгүндүлөрдүн кыймылын изилдөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын маалыматы боюнча, Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнө төгүндүлөрдү жайгаштыруу боюнча Кыргызстандын УИА геология институтунун гляциология лабораториясынын башчысы А.Дикихтин 1994-жылы «Муздун жана куру породалардын төгүндүлөрү менен жүктөлүүдөгү Давыдов мөңгүсүнүн болжолдуу реакциясы жөнүндө» тыянагы чыккан. Анда мөңгүлөргө төгүндүлөрдү жайгаштырууга жол берилбестиги жөнүндө айткандары маморгандар тарабынан берилген корутундуларда эске алынган эмес.
Бул эксперттер тарабынан көңүлгө алынган эмес жана Давыдов мөңгүсүндө Кумтөр кенинин карьеринин төгүндүлөрүн жайгаштыруу жана түзүү боюнча сунуштарга киргизилген эмес.

#16 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 07 Май 2013 - 18:55

Баракелде - «Кумтөр» долбоору боюнча Мамлекетик комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева КР өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү менен бирге «Давыдов» мөңгүсүнүн абалы менен «Кумтөр» кенине барып келди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш жыйынынын «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө «Давыдов» мөңгүсүндө түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.
Депутат Э.Иманкожоеванын пикиринде, «Давыдов» мөңгүсүнүн бош кыртышы менен кошо жылуу ылдамдыгы тездегени байкала баштады. «Давыдов» мөңгүсүнүн жылышы анын үстүнө бош кыртыштын жыйылышынан улам болууда. Ал эми мөңгү ташталган бош кыртыштын сыйгаланып жылышын шарттаган», - дейт депутат.
Андан сырткары, мөңгүнүн жылышы суткасына 5 метрди түзүп, гараждын бир бөлүгү бузулган, «Кумтөр» компаниясынын административдик имараты менен турак жайларына, анын ичинде трансформатор чордону менен жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларына коркунуч туудуруп жатканын айтты.
«Кумтор Оперейтинг Компанинин вице-президенти» Родни Ступариктин берген маалыматына караганда, административдик корпусту башка жерге көчүрүү иштери жүрүп жатат. Компания өкүлдөрүнүн бул маселеге кайдыгерлигинен улам, административдик корпус менен турак жайларды көчүрүү иштерине көп каражат (эксперттердин эсептөөсүндө 70 млн АКШ доллары) жумшалат. Айлана-чөйрөгө да көптөгөн зыян келтирилүүдө», - дейт депутат Э.Иманкожоева.
Депутаттын айтымында, алтын кенин иштеткен компания 2010-2013-жылдары «Давыдов» мөңгүсүнүн жылуусуна мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргызстандын жаратылыш шарты менен тааныштыгы жок канадалык «BGCConsulting» компаниясы чакырылган. «Компания тарабынан мөңгүнүн ылдый карай жылышын токтотуу үчүн эч кандай чаралар көрүлгөн эмес», - деп эсептейт депутат.
Ошондой эле, Э.Иманкожоева экологиялык коркунучка себепкер болгон бош кыртышты мөңгүнүн үстүнө таштоого улуксаат берген «Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү менен кыргыз аткаминерлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселе коюу зарыл экенин баса белгиледи.

#17 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 20 Май 2013 - 22:42

20 май 2013, 17:26
Баракелде - Өкмөт Кумтөр маселеси боюнча «Центерра Голд.инк» компаниясы менен 3-4 ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 20-майда «Ырыс алды - ынтымак» парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда Кумтөрдө компанияларды бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгы боюнча жакшы жылыштар бар. «Бирок, бардыгы чечилди деп айтуудан алысмын. Маселе абдан оор, 3 айдын ичинде бардык жумушту чечүү мүмкүн эмес. Бардык чечимдер Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеңешүүсү менен кабыл алынат», - деди премьер.


#18 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 603 сообщений

Отправлено 21 Май 2013 - 16:58

Просмотр сообщенияsadat (07 Май 2013 - 18:55) писал:

Баракелде - «Кумтөр» долбоору боюнча Мамлекетик комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева КР өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү менен бирге «Давыдов» мөңгүсүнүн абалы менен «Кумтөр» кенине барып келди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш жыйынынын «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө «Давыдов» мөңгүсүндө түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.
Депутат Э.Иманкожоеванын пикиринде, «Давыдов» мөңгүсүнүн бош кыртышы менен кошо жылуу ылдамдыгы тездегени байкала баштады. «Давыдов» мөңгүсүнүн жылышы анын үстүнө бош кыртыштын жыйылышынан улам болууда. Ал эми мөңгү ташталган бош кыртыштын сыйгаланып жылышын шарттаган», - дейт депутат.
Андан сырткары, мөңгүнүн жылышы суткасына 5 метрди түзүп, гараждын бир бөлүгү бузулган, «Кумтөр» компаниясынын административдик имараты менен турак жайларына, анын ичинде трансформатор чордону менен жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларына коркунуч туудуруп жатканын айтты.
«Кумтор Оперейтинг Компанинин вице-президенти» Родни Ступариктин берген маалыматына караганда, административдик корпусту башка жерге көчүрүү иштери жүрүп жатат. Компания өкүлдөрүнүн бул маселеге кайдыгерлигинен улам, административдик корпус менен турак жайларды көчүрүү иштерине көп каражат (эксперттердин эсептөөсүндө 70 млн АКШ доллары) жумшалат. Айлана-чөйрөгө да көптөгөн зыян келтирилүүдө», - дейт депутат Э.Иманкожоева.
Депутаттын айтымында, алтын кенин иштеткен компания 2010-2013-жылдары «Давыдов» мөңгүсүнүн жылуусуна мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргызстандын жаратылыш шарты менен тааныштыгы жок канадалык «BGCConsulting» компаниясы чакырылган. «Компания тарабынан мөңгүнүн ылдый карай жылышын токтотуу үчүн эч кандай чаралар көрүлгөн эмес», - деп эсептейт депутат.
Ошондой эле, Э.Иманкожоева экологиялык коркунучка себепкер болгон бош кыртышты мөңгүнүн үстүнө таштоого улуксаат берген «Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү менен кыргыз аткаминерлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселе коюу зарыл экенин баса белгиледи.

“Кумтөрдөгү” бош кыртыштардын тездик менен жылышын изилдеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Калия Молдогазиева “Кумтөр” келишиминин мөөнөтү бүткүчө Кыргызстан бир катар мөңгүлөрдөн ажырап калышы мүмкүн экендигин айтты. “Кумтөр” келишими 2042-жылдары бүтсө, анда бизде эч кандай мөңгү калбай калышы мүмкүн. Азыр эле Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү таштандылар менен аралашууда. Таштандыдан чыккан ар кандай зыяндуу заттар аба жана суу аркылуу жергиликтүү жашоочуларга зыян алып келиши мүмкүн. Бул боюнча Нарын облусунун эли абдан тынчсызданууда”,- деди Молдогазиева. 11:15 07-05-2013 Супер.kg

#19 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 603 сообщений

Отправлено 21 Май 2013 - 17:08

"Кумтөр” маселеси боюнча Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүүнүн 2 жолу бар. Биринчиси - алтын кенин улуутташтыруу же келишимди денонсациялоо, экинчиси - эл аралык нормага ылайык иштешүү сунушу. Бул тууралуу 21-майда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекет түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. “Биринчи варианты боюнча кетсек бизди алар эл аралык сотко бериши мүмкүн, ошонусу менен коркунучтуу. Сотту жеңип алуу мүмкүнчүлүгү бизде аз. Эгерде денонсация кылсак, келишимдин эл аралык нормасын бузган болобуз. Өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тегерек столдо бир чечимге келишибиз керек”,- деди ал.

17:06 21-05-2013 Супер.kgАвтор: Ширин Жумадилова

#20 Perizat

Perizat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 33 сообщений

Отправлено 28 Май 2013 - 15:40

Жети-Өгүз районунун эли Кумтөргө байланышкан кезектеги талаптары менен пикетке чыгышты


Каракол, 28-май /Кубан Мамбетов - Кабар/. Саруу айылынын тургуну, жаштар канатынын өкүлү Бактияр Курмановдун айтымына караганда, “Кумтөр” ишканасынын жетекчилиги Жети-Өгүздүктөр койгон талаптарга көңүл бурган жок. Ал жерде болсо улам бир жагымсыз иштер, окуялар кайталанууда. Айрыкча экологиялык абал болуп көрбөгөндөй кырдаалга чыгып баратат.
«Сары-Төр» жайлоосун карай кен катмарынын үстүнөн чыккан топурактарды төгүүгө жана кубаттуу электр станциясын көчүрүүгө жол салынууда. Кумтөрдүн бети туш келди тытмаланып, көргөн адамдын көңүлүн иренжитет. Күн санап жылып келаткан топурак тектерин токтотууга аракеттер аз. Мурдагыдай эле кен катмарынын үстүнөн алынган ири өлчөмдөгү топурак мындагы Давыдов мөңгүсүнүн үстүнө күргүштөтүлүп төгүлүп жатат.

Чогулгандардын алдына Кумтөр ишканасынын жетекчилигинин атынан Гриер Дуглас, Өлкөнүн геология тармагынын, Өкмөттүн Ысык-Көл областы боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчилери чыгып сүйлөштү. Бирок, жергиликтүү элге Дуглас мырза «айтылып жаткан сын-пикирлер толук каралат. Аны жеринде чечүүгө аракет кылабыз» дегени көпчүлүктү канагаттандырган жок

http://kabar.kg/kyr/society/full/44622




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик