Перейти к содержимому


Айыл эли инвесторлор менен иштешууго даяр

Солтон-Сары

  • Авторизуйтесь для ответа в теме
В теме одно сообщение

#1 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 28 Февраль 2013 - 20:10

Нарындыктар Солтон-Сары кенин кыргыз ишкери каалагандай абалда казып жаткандыгын билдиришти
28 февраль 2013, 09:47



Баракелде - Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагынын тургуну Дүйшөгул Аңкашов элдик жыйын маалында Солтон-Сарыны кыргыз ишкери каалагандай абалда казып, экологияны бузууда деп билдирген. Мындай маалыматты аймактык кабарчы Күмөндөр Усптегин билдирди.

«Биздин айыл өкмөткө кытайлык компания 2011-жылы 7 млн сом берген. Былтыр болсо алар келген жок. Биз билгенден ошол кытайлыктарга жалпысы 1 миң 500 гектар жер Солтон-Сарыдан алтын чайкоого берилген экен. Ал эми Солтон-Сарыдан дагы бир Тойгонбаев деген кишиге 800 гектар жер берилиптир. Ал болсо жерлерди каалагандай казып, таштарын сатып жатат. Же биз аларга мыйзамдуу түрдө жерлерди бергендей бололу, же Солтон-Сарыны таптакыр жабалы»,-деди Д.Аңкашов.

Мындай нааразычылыкка «Тойгонбаев 9 жыл мурда эле лицензия алып, болгону 100 миң сомду ушул жылдарда төлөптүр. Эми «Манас-Ресурс» деген компания келебиз деп жатышат. Биздин элдин 65%ы кимиси мыйзамдуу иштөө үчүн келсе эле, аларга макулдугун беришерин билдиришкен»,-деген жообун айтты аталган айыл өкмөт башчысы Турарбек Шоңкоев. Мындай жоопко жыйынга катышкан облустун ыйгарым укуктуу өкүлү канааттанган жок.

«Азыркы учурда өз милдетин билбеген айыл өкмөттөр бар. Маселен, эмне үчүн айыл өкмөт инвестор келбейт деп олтура бериши керек. Тескерисинче аларга барып, сүйлөшүп, эл менен макулдаштырып иштешибиз керек да»,-деген пикирин билдирди өкүл К.Муратбеков.

Ал эми Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы Тыныбек Аңкашов учурда компаниялар менен сүйлөшүүлөр башталгандыгын, атайын бир депутат ушул маселе боюнча Бишкекке аттангандыгын жана бардык документтер изилденип жаткандыгын билдирди.

#2 Kurmanbek

Kurmanbek

    Пользователь

  • Пользователи
  • PipPip
  • 14 сообщений

Отправлено 20 Июнь 2013 - 00:31

Cолтон-Сары кенинде иштоого Джонг-Джи майнинг компани кампаниясы 2033-жылга чейин лицензия алгандыгы жергиликтуу калкты тынчсыздандырып келет. Алар Кытай кампаниясы лицензияны кандай жол менен алгандыгын ачык билдирбесе жана элдин шарттарына конбосо, ишмердуулугун жургузууго тоскоол боло тургандыгын билдируудо.




Количество пользователей, читающих эту тему: 0

0 пользователей, 0 гостей, 0 анонимных

Счетчик