Перейти к содержимому


Кумтор

кумтор

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 62

#21 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 02 Июнь 2013 - 23:05

01 июнь 2013, 10:40


Баракелде - Бүгүн, 1-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бир күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт.
Анын айтымында, жаңжал Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду натыйжасыз иштегендиктен чыгып отурат. «Кумтөр» ишканасы иштеши керек, «Кумтөр» - бул Кыргызстандын келечеги. Бул компания ушул жылдан баштап эле туруктуу иштей баштады. Азыр республикада «Кумтөрдү» алмаштыруучу башка ишкана жок. Бозумчак, Талбы-Булак, Иштамберды сыяктуу кен чыгуучу жерлерди ушул жылдын аягында ишке берүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок алардын баары биригип «Кумтөр» жалгыз берген көлөмдүн 75%ын гана бере алат. Аймакта жаңжалдын чыгышынын дагы бир себеби, аймактык жаштар менен иштөө таптакыр жоктугунан. Бул багыттагы иштерди күчөтөбүз», - деди Ж.Сатыбалдиев.
Азыркы тапта премьер-министр Жети--Өгүз районуна баруучу жолдо, ал митингчилер менен жолугушууга бара жатат.
1-июнда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бир күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусунда жүрөт.
Анын айтымында, жаңжал Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду натыйжасыз иштегендиктен чыгып отурат. «Кумтөр» ишканасы иштеши керек, «Кумтөр» - бул Кыргызстандын келечеги. Бул компания ушул жылдан баштап эле туруктуу иштей баштады. Азыр республикада «Кумтөрдү» алмаштыруучу башка ишкана жок. Бозумчак, Талбы-Булак, Иштамберды сыяктуу кен чыгуучу жерлерди ушул жылдын аягында ишке берүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок алардын баары биригип «Кумтөр» жалгыз берген көлөмдүн 75%ын гана бере алат. Аймакта жаңжалдын чыгышынын дагы бир себеби, аймактык жаштар менен иштөө таптакыр жоктугунан. Бул багыттагы иштерди күчөтөбүз», - деди Ж.Сатыбалдиев.
Азыркы тапта премьер-министр Жети--Өгүз районуна баруучу жолдо, ал митингчилер менен жолугушууга бара жатат.

#22 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 03 Июнь 2013 - 19:43

01 июнь 2013, 12:13


Баракелде - Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясынын вице-президенти Родни Ступарик менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Т.Сарпашев аймактагы азыркы болуп жаткан абал тууралуу билдирди. Айрыкча, кырдаал турукташкандыгын, коменданттык саат киргизилгендигин, кен чыгуучу жерге электр энергиясын берүү калыбына келтирилгендигин белгиледи.
Родни Ступарик өз сөзүндө, «Кумтөр» ишканасы адаттагыдай иштеп жаткандыгын билдирди. «2 күн кен казуу иштерин жүргүзгөн жокпуз. Бирок, бул жалпы өндүрүштүк процесске таасирин тийгизбейт, анткени күйүүчү-майлоочу майлар түшөр менен кен казуулар мурдакы калыбына келет», - деди ал.
Аймактагы абалдын турукташкандыгын жана «Кумтөргө» кетүүчү жолдун ачылышын эске алып, Т.Сарпашев Р.Ступариктен келе жаткан дүйшөмбүдөн баштап комбинатты толук кубаттуулкта иштетүүгө киргизүүнү суранды.
«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкүлү белгилегендей, тоскоолдуктар жок болсо эле кен казуучу ишкана белгиленген мөөнөттө өз ишин мурдагы деңгээлге чыгарат.

#23 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 04 Июнь 2013 - 18:54

04 июнь 2013, 16:15


Баракелде - Эгерде «Кумтөр» долбоору боюнча 2009-жылкы келишимди бир тараптуу жокко чыгарууга барсак, «Центерра Голд Инк.» компаниясын жеңгенге бир дагы шартыбыз жок, деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча жана Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында.
Ал белгилегендей, улуттук комиссиянын сунушу боюнча келишимди денонсациялоо шарттары коюлса, көз каранды эмес финансылык жана юридикалык компаниялардын консультанттарынын чечимдери болушу керек. «Бизге бул маселени чечүү үчүн убакыт керек. Анын үстүнө Кыргызстандын юрисдикциясынын ичинде чечип кое албайбыз», - деди Оторбаев.
Ал белгилегендей, эгерде денонсациялоо шартына бара турган болушса, сөзсүз эл аралык нормаларга таянуу керек. Анда «Центерранын» мүмкүнчүлүгү жогору болот. «Эгерде «Центерра» бизди сотко бере турган болсо, аны утканга бир дагы шартыбыз жок. Утулуп калсак, биздин экономикага жана имиджге зыяны тиет. Анткени, эл аралык юристтер үчүн өтө чоң суммадагы акча талап кылынаары белгилүү», - деп кошумчалады вице-премьер.

Баракелде - Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча, ошондой эле Эл аралык иштер боюнча комитеттери өзүнүн кезектеги жыйынында өкмөттүн «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн кабыл алды.
Ага ылайык, өкмөткө үч ай убакыт берилип, октябрь айынын биринчи декадасынан кечиктирилбеши керектиги эскертилди.
Кумтөр боюнча канадалыктар менен сүйлөшүүнүн жүрүшү тууралуу отчет берген кыргыз өкмөтү «Кумтөр» долбоорун мындан ары турмушка ашыруу маселеси боюнча бардык сүйлөшүүлөр жана келишимдер Кыргызстандын позициясын жакшыртуу багытында, мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн гана жүргүзүлөт деп ишендирди.
Натыйжада комитет мүчөлөрү алардын отчетун маалымат катары кабыл алып, Жогорку Кеңештин жыйынынын кароосуна жөнөттү.

#24 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 06 Июнь 2013 - 21:56

04 июнь 2013, 16:15


Баракелде - Эгерде «Кумтөр» долбоору боюнча 2009-жылкы келишимди бир тараптуу жокко чыгарууга барсак, «Центерра Голд Инк.» компаниясын жеңгенге бир дагы шартыбыз жок, деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча жана Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында.
Ал белгилегендей, улуттук комиссиянын сунушу боюнча келишимди денонсациялоо шарттары коюлса, көз каранды эмес финансылык жана юридикалык компаниялардын консультанттарынын чечимдери болушу керек. «Бизге бул маселени чечүү үчүн убакыт керек. Анын үстүнө Кыргызстандын юрисдикциясынын ичинде чечип кое албайбыз», - деди Оторбаев.
Ал белгилегендей, эгерде денонсациялоо шартына бара турган болушса, сөзсүз эл аралык нормаларга таянуу керек. Анда «Центерранын» мүмкүнчүлүгү жогору болот. «Эгерде «Центерра» бизди сотко бере турган болсо, аны утканга бир дагы шартыбыз жок. Утулуп калсак, биздин экономикага жана имиджге зыяны тиет. Анткени, эл аралык юристтер үчүн өтө чоң суммадагы акча талап кылынаары белгилүү», - деп кошумчалады вице-премьер.

#25 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 13 Июнь 2013 - 18:40

11 июнь 2013,
Баракелде - «Кумтөр» компаниясынын 1% акчасы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебине үч күндөн кечиктирилбей түшүшү керек, деп эсептейт Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Токон Мамытов. Бул тууралуу аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдирди.
Т.Мамытовдун айтымында, азыркы учурда фонддун акчасы Финансы министрлигинин казынасына которулат. Алар белгилүү пайызын кармап калышат.
«Бул эмне дегендик? Кайда барбагын үстөк сурап турушат. Анан 5% тигиге, 7% буга, 3% дагы бирөөнө беришет. Натыйжада акча уурдалып жатат. Ошол себептен мектептердин, клубдардын, суу түтүктөрдүн курулушу бүткөн эмес. Акча жетпей калган. Алар жанагы үстөктөргө берилип кеткен. Акча каражаты Финансы министрлигине которулган күндө да алар облуска токтоосуз берилиши керек. Бөлүштүрүү комиссиясынын чечими чыктыбы, үч күн өтпөй акча бул жакка которулуусу тийиш», -дейт облус жетекчиси.

#26 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 03 Июль 2013 - 11:05

01 июль 2013, 16:39


Баракелде - Отурумдун алкагында «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен сүйлөшүү процессинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоого тартылышкан DLA Piper UK LLP жана Pricewaterhouse Coopers эл аралык компанияларынын өкүлдөрү менен кезектеги кеңешүү болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.
Кеңеш учурунда эл аралык кеңешчилер Кыргызстандын «Кумтөр» долбооруна катышуусун реструктуризациялоонун ар кандай жолдорун жана формаларын талдоонун алгачкы жыйынтыктары менен тааныштырышты. Анын ичинде мурда «Centerra Gold Inc.» компаниясынан келип түшкөн сунуштар да бар. Ошондой эле «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо жөнүндөгү мурдагы келишимдерди түзүү менен коштолгон кырдаалдарды изилдөө жана аныктоо боюнча аткарылган иштер тууралуу алгачкы маалыматтар берилди.
Консультативдик кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча, КР Жогорку Кеңеши белгилеген мөөнөттө – 2013-жылдын 10-сентябрына чейин жыйынтыктоочу отчётту даярдоону камсыз кылуучу мындан аркы изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүнүн мөөнөттөрү макулдашылды.
Маселен, үстүбүздөгү жылдын июль-август айларында алтын өндүрүүчү компаниялар рыногундагы азыркы кырдаалды, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын азыркы абалын, Кумтөр кенинин «Centerra Gold Inc.» компаниясынын активиндеги салыштырма салмагын, Кумтөр кениндеги экологиялык кырдаалды, андагы өндүрүш процессинде кабыл алынган инженердик чечимдерди баалоо жүргүзүлөт.
Экологиялык кырдаалды жана инженердик-техникалык чечимдерди объективдүү талдоо жана баалоо үчүн экология жана тоо инженерлик чөйрөдө эл аралык деңгээлде таанылган эксперттерди тартуу каралууда.

#27 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 26 Июль 2013 - 18:51

26 июль 2013, 14:36


Баракелде - Бизде сүйлөшүүлөр «Жол картасы» боюнча тоо инженердик жана экологиялык багытта жүрөт. Экологиялык бөлүктө Жети-Өгүздүн жашоочулары катыша алышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Кумтөр боюнча «Центерра Голд Инк» компаниясы менен кыргыз тараптын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү тууралуу маалымат жыйында «Кыргызалтын» ААКнын башкармалык төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров билдирди.
«Сүйлөшүүлөрдө биз үч потенциалдуу вариантты карап жатабыз, анын биринчиси 33%ы ошол бойдон калат, бирок «Кыргызалтын» агресивдүү, бекем саясатты жүргүзүп, ролун жогорулатып, «Центеррадан» дагы бир акционер менен биригип «бул туура же туура эмес» деп чыгышы жана 33%ын 51%га же 100%га чейин сатып алуу», - дейт К.Шакиров.
Анын айтымында, бирок бул бюджеттик каражаттарга такалат. «Ал эми экинчиси, биргелешкен ишканын түзүп, Кыргызстан өзүнүн 33%ын «Центеррадан» чыгарып, «Центерраны» Кыргызстандын мыйзамы менен бул жерде каттап, бул жерде иштей берет. Азыр биз 33%ды Канаданын мыйзамы менен башкарып жатабыз», - деп билдирди ал.
«Үчүнчүсү, бул «Кыргызалтын» толугу менен «Центеррадан» чыгып кетпесе да, белгилүү бир пайызы «Центеррада» калат», - деди ал.
Ал кошумчалагандай, ушул варианттарда экологиялык эксперттер керек. Үч варианттын кайсынын пайдасы көбүрөөк толук чечиле элек. Азыр конструктивдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

#28 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 29 Июль 2013 - 14:13

26 июль 2013, 15:23


Баракелде - Экологияга 7 млрд сом чыгым келтирген деген маалыматты текшерүү боюнча азыр өкмөткө күн сайын отчет берип жатабыз, деп билдирди бүгүн, 26-июлда Кумтөр боюнча «Центерра голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөр боюнча Консультативдик кеңештин эксперти Калинур Садыров бүгүн, 26-июлда өткөн маалымат жыйында.
Анын айтымында, Кумтөрдө алдын ала маалыматтар боюнча жалпы 700 тонна алтын бар болгон. «Буга чейин 200дөн ашык тоннаны өндүрдүк. Эми 400 тоннанын тегерегинде алтын кени калды деп болжолдонуп жатат», - деп билдирди ал.
Ал белгилегендей, текшерүүлөрдү жүргүзүүчү тоо-инженердик топ 1-этапта иш жүргүзүп, технологиялык тобокелдиктерди иликтесе, ал эми 2-этап менен экологиялык баа иштелет.
«Кумтөрдүн ишине баа берүү Дүйнөлүк банктын жана башка эл аралык уюидардын эл аралык стандарттарынын негизинде жүргүзүлөт», - деп кошумчалады ал.

#29 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 01 Август 2013 - 09:11

Компаниянын саясаты


ӨНДҮРҮШТӨ ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕК КООПСУЗДУГУН КОРГОО ЖАНА КУРЧАП ТУРГАН ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО САЯСАТЫ
Кумтөр Оперейтинг Компани (КОК) геолгиялык чалгындоо иштерин, өндүрүштүк ишмердүүлүктү жана КОКтун объектилерин эксплуатациялоодон чыгаруунун кошо алганда, өндүрүштө эмгек коопсуздугун коргоонун, Компаниянын, подряддык уюмдардын кызматкерлеринин жана жергиликтүү калктын ден соолугун коргоону жана жаратылышты коргоо иш чараларын башкаруунун системасын камсыз кылуунун биринчи кезектеги маанилүүлүгүн – «ал үчүн коопсуздук техникасына маани бербей коюуга боло тургандай маанилүү даражадагы иш болбойт», ошондой эле төмөнкүлөрдү кыйшаюусуз сактоону тааныйт:
• жергиликтүү мыйзамдардын тиешелүү талаптарын жана өндүрүш процессин уюштуруунун жалпы кабыл алынган эл аралык принциптерин сактоону;
• Компаниянын жана подряддык уюмдардын кызматкерлери үчүн тобокелчиликтин контролдонулбаган факторлорун четтетүүнү камсыз кылуучу эмгек шарттарын түзүүнү;
• Компаниянын, подряддык уюмдардын кызматкерлеринин жана жергиликтүү калктын ден соолугу жана коопсуздугу үчүн мүмкүн болуучу потенциалдуу тобокелчиликти аныктоону, четтетүүнү же минимумга жеткизүүнү;
• курчап турган чөйрөнү булгоону алдын алууну жана Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн мүмкүн болуучу терс таасирин минимумга түшүрүүнү;
• өндүрүштө ден соолукту, эмгек коопсуздугун коргоону жана курчап турган чөйрөнү коргоону башкаруу боюнча иш чаралардын жалпы натыйжалуулугунун олуттуулугун жана үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү түшүнүүгө жетишилүүсүн.
Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттенмелерди сактоонун алкактарында КОК төмөнкү милдеттерди аткарууну пландаштырат:
• өндүрүштө ден соолукту коргоо, эмгек коопсуздугун жана жаратылышты коргоо иш чараларын башкаруу боюнча расмий бекитилген системаны практикалык жүзөгө ашыруу жана колдоо;
• өндүрүштө ден соолук жана эмгек коопсуздугу үчүн Компаниянын ишмердүүлүгү менен байланышкан тобокелчиликтин негизги факторлорун аныктоо;
• Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн курчап турган чөйрөгө таасиринин факторлорун аныктоо;
• КОКтун ден соолукту, өндүрүштө эмгек коопсуздугун жана курчап турган чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча башкаруу системасын үзгүлтүксүз өркүндөтүүнү камсыз кылуучу максаттарын жана милдеттерин аныктоо;
• өзгөчө кырдаалдардын жана окуялардын келип чыгуусунун потенциалдуу коркунучун аныктоо, курчап турган чөйрөнү коргоонун жана Компаниянын, подряддык уюмдардын кызматкерлеринин жана жергиликтүү калктын ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуунун алкактарында функционалдык даярдыкты иштеп чыгуу, камсыз кылуу жана төп келе тургандыгын текшерүү;
• КОК тарабынан жүргүзүлүп жаткан калктын коопсуздугу жана ден соолугун коргоо боюнча иш чаралардын калк тарабынан түшүнүлүшүн камсыз кылуу үчүн КОКтун өндүрүштүк объектилери жайгаштырылган райондо жайгашкан калктуу пункттардын жашоочулары менен конструктивдүү диалогду түзүү;
• булганууну болтурбоону, төмөндөтүүнү, же чектөөнү камсыз кылуучу методдорду пайдалануу аркылуу компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн калдыктарын жайгаштыруу жана кайра иштетүү;
• Компаниянын объектилерин өз убагында, пландуу иштен чыгаруу жана объектилердин аймагында рекультивациялык иштерди жүргүзүү;
• учурдагы кырдаалды баалоо жана ушул Саясаттын талаптарынын сакталуусун камсыз кылууга багытталган тийиштүү чараларды кабыл алуу максатында үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүү;
• алар тараптан ар кандай кызматтык деңгээлдерде өз функцияларын өндүрүштө ден соолукту, эмгек коопсуздугун жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча белгиленген талаптарды сактоо менен аткарылуусун камсыз кылуу, ошондой эле кызматкерлердин КОКтун өндүрүштө ден соолукту, коопсуздукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча программасын жүзөгө ашырууда активдүүлүгүн жогорулатуу максатында Компаниянын, подряддык уюмдардын кызматкерлерин ушул Саясат менен тааныштырууда тыгыз өз ара аракеттенүүнү калыптандыруу;
• бардык деңгээлдердеги кызматкерлердин өз кызматтык функцияларын ден соолукту, коопсуздукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча программанын алкактарында аткаруусун камсыз кылуу максатында кызматкерлерди тиешелүү түрдө окутуу;
• кызматкерлердин иш ордунда ден соолукту, коопсуздукту жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча программаларды жана иш чараларды иштеп чыгууга жана практикалык жүзөгө ашырууга катышуусун камсыз кылуу;
• ушул Саясатты жүзөгө ашыруу үчүн зарыл ресурстар менен камсыз кылуу;
• ушул Саясат менен таанышуу үчүн эркин жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.
http://www.kumtor.kg...company-policy/

#30 ALYMOV ABDIRASHID

ALYMOV ABDIRASHID

    Новичок

  • Пользователи
  • Pip
  • 3 сообщений

Отправлено 05 Август 2013 - 23:10

Ала-Бука районунун АЙЫЛ АКЫЙКАТЫ гезити

Эл аралык уюмдар каржылаган жогорудагыдай темадагы семинар-тренингди "Омур Дарагы" Адамды онуктуруу борборунун эксперттери, адистери, тренерлери Ала-Бука айылында откорду. Ага Чаткал, Ала-Бука, Кадамжай районундагы жана Сулукту шаарындагы кен тармагынын ачыктыгы боюнча коомдук кабылдаманын окулдору, тоо-кен ондурушундо иштегендер, окмоттук эмес уюмдар, журналисттер катышты.
Торт кунго созулган семинар-тренингде "Мультистейкхолердик топторду тузуу" (КТААД, ИПДО), "Бюджеттик ачыктык", "Айлана чойрого тийгизген таасирге баа беруу (АТТБ-ОВОС), "Коомдук угууларды откоруу боюнча тренингдердин пландары"- деген темаларда кенири соз болду. Машыктыруучу К. Молдогазиева, эксперттер К. Жаманкулова, М. Дуванакунов, фосилитатор П.Топоева кен тармагында иштеген компаниялардын, жергиликтуу калктын кызыкчылыктары жана аларды чечуунун жолдору, маалымат алуунун мумкунчулуктору, экология, айлана-чойро тушунуктору, онугуунун приоритеттери туурасында илимий тажрыйбалардын негизинде айтып беришти. Бул семинар-тренинг оз максатына жеттиби? Анда семинардын катышуучуларынын пикирлерин угуп королу:
Адылбек Алымов- Кок-Таш айыл округунун башчысы. Семинардын Ала-Букада отуп жатышы бекеринен эмес. Себеби бизде 8 кен иштетуучу компания бар. Ал эми Бозумчак кени биздин айыл округунда жайгашкан. Алгачкы кундору тушунбостуктор коп болду. Элдерге баардык проблеманы "Казахмыс Голд Кыргызстан" компаниясы чечет деген тушунук кетип калган. Ошондон улам жол тосуулар, нааразычылык митингдери байма-бай болуп турган. Эки тараптын кызыкчылыгын эске алып, коомдук угуу откордук. Ага Казахмыстын генералдык директору, адистери катышып, элге Бозумчакты кандайча иштетишерин айтып, ционидди колдонборуна ынандырышты. Ошол эле учурда маалымат борборун ачып, алар жумуш орундары боюнча маалымат беришти. Айыл чарба кооперативинин жер-жемиштерин базар баасында калктан ала турган болду. Тигуу цехине жумушчулардын атайын кийимдерин тигуу учун буйрутма тушту. Кок-Ташка электр чубалгысын тартып, Озбекстанга коз карандылык жоюлду. Кок-Таш-Ала-Бука жолу салынды. Соцжардамдар узгултуксуз берилуудо. Биз компания менен биргеликте келишимди карап чыгып, чыгынды топтоочу жайды Булак-Башы элине зыяны тийбегендей кылып кайра курдурууга жетиштик. Экологиялык абал козомолдо. Менин айтайын дегеним кен иштетуучу компанияларыбызсыз онуго албайбыз. Мына ушулар туурасында айтайын дедим. Семинардагы козголгон темаларды турмушта пайдаланышыбыз керек. Улан Баймырзаев- "Казахмыс Голд Кыргызстан" компаниясынын коомчулук менен иштоо боюнча окулу. Тараптардын кызыкчылыктары, экологиялык мониторинг жургузуудогу маселелер боюнча кошумча билим алдым. Айрыкча машыктыруучу Калия Сартпаевна менен М.Дуванакуловдин маалыматы коп билгендиги жакты. Ал эми Бозумчак кени туралу тууралуу практикалык сабакка баргандар оздору айтсын.
Абдыжалил Насиров- Шайдан айылдык кенешинин торагасы. Мен кесибим боюнча токой чарбасынын инженеримин, эколог-геодезисмин. Башкача айтканда кен тармагы боюнча тушунугум бар. Оздору али алтын, жез каза элек болсо да "Казахмыс" эл учун коп иш кылыптыр. Мындай компания калкка пайда гана алып келет. Практикалык сабактын озгочолугу ушунда. Мырза Курмушуев - "Таза Исфайрам" коомдук фондусунун директору. Бозумчак кени элден обочо жайгашыптыр. Калдыктар, чыгындылар кургак экен. Азыр компания тура жол менен баратат. Семинарда айлана-чойрого тийгизген таасирге баа беруу боюнча кенири тушунук болгондуктан Бозумчактагы компаниянын ишин, жергиликтуу элдин кызыкчылыгын балоо оной болду. Мындай темадагы семинар-тренингдер эл учун, компаниялар учун пайда гана алып келет.

#31 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 15 Август 2013 - 18:19

Кумтөр боюнча Кыргызстан менен Centerra Gold Inc. компаниясынын сүйлөшүүлөр тобунун курамы белгилүү болду

15 август 2013, 15:16


Баракелде - Кыргызстандын өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрүнүн акыркы фазасынын сүйлөшүүлөр тобунун курамы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйында «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров билдирди.
Ал маалымдагандай, топко Кыргызстандан киргендер:
- DLA Piper UK LLP — Centerra Gold Inc. менен сүйлөшүүлөр боюнча КРдан юридикалык консультант;
- Pricewaterhouse Coopers — каржылык консультант;
- AMEC Earth & Environmental UK Ltd — экологиялык консультант;
- «Кыргызалтын» ААК;
- КР өкмөтүнүн алдындагы Сүйлөшүүлөр боюнча консультативдик кеңеш.
Centerra Gold Inc. компаниясынан:
- каржылык консультант Cormark Securities;
- юридикалык консультанттар.

#32 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 15 Август 2013 - 18:20

Кыргызстан менен Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрүнүн акыркы фазасы башталат, - «Кыргызалтын»

15 август 2013, 13:35


Баракелде - 17-августта Кыргызстан өкмөтү менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөр долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы фазасы башталат. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта өткөн маалымат жыйында «Кыргызалтын» ААКнун башчысынын орун басары Кылычбек Шакиров билдирди.
«Кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен Кумтөр долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эмне каалап жатканын аныктоо керек», - деди ал.
Ошондой эле, кайрадан түзүүнүн сунушталган негизги элементтерин билдирди.
- «Кыргызалтын» «Центерра» компаниясындагы 32,7% өзүнүн үлүшүн «Центерра» менен биргелешкен ишканада андан да жогорураак түз үлүшкө алмашып, «Кумтөр» долбооруна ээлик кылат.
- Биргелешкен ишканада Кыргызстан кандай үлүшкө ээ болору тууралуу эки тараптан тартылган көз карандысыз эксперттер эсептеп чыгыш керек.
- Биргелешкен ишкана Кыргызстандын аймагында катталат.
- Кумтөр долбоору боюнча биргелешкен ишкананы «Кыргызалтын» ААК жана «Центерра» компаниясы тарабынан көрсөтүлгөн директорлор кеңеши партиялык негизде башкарат да, тараптардын ар биринен ротациялык негизде директорлор кеңешинин төрагасы жыл сайын алмашып турат.
- Кайрадан өзгөртүп түзүүнүн сунушталган варианты Кыргызстанга жаңы салыктык мыйзамдарга жана азыркы шарттарга салыштырмалуу акча агымдарынан дээрлик чоң көлөмүн берет.
«Ушул аптанын аягында эң маанилүү фаза, Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн эң акыркы фазасы башталат. Азыр бизде сүйлөшүүлөрдүн жол картасы бекитилди, бардык материалдар Консультативдик кеңешке берилет», - деп кошумчалады ал.
Булак : Tazabe

#33 ALYMOV ABDIRASHID

ALYMOV ABDIRASHID

    Новичок

  • Пользователи
  • Pip
  • 3 сообщений

Отправлено 16 Август 2013 - 17:47

Жаны трактор- жыйырма жылдан сон.


Ушул жылдын 24- июль куну Бишкек шаарындагы Чакан гранттар программасынын женуучулору деп табылган Жалал-Абад жана Ысык-Кол облустарынын торт айыл аймагына акчалай сертификаттар тапшырылды. Техника сатып алууга багытталган булл сертификаттар Ала-Бука районунун Кок-Таш, Чаткал районунун Сумсар айыл аймактарына да берилди.
Аталган гранттык жардам Швецария окмоту тарабынан каржыланып, Онуктуруу саясат институту ишке ашырып жаткан «Элдин уну жана жергиликтуу озун ОЗУ башкаруу(ЖООБ) органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында корсотулуудо.
«Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев менен Кок-Таш айыл аймагынын башчысы Адылбек Алымовдун биргелешкен демилгесинин натыйжасында Онуктуруу саясат институту тарабынан пилоттук долбоор откоруу чечилгендигин жана аталган долбоордон уткан гранттык каражаттарга сатылып алынган жаны эксковатор Кок-Таш айыл аймагына жеткирилээрин кабарлаган элек.Мына ошол жакшылык бугун жузого ашып отурат.
Сертификаттарды тапшыруу аземине Швейцариянын Борбор Азиядагы онуктуруу жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын программалык менеджери Томас Вальдер, долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев, «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев, грант утуп алышкан айыл окмотторунун башчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын окулдору катышышты.
-Биз Кыргызстандын айыл аймактырындагы жашоо шарттарынын жакшыртууга жардам берууго аракеттенип жатабыз. Ошону менен бирге конструктивдуу баарлашуу аркылуу жарандардын жергиликтуу оз алдынча башкарууга катышуусу Кыргызстандын айыл аймактарынын онугуусундогу маанилуу ресурс экендигине ишенебиз,- деди Швейцарианын Борбор Азиядагы онуктуруу жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын программалык менеджери Томас Вальдер.
Андан кийин Кыргызстандагы жергиликтуу айыл аймактары менен узурлуу кызматташып келаткан улгулуу ишкананын жетекчиси катары куттуктоо учун соз «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеевге берилди.
- Урматтуу достор! «Казахмыс Голд Кыргызстан» социалдык багыттагы компания болуп эсептелет. Биз бугун граттын женуучусу деп табылган Кок-Таш, Сумсар айыл окмоттору менен бир топ убакыттан бери кызматташып келатабыз. Тагыраак айтканда, биз иштеп жаткан кенге жакын жайгашкан айыл окмоттору менен Меморандум тузгонбуз, аша ылайык, ар бир тарап озуно алган милдеттерин аткарып келуудо. Маселен, «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясы ар турдуу социалдык долбоорлорго узурлуу катышып келатат. Мындан тышкары, бугунку учурду алсак, компания чете калбай, Онуктуруу саясат институту менен биргеликте пилоттук долбоор откорууну чечкенбиз, анын алкагында биз бул долбоорду кошумча каржылоого катышып жатабыз.
Бугун чынында майрамдык маанайдагы тарыхый кун болуп жатат. Мен Кок-Таш айыл окмотунун башчысы менен суйлошсом,ал: «Мындай техниканы акыркы жолу мындан жыйырма жыл мурда алганбыз», дейт. Мен мындай долбоорлор абдан зарыл деп эсептейм. Булл жергиликтуу коомчулуктун ишкер чойросу менен кызматташтыгынын айкын мисалы болуп саналат. Сиздердин бардыгындарды бугунку майрамыныздар менен куттуктай, баарыныздарга ден соолук, ийгилик каалайм. Мындай долбоорлор келечекте да улана беруусуно, ага катышкан ага катышкан айыл окмотторунун жана башка инвесторлордун саны мындан ары да осо беришине тилектешмин,-деди «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев.
Кок-Таш айыл окмотунун башчысы Адылбек Алымов да кубанычын жашырган жок:
-Бул биздин баарыбызучун абдан кубанычтуу окуя болуп отурат. Акыркы жолу мындай техниканы биз мындан дээрлик жыйырма жыл мурда алган элек. Эми буюрса, жуктой турган, башка бир топ иштерди аткара турган тракторлуу болуп, суйунчубуз койнубузга батпай турат. Мындай чон кубанычыбызга озунун бараандуу салымын кошкон, биздин туруктуу жана ишенимдуу онуктошубуз, досубуз – «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясына жана анын башкы директору Ильяс Валерьевич Тулекеевге жалпы элдин жана озумун атыман чын журоктон чыккан терен ыраазычылыкты билдиргим келет,-деди Адылбек Алымов.
Гранттын женуучусу болуп табылган Сумсар айыл окмотунун башчысы Наралы Батирханов «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясы менен болгон кызматташтыктын жемиштуу уланып келатканына мындайча токтолду:
-Биз компания менен тыгыз кызматташып келатканыбызга уч жылдан ашты. Компания бизидин социалдык койгойлорду чечуудо абдан чон жардам берип жатат. Башкасын айтпаганда да, быйылкы жылдын озундо эле суу чыгаруу учун 400 метр куур болуп берди. Андан тышкары, ар бир кварталда социалдык маселелерди чечуу учун 30 минден акча каражаттарын болуп берип жатат. Мектептердеги спорттук залдарга спорттук эмерек алып берип жатат. Кыскасын айтканда, компаниянын башкы директору биз качан, кайсыл койгойлуу маселе менен кайрылбайлы, дайыма эшиги да конулу да ачык. Мен мындай жетекчиге калкыбыздын, озумдун атыман ыракматымды гана айтам, -деди Наралы Батирханов.


Бозумчак гезити.

#34 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 20 Август 2013 - 11:47

Ж.Сатыбалдиев: Кумтөр боюнча тараптар позицияларын жөндүү жакындатууга аракет кылышат

20 август 2013, 10:52


Баракелде - Кечээ, 19-августта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана «Кыргызалтын» ААК тарабынан жалданган эл аралык «DLA Piper UK», «Pricewaterhouse Coopers» жана «AMEC Earth & Environmental UK Ltd» консультанттардын өкүлдөрү, ошондой эле, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Ян Аткинсон жана башкы юридикалык кеңешчи Френк Херберттин катышуусунда «Кумтөр» долбоору боюнча жумушчу консультациялар башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар эл аралык «DLA Piper UK» жана «Pricewaterhouse Coopers» консультанттары «Centerra Gold Inc.» компаниясынын каржылык консультанты «Cormark Securities» компаниясы менен биргелешкен иштери тууралуу маалыматтарды талкуулашты.
Концультациялардын максаты - «Кумтөр» долбоорун түзүмүн өзгөртүү шарттары боюнча тараптардын көз караш, пикирлерин жакындатуу.

#35 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 24 Август 2013 - 15:44

Кумтөр кени 6 айда өлкө бюджетине 2,8 млрд сомдон ашык каражат төлөдү (таблица)

23 август 2013, 15:54

Баракелде - Ушул жылдын жарым жылдыгында «Кумтөр» тарабынан салык түрүндө, Cоциалдык фондуна жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча Кыргызстандын бюджетине түшкөн салымдар 2,8 млрд сомду түздү. Бул тууралуу компаниянын 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында.
«Кумтөр» долбоору боюнча ушул жылдын 6 ай ичиндеги салыктар жана милдеттүү чегерүүлөр:
2013-жылдын 30-июнуна карата
АКШ доллар
Дүң киреше салыгы
39 154,31
Ысык-Көл облусунун фондусу үчүн акы
3 880,99
Экологиялык төлөм
310,00
Жеке киреше салыгы
2 287,58
КР социалдык фондуна төлөм
11 637,06
Бажы төлөмдөр
299,39
Чет жердеги тургундардын киреше салыгы
521,21
Башка салыктар жана милдеттүү чегерүүлөр
39,88
Жалпы
58 130,42
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти миң сомго чейин
2 826 748,62

#36 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 30 Август 2013 - 15:13

Өкмөт «Кумтөр» маселеси боюнча чечимди 5-сентябрга чейин кабыл алат

30 август 2013, 12:30


Баракелде - Жакынкы убакытта өкмөт «Кумтөрдүн» айланасындагы маселени чечет. Бул тууралуу Жантөрө Сатыбалдиев 30-август күнү Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төш-Дөбө айыл округунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, кыргыз өкмөтү 5-сентябрга чейин аталган чырдын айланасындагы маселеге чекит коет. «Бүгүнкү күндө чечилбеген бир канча суроолор бар, аларды чечүү кажет. Биз соттук териштирүүсүз эле эки тараптуу кылып чечебиз деген үмүттөбүз. Акыркы чечимди биз парламентин кароосуна коебуз», - деди өкмөт башчы.

#37 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 18 Сентябрь 2013 - 16:45

Ж.Сатыбалдиев: «Кумтөр» долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду

14 сентябрь 2013, 10:58



Баракелде - Ушул жылдын 10-сентябрында КР өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» ААК жана «Centerra Gold Inc.» компаниясы тарабынан «Кумтөр» долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев КСДП фракциясында билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 14-сентябрда фракцияда «Кумтөр» долбоору боюнча КР өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» ААКнун жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кол коюлган Меморандум тууралуу жыйын өтүп жатат.
Эске салсак, «Кумтөр» долбоорун кайра түзүмдөштүрүү тууралуу Жогорку Кенештин ушул жылдын 5-июнундагы № 3169-V токтомунун аткарылышы боюнча «Центерра» менен сүйлөшүүлөр ушул жылдын 21-февралынан 8-августуна чейин жүрдү.

Булак : Баракелде



#38 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 25 Сентябрь 2013 - 18:30

super.kg

Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган долбоорду 2-октябрда карайт

Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган долбоор 2-октябрда каралат. Муну төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 25-сентябрдагы жыйынында айтты. "Ушул жума күнү "Кумтөр" боюнча коомдук угуу болот. Бардык депутаттарды буга катышууга чакырам. Парламенттин кийинки аптадагы 3-күнкү жыйынына бул маселени алып чыгабыз. Өкмөт катышат",- деди төрага. Айрым депутаттар коомдук угуунун кереги жок экенин, анткени маселе боюнча комитет, фракцияларда суроо-жооптор берилип бүткөнүн билдирди. Бирок төрага коомдук угуу болушу керектигин, тийиштүү адистердин пикирин угуу маанилүү экенин айтты. "Өткөрүп коюушубуз керек, эгер өткөрбөсөк айрымдар айтып чыгышат эмнеге өткөрбөй койдуңар деп",- деди.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.
09:47 25-09-2013


#39 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 30 Сентябрь 2013 - 18:59

«Кумтөр» долбоору боюнча парламенттик угуудан

27 сентябрь 2013, 18:03


Баракелде - Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКтын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V жана 5-июндагы № 3169-V токтомдорунун аткарылышы тууралуу» парламенттик угуу өткөрүлдү.
Парламенттик угууга парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөлөрүнөн сырткары, Жогорку Кеңеш депутаттары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри баш болгон Өкмөттүн бул маселеге тиешеси болгон министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлери, жарандык коомдордун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев КР өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» ААКсынын, «Центерра Гол Инк.» компаниясынын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр, тараптар ортосундагы «Кумтөр» долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору боюнча берилген суроолорго жооп берилди.

#40 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 10 Октябрь 2013 - 19:26

Кумтөр кениндеги алтындын запасын иликтеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү

10 октябрь 2013, 09:48


Баракелде - Кечээ, 9-октябрда Кумтөр кениндеги алтындын запасын иликтеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кечээ парламент жыйынында Кумтөр маселесин карап жатканда билдирди.
Анын айтымында, бул комиссияны вице-премьер-министр жетектей. «Комиссиянын курамына бардык кызыкдар тарап жана компаниянын өкүлдөрү дагы кирди. Алар алтындын запасын изилдешет», - деди ал.
Өкмөт башчынын айтымында, бул боюнча буйрукка кол коюлган, алар ишти баштай беришет.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик