Перейти к содержимому

Кумтор

кумтор

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 62

#41 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 11 Октябрь 2013 - 10:15

10 октябрь 2013, 18:00

Изображение
Баракелде - «Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев бүгүн, 10-октябрдагы парламенттин жыйынында «Кумтөр» долбоору боюнча токтомду кабыл алууну кийинки аптага калтырууну сунуштады.
«Республика» фракциясынын лидери Назарали Арипов, бул сунушту колдоп, кийинки аптада эл өкүлдөрү аймактарда эл менен болуп, жетишилген жыйынтыктар тууралуу айтылаарын кошумчалады.
«Ата Журттун» лидеринин милдетин аткаруучу Улукбек Кочкоров, жумушчу күндү узартып, бул маселе боюнча чечимди бүгүн кабыл алууну өтүндү. «Кийинки жумада биз аймактарга барабыз, анан элге эмне деп айтабыз? Чечим кабыл алуу зарыл, андан кийин элге айта баралык», - деди эл өкүлү.
Кароонун жыйынтыгында, депутаттар токтом кабыл алууну кийинкиге жылдыруу чечимин колдошту.
«Макул» добушун 51 депутат, «каршы» - 35 депутат добуш беришти.

#42 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 16 Октябрь 2013 - 17:41

http://www.super.kg/kabar/news/35407/

Бүгүн, 16-октябрда Жети-Өгүз районунун Саруу айылында курултай өттү. Ага 200дөй адам катышты. Айтылган талаптар мурдагыдай: "Кумтөр" маселесин тез арада чечүү жана аталган ишкананын өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылды деп айыпталып камалган Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди бошотуу. Курултайдын катышуучуларынын бири билдиргендей, эртең, 17-октябрда Саруу айылына өкмөттүн атынан Бишкектен өкүлдүн барышы күтүлүүдө.

14:41 16-10-2013
Автор: Автандил Добулбеков

#43 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 16 Декабрь 2013 - 17:58

Өкмөт «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүү боюнча адилеттүү келишим түзүү убадасын берди

16 декабрь 2013, 16:34

Баракелде - Азыркы күндө «Кумтөр» долбоору жөнүндө көп айтылып, бул тема боюнча көптөгөн дебаттар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Кыргызстандагы Франциянын элчиси Стефан Катта менен жолугушууда КР биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, долбоорго жасалган терс мамиле мурунку паракорчулукка байланыштуу.
«Тилекке каршы, көптөгөн экономикалык долбоорлор өкмөт менен эмес, мамлекет башчысынын үй-бүлөсү менен сүйлөшүлчү жана ачык айтылчу эмес, келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайык түзүлчү эмес. Бирок, фактыларды иликтеп чыгып, далилдешибиз зарыл. Антпесе эмоция бойдон калат. Учурда өкмөт эл аралык коомду канааттандырган долбоордун түзүмүн өзгөртүү боюнча адилеттүү келишим түзүү убадасын берип жатат. Андан кийин кабыл алынган вариантты парламентке көрсөтөбүз. Ал эми парламент чечим кабыл алат, биз мыйзам боюнча башкарабыз», - деди ал.

#44 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 19 Декабрь 2013 - 18:29

19 декабрь 2013, 17:39

Баракелде - Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңеш жыйындаг «КРнын 2014-жылга карата республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» КР мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Жыйында, депутат Заирбек Жоошбеков (КСДП) өкмөт мүчөлөрүнө, келечекте «Кумтөр» долбоорунан түшө турган салыктар жөнүндө суроо узатты. «Кудай буюруп, Кумтөр боюнча макулдашууга кол коюп калсак, бюджетке түшкөн салык көбөйөбү?», - деп сурады ал.
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айткандай, эгерде депутаттар колдосо, анда 2014-жылы түшө турган салыктар көбөйөт. «Кошумча түшүүлөр болот, бул минимум 50 млн доллар. Бардык тобокелдерди кошпогондо, иштин азыркы схемасына ылайык, ишканадан 50 млн доллар ала алабыз», - деп маалымдады ал.
Депутат З.Жоошбеков, «Кумтөр» долбоорунун түзүмүн өзгөртүүдө канча салык түшөрүн сурады.
Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, өкмөт ЖК депутаттарынын кароосуна сунуштаган схема боюнча «Кыргызалтын» аркылуу түшүүчү дивиденддер 85 млн сомго жогорулайт.

#45 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 25 Декабрь 2013 - 20:46

«Кумтөр» долбоору боюнча 2 барактан турган меморандумдан азыр өкмөттө 20 барактан турган документ бар, - Ж.Оторбаев

25 декабрь 2013, 10:12

Баракелде - Кыргызстан менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосундагы меморандумдун долбоору олуттуу түрдө кеңейтилди — 2 барактан турган меморандумдан азыр өкмөттө 20 барактан турган документ бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Tazabek'ке билдирди.
Анын айтымында, жаңы документте мурунку иштелип чыккан меморандумдун жоболору деталдаштырылды, анда коомчулук түзүмдү өзгөртүүнүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн көр алат.
Биргелешкен ишканадагы 50-50%дык үлүш боюнча айтып жатып, Ж.Оторбаев, азырынча бул үлүштөр боюнча биргелешкен ишкананын статусу сакталып тургандыгын билдирди.
«Каржыга байланышкан, ачыктык,чечимдерди кабыл алууга тартуу, салык тармагы, экология чөйрөсү, башкаруу чөйрөсү жана башка тармактар боюнча шарттар бир кыйла жакшырды», - деп кошумчалады ал.
IPOго чыгуу мүмкүндүгү тууралуу Ж.Оторбаев, «Алгач биргелешкен ишкананы түзүү керек. Негизинен, мындай кен чыккан жерди иштетүүгө каржылык ресурстарды тартууда маселе жаралбайт», - деди.

#46 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 27 Декабрь 2013 - 19:34

Р.Акназарова Кумтөр боюнча маселеде салыктарды жогорулатууну кароо боюнча өкмөттөн суранды

26 декабрь 2013, 17:23

Баракелде - Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын депутаты Роза Акназарова 26-декабрда пленардык жыйында Кумтөрдөгү «Кыргызалтындын» үлүшүн көтөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой турган болсо, кыргыз тараптын кызыкчылыктарын сактоо максатында азыркы учурда Кумтөрдөн бюджетке түшүп жаткан салыктарды кайра карап жогорулатуу боюнча маселени өкмөт кароосун суранды. Бул тууралуу фракциянын басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Р.Акназарова билдиргендей, бүгүнкү күнү Кумтөрдүн дүң кирешесинен алынып жаткан 13% өлчөмүндөгү салык 20%га жеткирилсе, анда максатка ылайык болмок. Андан тышкары дүйнөлүк тажрыйбага таянып Лондондогу биржада сатылып жаткан алтындын баасы 1 унциясына 1 миң доллардан ашкан учурда «ашыкча табылган пайдага» салык киргизүү маселесин көтөрүү керектигин билдирди. Бул тажрыйба дүйнөнүн көп мамлекеттеринде кен өндүрүү тармагында кеңири колдонулат.

#47 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 15 Январь 2014 - 18:05

14 январь 2014, 13:45

Баракелде - Алын ала эсептөөлөр боюнча «Кумтөр» кен ишканасында өндүрүштүн көлөмү быйылкы жылы 550-600 миӊ унция же 17,1 – 18,7 тонна алтынды түзмөкчү. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жана Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниялары билдирет.
Маалыматка ылайык, мында өткөн жылдагыдай сыяктуу эле, көлөмдүн 50%дан ашууну 2014-жылдын акыркы кварталында, кайрадан эле SB зонасындагы алтындын курамы жогору болгон участокко жеткенде өндүрүлмөкчү.
2014-жылы, капиталдаштырууну кошпогондо, кыртышты ачуу иштерине жалпы капиталдык жумшоолор 85 млн доллар көлөмүндө пландаштырылууда. Анын ичинен 42 млн доллар негизги фондуларды модернизациялоого: тоо-кен техникасы паркын ремонттоого, алтын ылгоочу фабриканын шар тегирменинин тиштүү дөӊгөлөгүн сатып алууга, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бийиктөөгө ж.б. долбоорлорго жумшалмакчы.
Өнүктүрүүгө инвестициялар 43 млн доллар көлөмүндө пландаштырылган жана KS-13 планына ылайык, өзүнө карьердин контурларын кеӊейтүүгө байланыштуу кен ишканасынын инфраструктура объектилерин көчүрүүнү, сууну сордуруу боюнча иш чараларды жана жаӊы тоо-кен техникасын сатып алууну камтыйт.
Кыртышты ачуу иштерин капиталдаштыруу 2014-жылы 191 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.
Бардык капиталдык жумшоолорду жана салыктарды кошо алганда, сатылган бир унцияга жалпы чыгымдар 1008 доллардан 1 100 долларга чейинди түзмөкчү».

#48 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 22 Январь 2014 - 18:47

20 январь 2014, 11:05

Баракелде - «Кумтөр» иши боюнча 5 аткаминерге эл аралык издөө жарыяланды. Алар, Айдар Акаев, Николай Танаев, Эмирлан Төрөмырзаев, Елена Белковская жана Садриддин Женбековго. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган адамдарга карата кылмыш иши өзүнчө жүргүзүлүп жатат. Иштер, «Кумтөр» долбоорунун 2009-жылдагы келишимин бекитүүдөгү коррупциялык мыйзам бузуулар алкагында жүрүүдө.
Айдар Акаев — экс-президент Аскар Акаевдин уулу, «Камеко» директорлор кеңешинин мурунку мүчөсү;
Николай Танаев — КРнын экс-премьер-министри;
Елена Белковская — КР премьер-министрдин юридикалык бөлүмүнүнү мурунку жетекчиси;
Эмирлан Төрөмырзаев — КР каржы министрлигинин мурунку статс-катчысы;
Садриддин Женбеков — Өнөр-жай жана тышкы соода тармагынын мурунку министри, кийинчирээк Бүтүкүл дүйнөлүк банктын Вашингтондогу борбордук кеңсесинде иштеген. Акыркы ээлеген кызматы Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы аткаруучу директорунун кеңешчиси болгон.
Tazabek'ке билдиришкендей, Бүткүл дүйнөлүк банк С.Женбеков менен болгон келишимди 2011-жылдын март айында аягына чыгарган. Учурда Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорунун кеңсеси анын азыркы макамы тууралуу маалыматтарга ээ эмес.

#49 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 24 Январь 2014 - 18:01

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Петров көлүндөгү суунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча долбоорго орусиялык компанияга тапшырык берди

24 январь 2014, 14:05

Баракелде - «Кумтөр Оперейтинг Компани» тендер өткөрдү, эми долбоордук уюм Петров көлүндөгү суунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча долбоорду даярдайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда жумушчу топтун мүчөсү Исакбек Торгоев «Ата Журт» фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында долбоор 70% даяр. «Сордуруучу станция дагы бар, аны бекемдөө керек», - деди ал.

#50 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 28 Январь 2014 - 17:23

Кумтөрдөгү экологиялык маселелерди изилдеген АМЕС компаниясы өз ишинин жыйынтыгы боюнча отчет берди

28 январь 2014, 13:20

Баракелде - Кумтөрдүн аймагындагы экологиялык маселелерди изилдөөгө алган АМЕС компаниясы Центеррага өзүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча отчет берди, деп билдирди «Кыргызалтын» ААКнын тоо-технологиялар жана экология боюнча эксперти Калинур Садыров бүгүн, 28-январда Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн Кумтөрдү түзүмдөштүрүү боюнча долбоору кабыл алынганга чейин экологиялык маселелерге Центерра компаниясы жооп берет, ал эми долбоор жактырылгандан кийин бул маселелер боюнча биргелешкен ишкана иштейт.
«Кумтөрдө иштин жүрүшү татаал болуп эсептелет. Бир үндө 500 миң тонна таштанды чыгарылат. Ал эми, АМЕС компаниясынын чыгарган жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн каражаттарга Центерра макулдугун билдирди. Анда планда белгиленген каражаттан тышкары камсыз кылуу боюнча дагы каражат жумшоого туура келген маалда Центерра компаниясы каржылоого даяр», - деди ал.
Ошондой эле, изилдөө иштеринде суу, жол маселелери дагы каралып, Центерра компаниясы бул тармактарга дагы каражат жумшоого даяр экендигин билдирди, деп кошумчалады ал.
«Ал эми, цианиддин колдонулушу боюнча кодексте көрсөтүлгөн нормадан ашпагандыгы аныкталды», - деди К.Садыров.

#51 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 28 Январь 2014 - 17:33

#52 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 28 Январь 2014 - 17:33

«Кумтөр» боюнча биргелешкен ишкана 2026-жылга чейин 300 тонна алтын өндүрөт, - Мамгеология агенттиги

28 январь 2014, 12:25

Баракелде - Өткөн жылы октябрь айында премьер-министрдин буйругу менен мекемелер аралык комиссия түзүлүп, Кумтөр кенинде алтындын канча запасы бар экендигин аныктап чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалаев Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кумтөр кенинде 710 тонна алтындын запасы бар.
«Атайын түзүлгөн комиссия мыкты адистер жана эксперттер менен иликтеп чыгып, бүгүнкү күндө Кумтөр кенинде 710 тонна алтындын запасы бар деген корутундуга келдик. Ошондой эле, келишим иштеп калса биргелешкен ишкана 2026-жылга чейин 300 тонна алтын өндүрөт», - деди Д.Зилалаев.
Ал эми, комиссиянын чыгарган жыйынтыгы боюнча 2026-жылы Кумтөр кенинде 410 тонна алтындын запасы болот, деп кошумчалады.

#53 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 05 Февраль 2014 - 18:07

2014-жылы Кумтөрдө 600 миң унция алтын өндүрүлөт, - министр Т.Сариев

05 февраль 2014, 16:34

Баракелде - Ушул жылы Кумтөрдөн 600 миң унция алтын өндүрүү пландалган, деди КРнын экономика министри Темир Сариев бүгүн, 5-февралда ЖКнын жыйынында.
Анын айтымында, мындан 749 млн доллар алуу пландалууда. «Жаңы макулдашуу түзүлгөн учурда КР 116 млн доллар же 166 млн доллар алат», - деп билдирди Т.Сариев.

Булак :

#54 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 21 Март 2014 - 00:06

«Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөр менен жолугушуулардын бардыгы Бишкек шаарында өтөт, - министр Т.Сариев

19 март 2014, 15:49

Баракелде - «Кумтөр» долбоору боюнча Centerra Gold Inc. компаниясы менен болгон бардык сүйлөшүүлөр менен жумушчу топтун бардык жолугушуулары Бишкек шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу КР экономика министри Темир Сариев Tazabek'ке билдирген.
Анын айтымында, учурда кыргыз тарап макулдашуулар долбоорлорун даярдап жатат.
«Биз тараптан түзүлгөн жумушчу топ бардык документтерди даярдап жатат. Канада тараптан жактыруу болуп жумушчу топ түзүлөөрү менен алар ишин баштайт», - деди Т.Сариев.

#55 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 31 Март 2014 - 16:52

«Centerra Gold Inc.» компаниясынын бир акциясынын баасы 4,8 АКШ долларын түздү

31 март 2014, 09:54

Баракелде - «Centerra Gold Inc.» компаниясынын бир акциясынын баасы кечээ, 30-мартка карата Канаданын Торонто шаарындагы фондулук биржада 5,32 канада долларын түздү же 4,8 АКШ доллары, бул мурдакы күнгө салыштырмалуу 4,31%га өскөнүн билдирет.
Кыргызстандын «Centerra Gold Inc.» компаниясындагы акйия пакетинин (77,3 млн акций) баасы 371 млн 40 миң АКШ доллар өлчөмүндө бааланат (КРУБдун 29-марттагы курсу боюнча 1 канада доллары = 49,49 сом, 1 USD = 54,48 сом).
«Centerra Gold Inc.» акциясынын минималдуу баасы 2013-жылы 21-ноябрда катталган — 2,84 канада доллары же 2,71 АКШ доллары (КРУБдун 29-марттагы курсу боюнча 1 канада доллары = 46,6412 сом, 1 USD = 48,83 сом).

#56 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 04 Июнь 2014 - 20:59

ентерра» компаниясы тоо иштеринин планы бекитилбесе Кумтөр кенинде жумуштарды токтотуу жөнүндө билдирет

03 июнь 2014, 12:42

Изображение
Баракелде - «Центерра Голд Инк.» компаниясы (TSX: CG) 2014-жылга «Кумтөр» долбоору боюнча тоо иштеринин планын бекитүү үчүн аракеттерге карабай, КРнын тиешелүү органдарынан мындай бүтүм жана уруксаат алынган эместигин жарыялады. Ошондуктан, эгерде мындай бекитүү жана уруксаат ушул жылдын 13-июнуна чейин алынбаса, «Центерра» компаниясы «Кумтөр» кенинде ишти токтотуу процедурасын баштоого ниеттенүүдө. Бул күнгө чейин «Центерра» компаниясы ишин жана мындай бекитүүлөрдү жана уруксаат алууну тездетүү максатында тиешелүү органдар менен кызматташууну улантат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин айтылгандай, компаниянын Кыргызстандагы «Кумтор Голд Компани» туунду ишканасы тиешелүү мамлекеттик органдарга 2014-жылдын тоо иштеринин жылдык планын бекитүүнү алуу жана аны чечүү үчүн 2013-жылдын аягынан тарта кайрылышкан.
«Тилекке каршы бул жылы бир нече ирет документтерге жана жогорку кызматтагы адамдар менен талкууларга карабай, мындай бекитүү жана уруксаат берилген жок. Мындай бекитүүлөрдүн жана уруксааттын жоктугу «Центерра» компаниясы үчүн жана анын кызматкерлерине олуттуу коркунуч жаратат», - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат:
«Центерра» алтын казып чыгаруучу компания болуп эсептелинет. Ал Азияда, мурунку Советтер Союзу аймагында жана дүйнө жүзү боюнча башка базарларда алтын кендерин казуу, иштеп чыгуу, геологиялык чалгындоо жана алуу менен алектенет.

#57 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 06 Июнь 2014 - 01:55

изнес жана экономика

«Центерра» компаниясы тоо иштеринин планы бекитилбесе Кумтөр кенинде жумуштарды токтотуу жөнүндө билдирет

03 июнь 2014, 12:42

Баракелде - «Центерра Голд Инк.» компаниясы (TSX: CG) 2014-жылга «Кумтөр» долбоору боюнча тоо иштеринин планын бекитүү үчүн аракеттерге карабай, КРнын тиешелүү органдарынан мындай бүтүм жана уруксаат алынган эместигин жарыялады. Ошондуктан, эгерде мындай бекитүү жана уруксаат ушул жылдын 13-июнуна чейин алынбаса, «Центерра» компаниясы «Кумтөр» кенинде ишти токтотуу процедурасын баштоого ниеттенүүдө. Бул күнгө чейин «Центерра» компаниясы ишин жана мындай бекитүүлөрдү жана уруксаат алууну тездетүү максатында тиешелүү органдар менен кызматташууну улантат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин айтылгандай, компаниянын Кыргызстандагы «Кумтор Голд Компани» туунду ишканасы тиешелүү мамлекеттик органдарга 2014-жылдын тоо иштеринин жылдык планын бекитүүнү алуу жана аны чечүү үчүн 2013-жылдын аягынан тарта кайрылышкан.
«Тилекке каршы бул жылы бир нече ирет документтерге жана жогорку кызматтагы адамдар менен талкууларга карабай, мындай бекитүү жана уруксаат берилген жок. Мындай бекитүүлөрдүн жана уруксааттын жоктугу «Центерра» компаниясы үчүн жана анын кызматкерлерине олуттуу коркунуч жаратат», - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат:
«Центерра» алтын казып чыгаруучу компания болуп эсептелинет. Ал Азияда, мурунку Советтер Союзу аймагында жана дүйнө жүзү боюнча башка базарларда алтын кендерин казуу, иштеп чыгуу, геологиялык чалгындоо жана алуу менен алектенет.

#58 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 31 Август 2014 - 13:32

«Центерра» президенти Ян Аткинсон: «Кумтөрдү» реструктуризациялоо татаал процесс, бирок «Центерра» бардык күчүн жумшап жатат (маек)

29 август 2014, 08:55

Изображение
Баракелде - «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо процесси – абдан татаал процесс, бирок биз аны акционерлердин кызыкчылыгы үчүн бүткөрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз, деди «Центерра Гол Инк.» компаниясынын президенти Ян Аткинсон кыргызстандык ЖМКларга маек куруп жатып.
- Аткинсон мырза, «Центерра» менен «Кумтор Голд Компани» компаниясы Кыргызстандагы эӊ ири алтын кенинин 2014-жылдын биринчи жарымындагы иш жыйынтыгын чыгарды. Алар кандай болду?
- Жакшы эле ийгиликтүү болду. Жалпысынан жарым жылда «Кумтөр» кенинде 180 миӊ 793 унций же 5623 килограмм алтын өндүрүлдү. Компания Кыргызстандын бюджетине 58 млн доллардан ашык салыктарды жана төлөмдөрдү чегерди.
Биздин алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2014-жылы Кумтөрдө алтын өндүрүү 550-600 миӊ унцийди же 17,1-18,7 тонна алтынды түзөт. Муну менен, өткөн жылдагыдай эле, жалпы көлөмдүн дээрлик жарымы 2014-жылдын акыркы кварталында өндүрүлөт, качан борбордук карьердин SB зонасындагы жогорку курамдагы алтын бар тилкеге жеткенде.
2014-жылы жалпы капиталдык чыгымдар, бош тек жумуштарынын капитализациясынан тышкары, 86 миллион доллар өлчөмүндө пландалууда, алардын 43 миллион доллары өнүктүрүүгө багытталат жана калган 43 миллион доллары — негизги фонддордун модернизациясына.
Азыр Кумтөр кениндеги өндүрүш көлөмү анча чоӊ эмес, ошондуктан «Центерра» долбоорго көп акчаларды салып жатат. Аны, SB зонасындагы алтындын курамы жогору болгон тилкеге жетмейинче уланта беребиз.
- Январда Кыргыз Республикасы менен «Центерра Голд» компаниясы ортосунда реструктуризация шарттары жөнүндө Макулдашууга кол коюлган. Бирок, реструктуризацияны аяктоо боюнча иштер аягына чейин чыккан жок. Сүйлөшүүлөрдүн азыркы абалын кандай баалайт элеӊиз?
- «Центерра» реструктуризациялоо шарттары жөнүндө Макулдашууга ылайык, реструктуризациялоону аяктоо тапшырмасы мындан кийинки милдеттерден болуп кала берет. «Центерранын» директорлор кеӊеши, ар бир макулдашуу компаниянын бардык акционерлерине, анын ичинде «Кыргызалтын» ААКга карата бирдей адилеттүү болушу керек деген көз карашты карманат. Түзүмүн өзгөртүү биздин чет элдик акционерди канааттандырышы керек («Центеррадагы» үлүш 67%ды түзөт деген), жана , эгерде реструктуризация калыс болбой калса, ал канааттандырылбайт.
Биздин акционерлер реструктуризацияны колдойт, деп үмүт кылабыз. Ошол себептен биз өзүбүздүн юридикалык жана каржылык консультанттарыбыз менен тийиштүү документтердин бардык топтомун даярдоо менен иштедик. Ушул жылдын июнь айында башкы документти КРнын премьер-министрине жана Кумтөр боюнча жумушчу топко, ошондой эле, КР өкмөтүнүн тышкы консультанттарына - DLA Piper жана PricewaterhouseCoopers компанияларына жөнөттүк. Макулдашуу долбоору боюнча азырынча толук жооп ала элекпиз, бирок, жумушчу топ өзүнүн комментарийлерин жакынкы күндөрдө берет деген үмүттөбүз. Андан тышкары, биз дагы 9 негизги макулдашууну даярдап койдук. «Центерра», реструктуризациялоо шарттары жөнүндө Макулдашууда каралаан келишимдерди тезирээк түзүү кызыкчылыгы үчүн жумушчу топ менен жана анын кесипкөй кеӊешчилери менен энергиялык жана конструктивдүү аракеттешүүгө даяр.
Макулдашууларга кол коюлган соӊ, алар парламентке жана «Центерранын» акционерлерине көрсөтүлөт, ошондой эле, Канадага бекитүүгө жөнөтүлөт.
Мындан тышкары, макулдашуулар бардык акционерлерге карата калыстык маселеси боюнча көз карандысыз экспертизадан өтүшү керек. Бул татаал процесс, бирок «Центерра» рестурктуризациялоону бүткөрүү үчүн бардык күчүн жумшап жатат.
- Аткинсон мырза, реструктуризация акционерлер тарабынан колдоо тапканына жараша болот дедиӊиз. «Кыргызалтын» ААКтан тышкары, «Центерра Голд» компаниясынын акционерлерине кимдер кирет? Жана алар реструктуризациялоо шарттары жөнүндө Макулдашууда каралган бүтүмдү жактырышабы?
- Барыдан мурда, кайталап койгум келет: реструктуризация акционерлер тарабынан колдоо табат деп үмүттөнөбүз.
«Центерранын» акционерлеринин катарына дүйнөдөгү бир катар ири каржылык уюмдар кирет, алардын штаб-квартиралары Нью-Йоркто, Лондондо жана Европанын башка өлкөлөрүндө жайгашкан. Бул инвесторлор — жөнөкөй эмес уюмдар. Алар акчаны каякка салыш керек, тандай алышат. Алар миллиарддаган долларларды башкарышат.
Айтып өткөнүмдөй эле, биздин макулдашууга биздин эл аралык инвесторлор тарабынан колдоо талап кылынат. Мына ошондуктан, бул Макулдашуу акыйкаттуу жана алардын колдоосуна татыктуу экенин далилдөө өтө маанилүү.
- КР өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү кандай өӊүттө улантып жатасыздар?
- Башкы прокуратуранын иш аракеттеринин жыйынтыгында «Центерранын» өкүлдөрү түз сүйлөшүүлөр үчүн Бишкекке келе алышкан жок. Биз, тергөөнүн батыраак бүтүшүнө үмүт артып, Кумтөр менен байланышкан бардык маселелерди жана көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн Башкы прокуратура менен кызматташтык. Бирок, Башкы прокуратуранын тергөөсүнүн аягын күтпөй эле «Центерра» КР аймагынан тышкары жактан, мисалы, Стамбулдан жолугушууну сунуштады. Өзүбүздүн суроого азырынча жооп ала элекпиз. Биз, качан Башкы прокуратурадан тергөөнүн бүтүшү жөнүндө тастыктама алганда, албетте, жолугушууларды КРда кайрадан жандандырабыз деп үмүттөнөбүз.
Сүйлөшүүлөргө жеке катышуу үчүн Бишкекке келе албай жаткан убакыт ичинде биз иштерди телефон аркылуу, ошондой эле өзүбүздүн профессионалдык консультанттар аркылуу улантып жаттык. Биз бир катар маселелер боюнча маанилүү ийгиликтерге жеттик деп ойлойм – анын ичинде, реструктуризациялоо алкагында кол коюлушу керек болгон макулдашуулар тизмеги боюнча келишүү.
- Кумтөр алтын кенин иштетүү КРнын экономикасына өтө чоӊ мааниге ээ. Сүйлөшүүлөр процессин жана форматы көбүрөөк кыргыз тарапка пайдалуу болгон биргелешкен ишкананы түзүүнү кантип тездетсе болот?
- Биздин көз карашыбызда, реструктуризацияны тезирээк бүтүрүп, ал боюнча акыркы чечимдерди кабыл алуу үчүн КР өкмөтү ишке жогорку квалификациялуу жергиликтүү жана эл аралык консультанттарды тартышы зарыл. Бул, келечекте «Кумтөр» долбоорунун айланасында жаӊы талаш-тартыштардан качуу үчүн керек. Реструктуризация канчалык эрте аяктаса, КР биргелешкен ишкананын алкагында «Кумтөр» долбооруна түз катышуунун артыкчылыктарынан ошончолук пайдалана алат. Албетте, мунун башкы жана түздөн түз артыкчылыктары болуп, кенди иштетүүдөн түз акча агымдарында өзүнүн пропорцианалдуу үлүшүн алуу.
Андан тышкары, реструктуризациялоону аяктоо башка дагы чет өлкөлүк ири инвесторлор үчүн оӊ белги болот – бизнестин өнүгүшү үчүн Кыргызстандын ачыктуулугу жөнүндө күбөлөндүргөн белги. Бул болсо, өз кезегинде, КР өкмөтү кызыкдар болгон, республиканын экономикасына башка дагы инвесторлорду тартууга көмөктөшөт.

#59 sadat

sadat

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 86 сообщений

Отправлено 08 Сентябрь 2014 - 17:45

#60 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 604 сообщений

Отправлено 11 Сентябрь 2014 - 21:06

Centerra Gold Inc. мөңгүлөрдү бузуп «Кумтөрдү» иштеткиси келген үчүн макулдашууларды бузуп жатат, - депутат Ө.Текебаев

11 сентябрь 2014, 14:46

Баракелде - Биз Кумтөр боюча алдангандыгыбызды түшүндүк жана бүт дүйнө түшүндү. Бирок биз эч нерсе кайтарып ала албайбыз. Анткени соттойт деп коркобуз, - деди Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен») бүгүн, 11-сентябрда парламентин радиосунун түз уктуруусунда.
Ал Кумтөр корунда 1000 тонна алтын бар экенин жана ал Кыргызстандын эң чоң кени экендигин эскертти. «Мурда алтынга карата баа төмөн болчу, азыр 8-10 эсе жогору. Тилекке каршы, биз бул кенден пайда көрбөй жатабыз», - деди депутат.
Анын айтымында, баштапкы позицияларга кайтарып келтирүүнүн бир нече жолу бар, эң туура жолу улутташтыруу. «Centerra Gold Inc. бүгүн арзан болгон үчүн мөңгүлөрдү бузуу керек деп эсептеп өзүнүн макулдашуусун бузуп, биздин макулдугубузду сурап жатат. Бирок макулдашууда бул жок, ошон үчүн алар аны бузууну каалап жатышат», - деди Ө.Текебаев.
Ал билдиргендей, ишкана өндүрүштү токтотуу менен коркутууда жана өзүнүн тарапташтарын чыгууга түртүүдө. «Centerra Gold Inc. шантаж кылууда жана өзүнүн шарттарын коюп жатат. Ошондуктан стратегиялык мааниси бар ишкананын жетекчилери жана башка кызматкерлеринин өндүрүштү токтотуу же жолтоо болуу боюнча кылмыш жоопкерчилигин белгилөө үчүн «КР Кылмыш кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоор киргизилди», - деди эл өкүлү.

Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик