Перейти к содержимому


Кумтор

кумтор

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
Сообщений в теме: 62

#61 aigul

aigul

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 603 сообщений

Отправлено 28 Январь 2015 - 17:15

өр» долбоору боюнча Centerra Gold Inc. ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү улантууда

28 январь 2015, 11:31


Баракелде - КРнын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев, кечээ, 27-январда түзүмдөрдүн жана министрликтердин, «Кыргызалтын» ААКтын, ошондой эле Centerra Gold Inc. ишканасынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Мындан тышкары жыйынга КРнын эл аралык консультанттары, анын ичинде DLAPiper юридикалык ишканасынын, PricewaterhouseCoopers каржылык ишканасынын өкүлдөрү, экологиялык маселелер боюнча AMEC ишканасынын консультанты катышты.
Centerra Gold Inc. ишканасынын кызыкчылыгын ишкананын башкы юристи Франк Херберт менен юрист Юзеф Рехман коргоду. Жыйынга Sullivan&Cromwell ишканасынын юридикалык консультанты менен Cormarksecuritiesinc каржылык ишканасынын консултанты катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоону ишке ашыруу жөнүндөгү долбоор боюча каршы пикирлерди макулдашуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле келечектеги биргелешкен ишкананы корпоративдик башкаруу маселелери, экологиялык маселелерди чечүү ошондой эле келечектеги биргелешкен ишкананын каржылык-экономикалык негизи такталууда.
Сүйлөшүүлөр 29-январга чейин улантылат.

Булак : Баракелде



#62 poplar

poplar

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 96 сообщений

Отправлено 25 Февраль 2015 - 17:15

«Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөр: 52 млн долларга экологиялык камсыздандыруу фонду түзүлөт

24 февраль 2015, 16:17



Баракелде - Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү, Эл аралык иштер, Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында КР өкмөтүнүн Жогорку Кеңештин «Кумтөр» долбоорунун ишине байланышкан токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматы угулду.
Вице-премьер-министр Валерий Дилдин айтымында, Centerra Gold Inc. компаниясы менен «Кумтөр» долбоору боюнча сүйлөшүүлөр улантылып, бир катар олуттуу маселелер жаатында макулдашууга жетишилди. Ал эми экологиялык маселелер жагында айрым талаш-тартыштар аягына чейин чечиле элек. Бирок, 52 млн доллар көлөмүндө экологиялык камсыздандыруу фонду түзүлөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биргелешкен ишкана түзүп, аны Кыргызстанда каттоодон өткөрүү, Нидерландыда банк эсебин ачуу маселесинин башы ачылып калганы белгилүү болду. Анын Директорлор кеӊешинин курамы эки тараптан үчтөн кишиден же жалпы 6 мүчөдөн турат. Ошондой эле башкаруучу компанияны дайындоо маселеси чечилгени менен, азырынча анын иштөө мөнөтү талаш-тартыш жаратууда.
КР өкмөтүнүн өкүлү эки-үч күндүн аралыгында «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен «Кумтөр» долбоору боюнча жаӊы базалык келишимге кол коюу күтүлүпжатканын, ал дароо Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизиле турганын, «Кумтөр» долбоору боюнча баардык маселелерди ошондо биротоло чогуу талкуулоо сунушун билдирди.
Тема боюнча: Бишкекке Кумтөр долбоору боюнча эл аралык консультанттар келишти

#63 osen

osen

    Продвинутый пользователь

  • Пользователи
  • PipPipPip
  • 127 сообщений

Отправлено 14 Июнь 2015 - 19:37

«Кумтөр» маселеси боюнча тажрыйбасыздык апрель айында билинди, - К.Шакиров


Экономика
10:50, 13 Май 2015
Изображение

Баракелде - Centerra Gold Inc ишканасынын директорлор кеңешин шайлоонун жыйынтыктары акционерлер ишкананын саясатын колдой тургандыгын көрсөтүп турат. Бул тууралуу Tazabek басылмасына «Кыргызалтын» ААКтын жетекчисинин мурдагы орун басары Кылычбек Шакиров билдирди.
«Мен кыргыз тарап «Кумтөр» маселеси боюнча абдан туура иштеди деп эсептейм. Ката кетирген жок. Тажрыйбасыздык 2015-жылдын апрелинде көрүндү. Лорддордун келиши, «Кумтөр» долбоору боюнча чечим коллегиалдуу эмес, бир адам тарабынан (мурдагы өкмөт башчы Ж.Оторбаев) кабыл алынгандыгы ушунун баары тажрыйбасыздыктын себептери. Буга чейин кыргыз тарап «Кыргызалтын» ААК туура иштеген», - деди Шакиров.
Мурда, 8-майда Centerra Gold Inc ишканасынын акционерлери жылдык жыйынында директорлор кеңешин шайлагандыгы маалымдалган.
Директорлор кеңешин шайлагандар:
- Ян Аткинсон,
- Ричард Коннор,
- Рафаэль Жирар,
- Стивен Ланг,
- Майкл Пэрретт,
- Шерил Пресслер,
- Терри Роджерс,
- Брюс Уолтер,
- Эмиль Орозбаев,
- Калинур Садыров,
- Кылычбек Шакиров.
«Биз азыр добуш берүүнүн жыйынтыгын көрүп жатабыз. Алар Centerra Gold Inc ишканасынын акционерлери ишкананын директорлор кеңешинин саясатын колдой турушкандыгын көрсөтүп жатат. «Кыргызалтын» дагы сунушталган талапкерлерге каршы добуш беришти. Бул дагы туура эмес», - деди ал.
Шакиров азыркы учурда директорлор кеңешин алмаштыруу үчүн, Centerra Gold Inc ишканасынын акционерлеринин кезексиз жыйынын чакырууга негиз жок экендигин айтты.
«Эгер мындай жыйын өткөрүүгө каалоо болсо, аны 3 айдан кийин өткүрүүгө болот. Кезексиз жыйын үчүн кескин негиз болушу керек. Мындан тышкары бул абдан чоңң акча талап кылат. Кезексиз жыйын өткөрүүгө себеп көргөн жокмун», - деди ал.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик